Тажик журналисттерин жүдөткөн кысым
Тажикстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын ассоциациясы жакында жыйырма жылдыгын белгиледи. Мааракеге арналган иш-чара Дүйшөмбү шаарында өттү.
Тажикстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын ассоциациясы жакында жыйырма жылдыгын белгиледи. Мааракеге арналган иш-чара Дүйшөмбү шаарында өттү.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал-лейтенант Кеңешбек Дүйшөбаев жакында президенттин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушууда коомдук-саясий абал талкууга алынып, өлкөнүн өнүгүү багыты жана 2010-жылдагы ыңкылаптын максаттарын ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу жүргөнүн айтты. Ошондой эле ал укук коргоо органдарын реформалоо, атайын кызматтын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу сыяктуу маселелер учурда күн тартибинде турганын билдирди. Мындан сырткары Кеңешбек Дүйшөбаев... Читать дальше...
Индонезияда 1-октябрда парламенттин жаңы курамы ант берип, ишке киришти. Өлкөдө ушул тушта Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талаш-тартыш менен нааразылыкка кабылды. Мурдагы чакырылыштын депутаттары дүйшөмбүдө бул документти карап, кийинкиге жылдырган. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса никеге чейин жыныстык катнашка барууга, бойдон алдырууга, ошондой эле президентти, мамлекеттик символдорду жана динди мазактоого тыюу салынмакчы. Буга каршы миңдеген адам, негизинен студенттер көчөгө чыгып... Читать дальше...
Өзбекстандын Сенаты Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевге «катуу эскертүү» берди. Мунун алдында Ганиев жыйын өткөрүп, кызматкерлеринен сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы өнөктүк баштоону, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккандан кийин Сенаттын этика боюнча комиссиясы Ганиевди чакырып алып, окуяны териштирген. Фергананын акими анда «аша чапканын» мойнуна алып, кечирим сураган. «Азаттыктын» өзбек кызматынын колуна тийген аудио жазууда Шухрат Ганиев жыйында... Читать дальше...
Москвада полиция кызматкери мас абалында Борбор Азиядан барган мигранттарды сабап, акча талап кылган. Казакстанда кордук көргөн кумса коомчулукка ачык кайрылды. Буга чейин Ташкентте кумса экенин ачык айткан жигитти өлтүрүп кетишкен.
Армениянын борбору Ереванда Евразия экономикалык комиссиясына мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин кезектеги жыйынында 17 маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ташып келүүдөн алынуучу бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдери жыйындын негизги темасы болду. Кыргызстан менен Казакстандын сунушу боюнча 2025-жылга чейинки интеграцияны жакшыртуунун стратегиялык багыттарын аныктаган документ иштелип чыкмай болду. Ички рыноктогу тоскоолдуктар тууралуу сөз болуп, жалпысынан 56 тоскоолдук бар экени... Читать дальше...
1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп Нурбек Молдокадыров шайланды. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 25и аны колдоп добуш берди. Молдокадыровдун атаандашы Стал Муканбетовду үч депутат колдоду. Калган үч эл өкүлү баарына каршы болушту. Молдокадыров буга чейин Ак-Талаа районунун акими болуп иштеген. Ага чейин Нарын шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматын аркалаган. Мурдагы мэр Эмилбек Алымкулов быйыл 6-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. (MiK)
«Азаттык» радиосунун операторуна кол салууну эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, активисттер, айрым саясатчылар айыптап, билдирүү таратышууда.
Кытай бүгүн, 1-октябрда коммунисттик башкаруудагы мамлекет болгонунун 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянтында негизинен аскердик техника, заманбап курал-жарак даңазаланган парад болду. Ага жалпысынан 100 миң адам катышты. Бул күнү кечинде 60 миң адам катышкан майрамдык иш-чаралар өтөт. Кытайда майрамга карата коопсуздук чаралары бир канча эсе күчөтүлдү. Тяньаньмэнь аянтында 70 жыл мурун Коммунисттик партиянын лидери Мао Цзэдун Кытай Эл Республикасы түзүлгөнүн жарыялаган. Читать дальше...
Ооган бийлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясында «Талибан» кыймылы менен полициянын атышуусунда кеминде 11 полиция кызматкери мерт болгонун кабарлады. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Мунир Ахмад Фархаддын билдиришинче, кол салуу 1-октябрда таңга маал башталган. Талибдер Шор-Топе районунун борборун төрт жерден аткылашкан. Бийлик бул районго кошумча күч жөнөттү. Талибдердин расмий өкүлү Забихулла Мужахид болсо «Шор-Тепеге козголоңчулар кол салган» деп билдирди. Балх провинциялык... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти тергеп бүттү. Иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иликтенип, материалдар 27-сентябрда Башкы прокуратурага жиберилди. Башкы көзөмөл органы чечимдердин мыйзамдуулугун карап, сотко жөнөтөт. Бул иште шек саналган 19 кишинин 14ү тергөө менен кызматташууга макул болуп, тийиштүү кагазга кол койгон. Бул иште аты аталган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК)... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин төрагасы, конгрессмен-демократ Адам Шиффти «мамлекеттик чыккынчылык» кылды деп айыптады жана аны камоону сунуш кылды. Шифф Конгрессте Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн мазмуну тууралуу баяндама жасаган. Конгрессмен бул сүйлөшүүгө байланыштуу атайын кызматка арыз түшкөнүн, ал териштирилип жатканын биринчи болуп жарыялаган. Трамп Шиффти «сөздөрүмдү атайылап бурмалады» деп күнөөлөп жатат. Читать дальше...
Социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында өкмөт ийгилик жараткан спортчуларга жеткиликтүү көңүл бурбай жатат деген нааразычылык көбөйүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы жемкорлук боюнча шектүү катары кармалганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, ал Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунан 7 гектардан ашык жерди турак жай куруш үчүн мыйзамсыз бөлүп берип, «жең ичинен көрсөткөн кызматы үчүн» 2 миллион сом алган. Аны УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кармап, камакка алганы 1-октябрда кабарланды.
Жаңыдан ондолуп бүткөн Кербен жана Казарман аэропорттору иштей элек.
Чүйдүн Сокулук районунун тургуну үч аялды кулчулукта кармап турганы жөнүндөгү маалыматты милиция териштирип жатат. Факт Жазык кодексинин 172-беренеси («Мыйзамсыз жол менен эркинен ажыратуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. 30-сентябрда Интернет булактарында чыккан маалыматтарда Сокулуктун тургуну үч аялды кулчулукта кармап, бирөөнү чынжырлап койгону айтылган. Милицияга арызды алардын биринин тууганы жазган. Чүй облустук ички... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандын жалпы коомчулугун «Азаттык» радиосун коргоп калууга чакырды. Депутат сөз эркиндигин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, «Азаттык» ар дайым чындыкты айтарын кошумчалады: - Кыргызстан жетишкен, өнүккөн өлкө болгусу келсе сөз эркиндигине көңүл бурушу зарыл. Сөз эркиндигин коргоп, өтө аяр мамиле кылышыбыз керек. «Азаттык» менен болгон окуя сөз эркиндигине доо кетирбеши зарыл. «Азаттык» Кыргызстандагы тарыхый, эң кыйын убактарда да чыркырап чындыкты айтып келген... Читать дальше...
Активист Урмат Жаныбаев күч түзүмдөрүнүн басымына кабылып жатканын айтып чыкты. Бүгүн 1-октябрда ал Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу маалымат таратып, чек арадагы окуяга байланыштуу митинг уюштурууга аракет жасаган башка да активисттерге карата куугунтук жүрүп жатканын билдирди. Активисттин айтымында, жарандык кийимчен милиция кызматкери анын үч жашар кызы тарбиялануучу бала бакчага барып сураштыруу жүргүзгөн, апасы жашаган үйгө да барып, ар кандай суроолорду берген жана мунун баары видеого тартылып калган. Читать дальше...
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты Кытайдагы уйгур активисти, камакта отурган Илхам Тохти жана Балкандагы “Жаштар демилгеси” укук коргоо уюмуна ыйгарды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) беш жыл мурда «Эл аралык «Манас» аэропорту» ачык акционердик коомунан оффшордук компаниялар аркылуу 5 миллион доллар чыгарылып кеткенин аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады. Анын айтымында, компаниянын жетекчилиги 2014-жылы аэропорттун аймагында жайгашкан, ошол кезде банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Финансы полициясы... Читать дальше...
Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытайдын көмөгү менен өнөр жай соода-логистикалык борбору курулат. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тууралуу 1-октябрда кабарлады. Бирок курулуш качан башталары так маалымдалган жок. Нарын облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жолугушуп, долбоорду талкуулады. Борборду куруу эки өлкөнүн мамлекет башчылары мурда кол койгон макулдашуунун алкагында ишке ашат. Өкмөт соода-логистикалык... Читать дальше...
Жарандык коомдун өкүлдөрү Таластагы Жерүй алтын кени 2015-жылы орусиялык инвесторго мамлекеттин үлүшү жок, арзанга берилип кеткен жагдайды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү өкмөттөн сурады.
Орусиянын аскердик адистерин салган эки учак Венесуэлага конгонун бул өлкөнүн президенти Николас Мадуро билдирди.
«Улут аралык кастыкты козутту» деп айыпталган окутуучу Темир Болотбек Жогорку соттон да акталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» сотко мониторинг жүргүзгөн укук коргоочу Рита Карасартова кабарлады: - Темир Болотбек биринчи жана экинчи инстанциядан акталганына карабастан прокуратура ошол чечимдерди буздуруш үчүн Жогорку сотко чейин барды. Бүгүн Жогорку соттун соттук коллегиясы аны актады. Абдан кубанычтабыз, себеби ал жазган сөздөр улут аралык кастыкты жаратпайт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрда Ереван шаарына (Армения) бүгүн, 1-октябрда өтө турчу Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн барды.