Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 20.01.2020

Кыргызстан БУУ жыйынында адам укугу боюнча маалымат берет

Azattyk.org 

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдиргендей, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевада өтүүчү адам укуктары боюнча сессиясына Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жетектеп кетти. Ниязалиев 20-январда өлкөдөгү адам укуктары боюнча жасалган иштер боюнча маалымат берет.   Исмаилованын айтымында, жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандын расмий баяндамасына бир катар сунуштарын беришкен. - «Эмне жасалды?»... Читать дальше...

Тыныбекова Кыргызстанда жогорку стипендия алган спортчуларга кирет

Azattyk.org 

2019-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетинен спортчуларга стипендия төлөп бериш үчүн 36 млн. 220 миң сом бөлүнгөн. Алардын ичинен спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдолимпиадалык түрлөрү боюнча 30 млн. 455 миң сом, олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 млн. 525 миң сом, ал эми спорттун улуттук түрлөрү боюнча 1 млн. 240 миң сом өлчөмүндө спортчуларга стипендия берилген.  2019-жылдын август айынан декабрь айына чейин 75 миң сом өлчөмүндөгү I категориядагы... Читать дальше...

Ливанда нааразылык акциясына чыккандар жабыркады

Azattyk.org 

Бейрут шаарында полиция парламент алдына чыккан жүздөгөн демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу чачып, резина ок атты. АР агентиги кеминде 114 киши жаракат алганын кабарлады. «Кызыл чырым» жана Ливандын Жарандык коргоо мекемеси жаракат алган 47 киши медициналык жардам алууга ооруканага жөнөтүлгөнүн билдирди. Окуяны чагылдырган кабарчылар жабыркагандардын көпчүлүгү ок бетине жана төшүнө тийгендер экенин кабарлашууда. Демонстранттар полицияга таш жана башка буюмдарды ыргытышкан. Бир... Читать дальше...

Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча сот уланат

Azattyk.org 

20-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму өтөт. Анда иштин мазмуну боюнча соттук жараян башталат. 19-декабрдагы баштапкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган. Алгачкы соттук отурумда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемалары... Читать дальше...

Өзбекстанда жаңы авиакомпания түптөлөт

Azattyk.org 

Өзбекстанда жаңы түптөлө турган авиакомпания «Humo Air» деп аталмакчы. Бул тууралуу 18-январда Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын жыйынында өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди. Анын айтымында, жаңы түптөлө турган авиакомпания өлкөнүн ички каттамдарын арзан баада жүргүзүүгө багытталган. Бул долбоорду ал өзү сунуш кылган. Бул компания быйыл жыл аягына чейин ишин баштаары айтылууда. Мындан сырткары Өзбекстан 19-20-февралда дүйнөлүк деңгээлдеги авиациялык форум өткөрүүгө камынууда. Читать дальше...

Берлинде Ливияга курал жеткирүүнү токтотуу боюнча макулдашуу кабыл алынды

Azattyk.org 

Ливиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Берлин саммитинин катышуучулары аталган түндүк африкалык өлкөгө курал жеткирүүгө тыюу салууну макулдашты. Германиянын канцлери Ангела Меркел 19-январда Берлинде өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, маселени тынч жол менен чечүүдө «олуттуу жылыш» болгонун билдирди. Саммиттин катышуучулары Ливияга аскердик жактан көмөк көрсөтүүнү токтотууга макулдашты. Документке 16 өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрү кол койду. Алар узакка созулуп кеткен жаңжал... Читать дальше...

«Инфоком» виртуалдык паспорт чыгарарын жарыялады

Azattyk.org 

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Санарип ID» деп аталган виртуалдык паспорттун долбоору даярдалып жатканын билдирди. Ага ылайык, виртуалдык паспорт смартфон системасында иштейт. Смартфондогу паспорт менен бейтапканаларга, мектептерге онлайн кезекке жазылуу, интернет-банкингди колдонуу, мамлекеттик кызматтарды тейлөөнүн электрондук түрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.  «Инфокомдун» адистери смартфондогу виртуалдык паспортто маалымат коопсуздугу жогорку деңгээлде корголоруна ишендирүүгө аракет кылышууда. Читать дальше...

Йеменде аба соккусунан 70 аскер курман болду

Azattyk.org 

Ишембиде хусит тобунун ракетасы деген соккудан өкмөттүк 70 аскер мерт болду. Сокку Мариб провинциясындагы аскердик лагерге урулган. Ракета намаз маалында мечитке түшкөн. Курман болгондордун саны 70тен да көп болушу мүмкүн экени кабарланды. Эл аралык коомчулук тааныган Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хади бул соккуну «коркоктук жана террордук» деп атап, сокку урган хусит - шииттердин радикал тобунун аркасында Иран турганын белгиледи. 2015-жылдын март айында Сауд Арабиясы жана башка суннит... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *