Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 17.12.2019

АКШ элчилиги орноткон аба монитору «Кыргызстандарттан» расмий катталды

Azattyk.org 

Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метеорология боюнча борбору (Кыргызстандарт) АКШ элчилигинде орнотулган абанын сапатын текшерүүчү мониторду (AQM) расмий каттады. Эми бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде «Кыргызгидромет» борбору менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги АКШ элчилигинин аба мониторуна расмий түрдө шилтеме берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Элчилик АКШнын Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан жактырылган AQM мониторду... Читать дальше...

80 жыл мурда СССР эгемен фин өлкөсүнө кол салган

Azattyk.org 

Советтик тарых китептеринде 1939-жылы 30-ноябрда Кызыл армиянын жоокерлери Финляндияга басып киргени бурмаланып жазылып келген. Бул согуш –– Экинчи дүйнөлүк согуштун орчун барактарынан болуп калган. Тарыхчынын блогу.

Зеленский децентрализация жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун сунуштады

Azattyk.org 

Украина президенти Владимир Зеленский бийликти борбордон оолактатуу (децентрализация), анын ичинде өлкөнү административдик-аймактык жактан кайра бөлүштүрүү жөнүндө мыйзамды парламенттин кароосуна сунуштады. Зеленский үч деңгээлден – жамаат, округ жана облустан турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын түзүүнү демилгелөөдө. Долбоордо Крым өзүнчө автоном республика катары аталган. Өз алдынча республика катары жарыялап алган Донбасстын макамы тууралуу сөз жок. Мындан тышкары Украинада префект жаңы кызматы пайда болот. Читать дальше...

Ачык өкмөт өнөктөштүгүнө арналган форум болот

Azattyk.org 

Өкмөт үйүндө 17-декабрда Ачык өкмөт өнөктөштүгү долбооруна арналган форум өтөт. Бул ушул долбоордун алкагындагы жетинчи жыйын экени расмий кабарланды. 2020-жылга чейин ишке ашыруу пландалган Ачык өкмөт долбооруна ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы онлайн болушу кажет. Эл аралык уюмдардын колдоосунда ишке ашырылчу бул долбоор 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү катары айтылып келатат.  BBC радиосунун маалыматына караганда, 2011-жылы Бразилия, Индонезия, Мексика... Читать дальше...

Парламент комитетинде Бекназаровдун элчиликке талапкерлиги каралат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде 17-декабрда Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан. Бекназаров баштаган Элдик курултай кыймылынын мүчөлөрү акыркы жылдары бийликти конституциялык реформага жасоого чакырып... Читать дальше...

Бишкекте климатка арналган улуттук форум өтөт

Azattyk.org 

Парламенттин Жашыл экономика боюнча коомдук кеңеши Бишкекте климатка арналган улуттук форум уюштурууда. 17-декабрда "Орион" мейманканасында болчу жыйында Кыргызстандын экологиялык өнүгүүдөгү оош-кыйыш маселелерди талкууланат. Уюштуруучулардын айтымында, эксперттер климатты коргоо жаатындагы башка мамлекеттердин мисалдарын, тажрыбайларын ортого салышат. Форумга бийлик өкүлдөрүнөн тышкары эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын адистери чакырылган. Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери «Жашыл экономикага» өтүү боюнча максат коюп келет. Читать дальше...

Жээнбеков кыргыз-сауд өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-сауд өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 16-декабрда Сауд Арабиядагы расмий сапардын алкагында падыша Салман бин Абделазиз Ал Сауд менен жолугушкан учурда айтты. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташуу кеңейтилген жана чакан курамдагы сүйлөшүү форматында өттү. Жээнбеков Сауд Арабиясы менен кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Андан тышкары... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *