Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 29.10.2019

Казакстанда 72 бөкөндү атып өлтүргөн браконьерлер изделүүдө

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусунун Нура районунда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын инспекторлору менен полиция кызматкерлери атып өлтүрүлгөн 72 бөкөндү табышты. Маалыматтарга караганда, браконьерлер алардын мүйүздөрүн араалап алып кетишкен. Учурда бөкөндөрдү өлтүргөн адамдарды аныктоо жана колго түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул максатта облустук ички иштер органдары толук курамда ишке тартылып, блокпосттор коюлган. Учурда шектүү автоунаалар текшерилип жатат. Быйыл январь айында Нура районунда... Читать дальше...

«Ислам мамлекети» тобунун лидери Багдадинин сөөгү сууга чөктүрүлдү

Azattyk.org 

Өткөн ишемби күнү Сирияда өлтүрүлгөн «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлдү. Бул тууралуу CNN телеканалы Пентагондун эки өкүлүнө шилтеме кылып билдирди. Аль-Багдади ишемби күнү Сирия менен Түркиянын чек арасындагы атайын операцияда өлтүрүлгөн. Жекшембиде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен NBC телеканалынын эфиринде сүйлөп, ИМ лидеринин сөөгү Усама бен Ладендики сыяктуу эле сууга чөктүрүлө турганын айткан. Читать дальше...

Мушкер Ибраимов бир турнирде төрт мушкерди жеңип, Toyota утуп алды. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

ММА турниринде Кыргызстандын 57 килограмм салмактагы алдыңкы мушкерлери олимпиадалык тартип менен күч сынашкан. Тагыраагы, 1/8 беттештен баштап финалга чейин жеткен мушкер жеңүүчү аталды.

Токтонасыров Конгантиевдин аты көчөгө коюлганына каршы акцияга чыгат

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Көк-Жар конушунда «Милициялар шаарчасындагы» көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты коюлганына каршы 29-октябрда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгат. Ал Конгантиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу боюнча Көк-Жар айылдык кеңешинин токтомун жокко чыгарууну, айыл өкмөттүн башчысы менен айылдык кеңештин төрагасынын кызматтан кетишин талап кылат. - Алар 2010-жылдагы революцияны, анда курман болгон баатырларды шылдыңдап жатышат. Читать дальше...

Болгария орус дипломатын тыңчылыкка айыптады

Azattyk.org 

Болгариянын атайын кызматы маалымат ташуу менен алектенген орусиялык дипломатты аныктады. Болгариянын прокуратурасынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, бул окуяга байланыштуу тыңчылык боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр 2018-жылдын сентябрь айында Орусиянын элчилигинин кызматкери Болгариянын борбору Софияда аталган өлкөгө тиешелүү жашыруун маалыматтарды жана Евросоюз менен НАТОдо «өтө жашыруун» деген белги коюлган маалыматтарды билген болгар жарандары менен жолуккан. Тергөөчүлөр... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *