Орусия коронавирус аныкталган чет элдиктерди депортациялашы мүмкүн
Орусия коронавирустун белгилери аныкталган чет элдиктерди депортациялоону көздөп жатат. Премьер-министр Михаил Мишустин бул тууралуу 3-февралда өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди. - Эми жаңы вирус өзгөчө коркунучтуу оорулардын тизмесине кирди. Бул илдетти жугузуп алган чет өлкөлүктөрдү депортациялоого мүмкүнчүлүк берет. Биз алды менен өз жарандарыбыздын коопсуздугу жана саламаттыгы тууралуу ойлонушубуз керек, - деди Мишустин. Ал ошондой эле Сочиде ушул айда өтө турган инвестициялык форум вирустан улам жылдырылганын билдирди. Читать дальше...