Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 17.12.2019

Сариев шайлоо мыйзамы тууралуу: биздин да үнүбүздү уккула

Azattyk.org 

Мурдагы өкмөт башчы, «Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев парламент шайлоо мыйзамдары боюнча коомдук угуу өткөрүшү керек экенин айтты. Ага жарандык активисттер, парламентте болбогон партиянын өкүлдөрү катышышы керек экенин белгиледи. - Исхак Абасаматович (Жогорку Кеңештин депутаты), парламентте коомдук угуу кылгыла. Парламенттик эмес партиялар барып катышалы. Коомдук уюмдар, жаштар да катышсын. Биздин да үнүбүздү угуш керек, - деди Сариев. Бишкекте «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар»... Читать дальше...

Казакстан: митингде 55 киши кармалган

Azattyk.org 

Казакстандын Ички иштер министрлиги 16-декабрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында 55 киши кармалганын билдирди. Бул маалымат мекеменин сайтына чыкты. Министрлик акциянын катышуучулары “мыйзамсыз аракеттерди токтотуу талабын аткарбай койгондуктан башкалаада 32, Алматыда 23 киши полицияга жеткирилгенин, алардын административдик жоопкерчилиги каралып жатканын” маалымдады. 16-декабрда кошуна өлкөнүн эки шаарында 1986-жылкы Желтоксон окуяларынын жана 2011-жылкы Жаңы-Өзөн көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү акциялары өткөн. Читать дальше...

Батукаевдин иши боюнча сот 19-декабрга жылды

Azattyk.org 

Соттолуучу Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп, келбей калганына байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму 19-декабрга жылды. Бул иште шек саналып жаткан мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаев да өзүн начар сезип жатканын билдирди. Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Читать дальше...

Тажикстанда төрт милиционер түрмөдөгү кыйноо үчүн соттолду

Azattyk.org 

Душанбе соту кыйноого айыпталган төрт милиция кызматкерин 7 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратты. Душанбе шаарынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Фарход Нурхонов 17 жылга, анын кол астында иштегендер 9 жана 7 жылга кесилишти. Аларга "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "Кыйноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. “Азаттыктын” Өзбек кызматы милициянын кыйноосуна кабылган адамдар тууралуу макала жарыялагандан кийин тергөө иштери башталган. Тартип коргоочулар кармалгандарды кыйнагандарын четке кагып келишти. Читать дальше...

Текебаев: жаштар азыркы шайлоо системасына нааразы

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-декабрда Бишкекте өтүп жаткан форумда азыркы шайлоо системасына жаштар, коомчулук ишенбей калганын билдирди. Текебаев «азыр жаштар шайлоо системасын өзгөртүп, жөнөкөй жарандар депутат болууга шарт түзүүнү каалайт» деди. Ал ошондой эле саясий партия түзүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылып, «айрым учурда оппозициялык партиялардын мүчөлөрү жетпейт экен деген шылтоо менен тоскоолдук болот» деди саясатчы. Андан тышкары партиялардын шайлоого блок түзүп барууга уруксат берүү керектигин да белгиледи. Читать дальше...

Саясий партиялар шайлоо мыйзамдарын талкуулап жатышат

Azattyk.org 

Бишкекте 17-декабрда өтүп жаткан партиялардын форумунда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү чегин 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын, коомчулук бардык партияларга ыңгайлуу, атаандаштыкты түзгөн мыйзам кабыл алуусуна жардам бериши керек экенин айтты. Жыйынга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров, «Ак Шумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, Конституциялык... Читать дальше...

Сооронкулова: Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусу өзгөртүлгөн

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова комиссиянын корутундусунун айрым жерлери өзгөртүлгөнүн билдирди. Анын «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырмачылык бар. - Айрым нерселерди кошуп, бир топ жерин өзгөртүп жиберишкен. Бирок азыр мен аны далилдей албайм. Анткени корутундунун кол койгон бир вариантын бизге берген эмес, көчүрмөсүн да чыгартпай койгон. Читать дальше...



Мушарраф өлүм жазасына өкүм кылынды

Azattyk.org 

Пакистандын соту мурдагы президент Первез Мушаррафты чыккынчылык үчүн айыптап, өлүм жазасына өкүм кылды. Сот өлкөнүн мурдагы аскердик жетекчиси 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу менен мыйзам бузган деп тапты. Бир нече жылга созулган процесстин өкүмү шейшембиде жарыяланды. Пакистанды 1999-жылдан 2008-жылга чейин башкарган Мушарраф азыр Дубайда бозгунда жашайт. Мындан 20 жыл мурда генерал ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифти бийликтен кулаткан. Кутум кан төгүүсүз ишке ашырылган. 2007-жылдын ноябрында Баш мыйзамды токтотуп... Читать дальше...

Дүйнөдө быйыл 49 журналист кесибине байланыштуу каза тапты

Azattyk.org 

“Чек арасыз кабарчылар” уюму үстүбүздөгү жылы дүйнө жүзүндө 49 журналист кесибине байланыштуу каза тапканын, 389у камалганын, 57си барымтага алынганын билдирди. Парижде жайгашкан уюм жылдык баяндамасында өлгөн журналисттердин саны акыркы 16 жылдагы эң төмөн чекте экенин белгиледи. Буга чейин бир жылда орто эсеп менен 80 журналисттин өлүмү катталган. Уюмдун эсебинде, согуш аймактарында курман болгон кабарчылардын жана медианын башка кызматкерлеринин саны азайган. Быйыл Сирияда 10, Ооганстанда ... Читать дальше...

Аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

18-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6; Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6; Ошто, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9... Читать дальше...

Ала-Бука: чек арадагы жер талаш

Azattyk.org 

Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургундары Өзбекстан талаштуу жерди пайдаланып жатат деп нааразы болушууда. Өзбекстандын Наманган облусу менен чектеш аймакта 19 миң гектардан ашык аянт азыр талаштуу болуп турат.

БУУнун өкүлү: Омбудсмен институту көз карандысыз болушу керек

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун азчылыктар боюнча атайын адиси Фернан де Фарен Кыргызстанда Омбудсмен институту көз карандысыз болушу керек экенин айтты: - Дүйнөдө Акыйкатчы институттарынын түйүнү жана өзүнүн рейтинги бар. Алар омбудсмендердин ишине баа бергенде эки категорияга бөлөт. Алар «А» жана «B» категориялары. Эгер Омбудсмен институтунун иши «B» категориясында турса, анда анын ресурстары чектелгендигин жана ал көз каранды экендигин билдирет, - деди Фернан де Фарен. Анын маалыматы боюнча, учурда... Читать дальше...

ЖК комитети Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлигин жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлигин жактырды. Жабык өткөн жыйында анын талапкерлигине 12 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди. Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан. Мамлекет башчынын администрациясы бул маселеде үн ката элек. Азимбек Бекназаров буга чейин баш прокурор... Читать дальше...

Мусави: Санкциянын өзү - согуш

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министринин расмий өкүлү АКШнын каржы министринин билдирүүсүнө жооп кайтарып, “Санкциянын өзү - согуш, экономикалык согуш жана андан дагы жаманы экономикалык террорчулук  - карапайым адамдарга, айрыкча балдарга, карыларга жана ооругандарга багытталып жатат”, - деп билдирди.

Бекназаровдун элчиликке талапкерлиги жабык каралып жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлиги жабык каралып жатат. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргендей, ага чейинки маселелерди кароо ачык болгон. Учурда жыйындан журналисттер чыгарылды. Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан. Ал 7-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп... Читать дальше...

ТИМдин талашка түшкөн билдирүүсү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги журналисттерге карата соттук доолорго тынчсызданган ЕККУ жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Өзил Шинжаңдагы мусулмандарды коргоду

Azattyk.org 

Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) "Арсенал" жана "Манчестер Сити" футбол клубдарынын беттешин футболчу Месут Өзилдин сөзүнөн улам көрсөтпөй койду. "Арсеналдын" оюнчусу Өзил кытай бийлиги Шинжаң уйгур автоном районундагы уйгурларга басым жасап жатканын "Твиттерге" жазып, Бээжинди айыптаган.

Депутаттар АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн сындап чыгышты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов жана аталган комитеттин мүчөлөрү Үмбөталы Кыдыралиев, Бектен Сыдыгалиев АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин акыркы билдирүүсүн сынга алышты. Депутаттар Эл аралык иштер боюнча комитеттин 17-декабрдагы жыйынында Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги корголуп жатканын айтып, АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашты. Кыргызстандын... Читать дальше...

Путин “чет өлкөлүк агент” макамындагы ММКларга айып пул салуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Ca-irnews.com (kg) 

Орусия президенти Владимир Путин “чет өлкөлүк агент” катары катталган ММКлар жана жеке жактар ишмердүүлүк жүргүзүү эрежесин бузган учурда ири айып салуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Жалал-Абадда жаңы газ кени ачылды

Azattyk.org 

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Кыргызмунайгаз” ишканасы Майлуу-Суу 4 кен аймагынан жаңы газ корун ачты. Аталган мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, сентябрь айынан тартып 2040 метр тереңдикте бургулоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда бул аймактан суткасына 7 миң метр куб газ чыгып жатат.  Бургулоо жумуштары толук аяктаганда газдын көлөмү көбөйөт -  деп айтылат маалыматта. Кыргызстанда 1970-жылдардан бери табийгый газды өндүрүү, бургулоо жумуштары аткарылган эмес.  Аталган... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *