Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 24.10.2019

Орусиянын Африканы колго алуу далалаты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Африка менен соода алакасын көбөйтүүнү көздөйт. Орус мамлекет башчысы Сочиде өтүп жаткан саммитте бул ниетин баса белгиледи.

Казакстандан түтүк аркылуу бензин сордурган топ кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунда Казакстандын аймагынан түтүк менен мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордуруп жүргөн адамдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, Кең-Булуң айылынан аймагында үч чакырымдык түтүк аркылуу коңшу өлкөдөн бензинди алып өтүп жүргөн. Бул факт боюнча териштирүү башталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат. (BkA)

Атамбаевдин макамы боюнча соттук коллегия кеңешүү залына кирди

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттук коллегиясы бүгүн, 24-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын кароону улантып жатат. Атамбаевдин адвокаты Нурбек Токтакунов менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова сөз сүйлөдү. Андан кийин соттук коллегия чечим кабыл алыш үчүн кеңешүү залына кирип кетти. Ишти кароо 23-октябрда башталган.... Читать дальше...

Өкмөттүн ипотекасы башкаларга да жетти

Azattyk.org 

Алдыдагы бир ай ичинде Бишкек, Ош шаарынан башка аймактарда жашаган, бюджеттик мекемеден башка тармакта иштегендер да өкмөттүн арзан пайыздагы ипотекалык насыясын ала баштайт. Бул долбоор аркылуу Кыргызстандагы турак жайга муктаж 200 миң адам үйлүү болуп калышы ыктымал.

Жогорку Кеңеште Арстан Алайга чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин билдирүүлөрүнө чара көрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов Арстан Алайдын «Кудаймын» деген билдирүүсүнө Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия тезинен чара көрүшү керек экенин билдирди: - «Мен Кудаймын» деп чыгып, «Кудай жок» деп басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Ушуга Дин иштери боюнча агенттик тез аранын ичинде чара көрүшү керек. Эмне үчүн даваатка тыюу салынат да, ушуга окшогон кишилерге чара көрүлбөйт? Читать дальше...

Аэропортто машиненин багажынан өлүк табылды

Azattyk.org 

«Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, милицияга Сокулук районунун Комсомол айылынын тургуну кайрылып, бир тууган агасы 22-октябрда аэропортко кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирген. Бул кайрылуунун негизинде тиешелүү иштер жүргүзүлүп, кечээ кечке маал аэропортко жакын жерде токтоп турган автоунаанын багажынан изделген адамдын сөөгү табылган. 39 жаштагы маркумдун күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Читать дальше...

Краковецкий, Шеров баштаган дзюдочулар Абу-Дабидеги турнирге барат

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Мелдешке өлкө атынан алты спортчу катышат. Кыргызстандык дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Болот Токтогонов бир категорияда — 100 килограммдан өйдө салмакта күч сынашмакчы.

НАТО Украинага аскердик жардамды көбөйтүүгө чакырууда

Azattyk.org 

НАТО Украинага аскердик жардамды көбөйтүүгө чакырууда. Бул тууралуу Брюсселдеги басма сөз жыйынында аскердик-саясий биримдиктин баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Анын айтымында, Украинага колдоо көрсөтүү маселеси уюмга кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жакынкы эки күндөгү жолугушуусунда каралат. Ал ошондой эле кийинки жумада уюмдун эксперттери Киев жана Одесса шаарларына барып, украин армиясынын азыркы абалы менен таанышып келерин кошумчалады. Сирия менен Түркиянын чек арасын биргелешип... Читать дальше...



Трамп Түркияга каршы санкциялар алынганын билдирди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы операциясына байланыштуу Түркияга киргизилген санкциялар алынганын билдирди. Трамп бул чечимин Түркия аскердик операциясын токтоткондугу менен түшүндүрдү. Ал аймактагы ок атуу Кошмо Штаттардын аракеттеринин натыйжасында жайгарылганын баса белгиледи. Трамп Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечими туура болгонун дагы бир жолу кайталап, эми аталган аймак үчүн башка өлкөлөр жоопкерчилик алса болорун билдирди. Читать дальше...

Өзбекстандыктарга өлкөдөн 10 миң доллар алып чыгууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев кол койгон «Валюта базарын тартипке салуу тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Ага ылайык, жарандар өлкөдөн накталай түрдө 100 миллион сумга чейин (10,6 миң доллар) каражат алып чыга алышат. Мындан тышкары мыйзам өзбекстандыктарга чет өлкөлөрдө тоскоолдуксуз банк эсептерин ачууга, аларга акча которууга, ошондой эле баалуу кагаздар менен төлөм документтерине ээлик кылууга укук берет. Ошол эле маалда документ жарандарды Өзбекстандын аймагында бардык... Читать дальше...

Конституциялык палата «экс» маселесин кароону улантат

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайык келер-келбесин кароону 24-октябрда улантат. Бир күн мурдагы жараян кечке чейин уланып, аягына чыкпай калган.  Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев бул чечимди таануудан баш тартып, анын тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан. Читать дальше...

Орусия кримтөбөл «Тарону» Испанияга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Орусия Испанияга кримтөбөл, Таро деген каймана аты менен белгилүү Тариэл Онианини өткөрүп берди. Испанияда ага 2006-жылы эл аралык издөө жарыяланган.  66 жаштагы Ониани көркөм өнөр баалуулуктарын уурдаган жана опузалоо менен алектенген уюшма кылмыш тобун түзгөн деп айыпталып келатат. Ал постсоветтик аймакта таасирдүү кримтөбөл катары сыпатталат.  Москвада ишкерди уурдаган деген айып менен камалган Ониани 2019-жылдын 9-апрелинде Оренбургдагы түрмөдөн чыгып, ошол эле күнү Испаниянын өтүнүчү менен кармалган.

Укуктук жардам берген «Тилектештик автобусу» өнөктүгү башталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында тургундарга акысыз укуктук жардам берген «Тилектештик автобусу» өнөктүгү башталды. Ал 24-26-октябрь аралыгында болорун мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Юристтер жашоочуларга бардык маселелерде кеп-кеңештерди берип, көйгөйлөр талкууланат. - 24-октябрда Алтын-Бешик, Көлмө, Жеңиш, Бугу эне - Багыш, Ак-Ордо, Ак-Өргөдө, 25-октябрда Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Рухий-Мураста, 26-октябрда Ак-Тилек, Энесай, Бакай-Ата, Ак-Бата конуштарында өтөт, - деди Алмамбетова. «Тилектештик автобусу»... Читать дальше...

Израилде өкмөт түзүү Нетаньяхунун атаандашына тапшырылды

Azattyk.org 

Израилдин президенти Реувен Ривлин «Кахоль-Лаван» оппозициялык блогунун лидери Бенни Ганцка коалициялык өкмөттүн курамын түзүүнү тапшырды. «Jerusalem Post» басылмасынын маалыматына караганда, саясатчыга 28 күн мөөнөт берилди. Эгер коалиция түзүлбөсө, өлкөдө быйылкы жылдын эсебинен үчүнчү шайлоо өтөт. «Кахоль-Лаван» партиясы менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун «Ликуд» партиясынын ортосундагы сүйлөшүү 24-октябрга белгиленди. 21-октябрда Нетаньяху өкмөттү курай албай турганын айтып, бул ыйгарым укукту президентке өткөрүп берген. Читать дальше...

Бишкектеги эски аянтка Усубалиевдин ысымы ыйгарылат

Azattyk.org 

Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин аты берилет. Шаардык кеңеш 23-октябрда ушундай чечимге келип, токтом кабыл алганы расмий кабарланды. Токтом 2020-жылдын октябрь айында күчүнө кирет. Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин атын эски аянтка ыйгаруу боюнча токтомдун долбоору июлда коомдук талкууга коюлган.  Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *