Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 20.01.2020

Аба ырайы: 21-январда күн ачык болот

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалымдашынча, 21-январда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -23…-28, күндүз -14…-19; Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Иран өзөктүк келишимди сактап жатканын билдирди

Azattyk.org 

Иран айрым милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканы менен 2015-жылкы эл аралык өзөктүк келишимди сактап жатат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Аббас Мусави билдирди. 20-январда Тегеранда өткөн басма сөз жыйынында Мусави «"Иран келишимди бузуп жатат" деген Европа өлкөлөрүнүн дооматтары негизсиз», - деди. Жакында Ислам Республикасы макулдашуудагы шарттарды аткарууга өзүн милдеттүү эмес деп эсептей турганын билдирген. Тегеран жана алты мамлекет кол койгон келишимден АКШ 2018-жылы чыгып кетип... Читать дальше...

Матраимовдордун арызы боюнча сот 29-январга жылдырылды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш 29-январга жылдырылды.  Буга Матраимовдордун жактоочуларынын сотко келтирген өтүнүчү негиз болду. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен анын аялы Минавар Жумаеванын, «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фондунун жактоочусу ишти тынчтык жолу менен чечип алуу тууралуу Матраимовдор менен кеңешкенин маалымдады. Читать дальше...

Ооганстанда бир үй-бүлөдөн алты киши окко учту

Azattyk.org 

Ооганстандын алыскы аймагында талибдердин колунан бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү расмий адамдар кабарлашты. «Талибан» 18-январдагы кол салууга тиешеси жок экенин, чабуулга жеке талаш алып келгенин билдирүүдө. Бирок жекшемби күнү Фарияб чөлкөмүнүн губернаторунун кеңсеси тараткан расмий маалыматка ылайык, ал үй-бүлөнү талибдер «адеп-ахлакка сыйбаган аракеттери үчүн» деп атып кеткен. Өлгөндөрдүн арасында бир ымыркай бар. Анын энеси жана эгиз түгөйү аман калды, бирок экөө тең оор жарадар болду. Читать дальше...

Кыргызстан БУУда адам укуктары боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевада өтүп жаткан адам укуктары боюнча сессиясында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана башка делегация өкүлдөрү сүйлөштү. Ниязалиев өлкөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, жергиликтүү жана жогорку кеңеште аял депутаттарга орун берилгенин, ишкерлерди колдоо боюнча атайын омбудсмен иштеп жатканын белгиледи. Кыргызстандык делегациянын дагы бир мүчөсү, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары... Читать дальше...

Иран учактын «кара кутуларын» Украинага берүүнү чече элек

Azattyk.org 

Иран 8-январда атып түшүргөн учактын регистраторун Украинага өткөрүп берүү тууралуу чечиминен баш тартты. Ирандын Жарандык авиация уюмунун авиакырсыктарды иликтөө комиссиясынын жетекчиси Хасан Резаифар 19-январда «украиналык «Боингдин» «кара кутусу» Ирандын колунда, аларды Украинага жөнөтүү планыбыз жок», - деп билдиргенин ИРНА маалымат агенттиги жазды. Кырсыкта өз жарандарын жоготкон өлкөлөр Ирандан иликтөөнү ачык өткөрүүнү талап кылышууда. Канада Тегеранды учуш тууралуу маалымат камтылган жабдыкты... Читать дальше...



Матраимовдордун үч медиага каршы соту башталды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму башталды. Ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.  19-декабрдагы баштапкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынган. Мындан тышкары сот Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемалары боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө... Читать дальше...

Жалал-Абад: баласын мектепке бербеген ата

Azattyk.org 

​Жалал-Абадда «йакын инкарчы» деп эсептелген үй-бүлө 10 жаштагы баласын окутуудан баш тартып жатат. Шаар бийлиги менен казыят баланы мектепке тартууга аракет кылууга чакырууда. Баланын атасы дааватка чыгып кеткен.

950: «Кутадгу билиг» эмгеги жоктон жаралбаган

Azattyk.org 

Карахандар каганатындагы залкар ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» («Кут билим» же «Куттуу бийлик») чыгармасынын жазылып бүткөндүгүнүн 950 жылдык мааракесине арналган тарыхчынын блогу.

Жалал-Абадда жол эрежесин бузган судья инспекторго каршы сотко кайрылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова  жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү тарабынан өзүнө карата түзүлгөн протоколду жокко чыгарууну суранып Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылды. Облустук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» берген маалыматында «Сулайманованын сотко кайрылуусу - анын жарандык укугу» деп билдирди.  Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда  30-декабрдын түнүндө мас абалында бара жатып жол кырсыгына... Читать дальше...

Алайдагы памирлик кыргыздар сабатын ачып жатышат

Azattyk.org 

Алай районунун Сары-Могол айлына Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар үч класска бөлүнүп, окуп жатышат. 7-17 жаш, 17-45 жаш курагындагылар жана аялдар үчүн өзүнчө класс ачылган. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, алар үчүн атайын эки мугалим бөлүнгөн. Окуу мектептин эски имаратында жүрүп жатат. - Мындан тышкары Алайдын акими үч, губернатор жети телевизор тартуулаган. Ар бир үйгө нан бышыруучу меш орнотуп бердик. Бирөө компьютерде иштешти билет экен. Жазга чыгып аларды компьютер жана Интернет менен камсыз кылып... Читать дальше...

Журналист Бейшенбеков Аскер прокуратурасына дагы суракка чакырылды

Azattyk.org 

chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 20-январга күбө катары дагы суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ал өзү билдирди. Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Анын сөзүнө караганда, сурак анын журналисттик ишине байланыштуу болуп жатат. - Бир аткаминердин артынан 2014-жылдан бери сөз ээрчип келатат. Мени ошонун негизинде суракка чакырып жатат. Бул жерде мамлекеттик чоң сыр же зыян келтирилген иш болсо да мейли эле. Читать дальше...

Өзбекстандан ооруп калган АКШ аскерлери

Azattyk.org 

АКШнын Өзбекстандагы мурунку аскер базасында болгон аскерлердин арасында өсмө оорусуна чалдыккандар бар. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин сот иши. Кытайда балалуу болуудан баш тартууга эмне себеп?

Агартуучунун азаптуу тагдыры

Azattyk.org 

Мааданбек Барашов эртелеп кат таанып, совет бийлигинин убагында Ташкендеги мугалимдердин алты айлык курсун бүтүп, бир топ жыл айылында мугалимдик кылып, кийин саясий иштерге аралашкан.

Салянованын инисинин өлүмү боюнча сот 5-февралга жылдырылды

Azattyk.org 

Буга айыпталуучулардын бири адвокатына ишенбестик билдиргени негиз болду. Эрмек Осмонкулов ушул себеп менен башка адвокат жалдоону көздөп жатканын сотко билдирди. Жабырлануучу тараптын адвокаты Рабига Сыдыкова муну айыпталуучунун ишти создуктуруу аракети катары баалады. Анын айтымында, мурунку отурум да Эрмек Осмонкулов ооруп калганына байланыштуу жылдырылган.  42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип атып кетишкен. ​ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Читать дальше...

Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан эки адам мүрт кетти

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, дагы жети адам түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.  Маалыматка ылайык, кырсык жолдун Кең-Булуң аймагында болгон. «Volkswagen Vento» каршылаш тилкеге чыга калып, анда келе жаткан «Toyota Avensis» менен кагышкан.  Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр автокырсыктардан баш-аягы 529 киши каза болгон. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 9,2% көп. 2018-жылы автокырсыктан 484 адам өлгөн. (ZKo)

Бишкекте мыкты дзюдочулар күч сынашат

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Мелдеште өлкө аймагынан чогулган ондогон мыкты эркек жана аял спортчулар ат салышат. Алар 29-январда "Спартак" стадионунда таразага түшөт.

Кыргызстан, Казакстан, Кытай чектешкен аймакта жер силкинди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Сейсмология институту расмий сайтына 19-январда Кытайда очогунда 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын жазды. Ал эми Кыргызстандын Нарын, Ат-Башы райондорунда, Алай районунун Нура айылында жет титирөөнүн күчү 2,5 - 3 баллга сезилген.  Казакстандын Tengrinews.kz сайты Сейсмология станциясына таянып, 19-январда саат 19:27 чамаларында жер титирегенин кабарлады. Силкинүүнүн очогу Алматы шаарынын түштүгүндөгү Кытай менен чектешкен аймакта болгону билдирди. Алматы шаарында жер титирөөнүн күчү 3-4 баллга жетти. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *