Москвадагы акцияга катышкандардын бири өлкөдөн чыгып кетти
«Москва иши» боюнча айыпталып жаткандардын бири, программист Айдар Губайдуллин Орусиядан кетти. Бул тууралуу адегенде адвокаты билдирип, кийин өзү «Фейсбукка» жазды. 25 жаштагы Губайдуллин мындай чечим кабыл алуу оңой болбогонун, бирок акыркы окуялар аны өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылганын жазып, Орусия сөзсүз эркин өлкө болот деп ишенерин айтты. Ал кайсы өлкөгө кеткени маалымдалган жок. Губайдуллин 27-июлда Москвадагы нааразылык акциясында полиция тарапка бош желим шише ыргыткандыгы үчүн айыпталууда. Читать дальше...