Чүй Оштун улакчыларын караандатпай утуп, чемпион болду. Сүрөттөр
Оюндун биринчи бөлүгүндө Ош облусунан келген улакчылар бир да улак сала алган жок. Чүй командасы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ири эсеп менен утуп алды.
Оюндун биринчи бөлүгүндө Ош облусунан келген улакчылар бир да улак сала алган жок. Чүй командасы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ири эсеп менен утуп алды.
Ирандын тышкы иштер министри 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында 4+1 тобунун ТИМ жетекчилеринин жыйыны өтөрүн билдирди.
Расмий Минск Беларус менен Евробиримдик ортосунда виза режимин жеңилдетүү боюнча макулдашуу даярдады. Тиешелүү чечимди мамлекет башчысы Александр Лукашенко кабыл алганын 20-сентябрда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Анатолий Глаз билдирди. Анын айтымында, бул чечимди кабыл алуу президент үчүн оңой болгон эмес. Учурда Минск Евробиримдиктин даярдыгын күтүп жатат. Эки тараптан тең макулдашуулар даяр болгон соң, аларды Беларустун Улуттук Кеңеши жана Европарламент ратификация кылышы керек. Виза... Читать дальше...
Ушул күндөрү Талас облусунда өтүп жаткан биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарында Чүйдүн командасы көкбөрү боюнча мелдеште биринчи орунду алды. Алар финалдык оюнда Ош облусунун улакчылары менен таймашып, 14:1 эсебинде жеңип алды. Бул мелдеште 3-орунду Талас облусунун командасы алды. Таластын командасы Бишкек шаарынын көкбөрүчүлөрү менен таймашып, 11:2 эсебинде жеңди. Көкбөрү боюнча оюндар 16-сентябрда башталган. Тогуз команда үч тайпага бөлүнүп ойноду. УКО. Көкбөрү. 3-орун. Талас - Бишкек 11:2 / Финал. Читать дальше...
Ооганстандын түштүгүндө жол боюнда болгон жардыруудан эки карапайым тургун мерт болгонун 21-сентябрда бийлик билдирди. Кандагар провинциясында жума күнү кечинде болгон кандуу окуядан дагы беш киши жарадар болгону кабарланды. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өз мойнуна албаганы менен “Талибан” кыймылы бул чөлкөмдө активдүү экенин маалым. Ошол эле күнү баш калаа Кабулда эки жардыруу болгонун полиция билдирди. Талибдер жоопкерчилик алган жардырууларда эч ким жабыркаган эмес. Ушул айдын... Читать дальше...
Райондун 1-май айыл аймагында коомдук бюджеттик талкуулар алгачкы ирет санариптик негизде өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл өкмөт башчысы Муктар Шербаев билдирди. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында буга чейин жер-жерлердеги мекеме, ишканаларда, мектептерде чакан талкуулар уюштурулду. Мындан сырткары онлайн конференциялар өтүп, социалдык тармактардагы атайын группалар аркылуу чет жакта иштеп жүргөн мигранттардын сунуш-пикирлери да эске алынууда. Айылдык "Кабарнаама" бюллетени чыгарылып... Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырды тажик тарап баштаганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги жаңы ачылган «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузгандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Чырды жергиликтүү эл эмес, Тажикстандын коопсуздугуна жооп берген органдар баштаган. Бул окуядан кийин мен барып жергиликтүү калк, биздин жарандар менен жолуктум. Биздин укук коргоо органдары менен жарандарыбыз окуя кандай болгонун айтып беришти», - деди Абылгазиев. Читать дальше...
Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи спортчу болду. Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, жеңишке жетти. “Азаттык” шаар туругундарынын бул мелдеш тууралуу микрофон сунуп, куттукттоолорун укту. .
Мамлекеттик сатып алуу боюнча мекеме аралык өз алдынча комиссия Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу боюнча тендерди утуп алган казакстандык «КонтактУглеПром» компаниясын жеңүүчү деп тааныды.
4,028 просмотров всего, 4,028 просмотров сегодня
Американын тышкы байланыштар боюнча кеңеши жума күнү билдирүү жарыялап, өлкө президенти Дональд Трампты өзөктүк келишимге кайтууга чакырды.
Талас облусунун улакчылары Бишкек шаарынын командасын ат чабым артта калтырып койду. Финалдык беттеш да бүгүнкүгө белгиленген. Анда Чүй менен Оштун командалары ат салышат.
Ушул күндөрү Талас облусунда өтүп жаткан биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдеште Талас облусунун командасы 3-орунду алды. Алар Бишкек шаарынын көкбөрүчүлөрү менен таймашып, 11:2 эсебинде жеңди. Учурда баш байге үчүн Чүй - Ош командалары ат салышууда. Көкбөрү боюнча оюндар 16-сентябрда башталган. Тогуз команда үч тайпага бөлүнүп ойноду. Бул күнү көкбөрү оюнунан сырткары ат чабыш, ордо жана тогуз коргоол боюнча да финалдык оюндар болот. Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталган. Читать дальше...
Кыргызстан Эгемендүү мамлекет катары таанылган 29 жылдан бери башкасын айтпаганда да, кошуна мамлекеттер менен чек арабызды тактай албай келүүдөбүз.
Жогору соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева «Азаттыкка» кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулганына байланышкан кылмыш иши боюнча комментарий берди. Ал Батукаев түрмөдөн бошогонун ал Кыргызстандан учуп кеткенден кийин гана билгенин кошумчалады. "Мен ал иш боюнча (ред: Азиз Батукаевдин) эч кимге эч нерсе деп айткан жокмун. «Андай кылгыла, мындай кылгыла» деген эмесмин. Мен төрайым (ред: Жогорку соттун) болгонум үчүн эле жоопкерчиликке тартылганым болбойт го дейм. Ал (ред... Читать дальше...
Шаардын борбордук аянтында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында атайын иш-чара уюштурулду. Анын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу темасында жөө жүрүшкө катышкан жаштар арасында чатыр тигүү боюнча мелдеш уюштурулду. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары өрт өчүрүү ыкмаларын үйрөтүп, жабырлануучуларды эвакуациялоо жана жабыркагандарга алгачкы жардам берүүнүн жолдорун көрсөтүштү. «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө» карата жарыяланган бир айлыктын алкагында... Читать дальше...
“Урматтуу ата-энелер! Мектептеги фонд жоюлду! Акча бербеңиздер, мыйзамда фондко акча төлөө жок! Ата-энелерден акча чогулткан мектеп директорлору кызматтан алынат”,-деген жетекчилердин билдирүүлөрү ар бир коомдук тармактарда кеңири таралган.