Кытайда коронавирус очогуна жакын жерде куш тумоосу катталды
Кытайдын айыл-чарба министрлиги Пекин коронавирус менен күрөшүп жаткан чакта, өлкөнүн башка бир шаарында куш тумоосу катталганын маалымдады.
Кытайдын айыл-чарба министрлиги Пекин коронавирус менен күрөшүп жаткан чакта, өлкөнүн башка бир шаарында куш тумоосу катталганын маалымдады.
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу жок кылууга жиберилген өрдөк этин сатып жибергени белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы аныктагандай, былтыр 23-май күнү Биринчи май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу сот аткаруучу С.Н.Ага жүктөлгөн. Бирок Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал кызматкер этти жок кылбай эле... Читать дальше...
Кытай бийлиги Шинжаң-уйгур автоном районундагы лагерлерде кармалгандардын бир бөлүгүн фабрикада иштөөгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Эркин Азия» радиосу Кытайдагы атын атагысы келбеген расмий өкүлдөргө таянып жазып чыкты.
«Агым», 28.01.08 — 10-бет: Ажы сапар…• 0128.htm Ажы сапар Тууганбай Абдиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти: «Мухаммед пайгамбар 1,5 миң жыл мурда туризмди чечиптир» — Тууганбай аба, ажылыгыңыз кабыл болсун! — «Адамдын оозунда болсо, кудайдын кулагында» дегендей, тилегим кабыл болуп жетимиштен өткөндө Меккеге барып келдим. Менин таңгалганым, биз го самолет менен жыргап учуп барып келдик, […]
«Агым», 25.01.08 — 9-бет: Суусу кєп сєздџн буусу…• 0125.htm … атасы өлбөсүн Суусу көп сөздүн буусу «Жаңы Ордо» гезитинин 18-январдагы санында УТРК тележурналисти Бейшенбек Бекешовдун «КТРди Эшимкановдоштуруунун жүзү» аттуу макаласы жарык көрдү. Макаланын аты айтып тургандай, анда учурда УТРКда жасалып жаткан реформаны бир беткей сынга алып, автор өзүн ак жерден кордук көрүп, кызматтан да, машинесинен […]
3-февралга оогон түнү саат 3:30 чамасында Ош-Мырза-Аке жолунда «Lexus» автоунаасы жол боюндагы зым карагайды сүзүп, өрттөнүп кеткен. Натыйжада андагы жети кишинин баары мүрт кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттөнгөн машинени дээрлик бир сааттан кийин гана өчүрүүгө мүмкүн болгон. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. (ZKo)
Хабибулла Абдукадыр - Кытайдан чыккан ишкер. Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азияда жүз миллиондогон долларлык көмүскө карго империясын түзгөн. Кыргызстандан бир нече жылда чыгарылган күмөндүү каражаттын ичинде чет өлкөдө мүлк алууга да которулган акча бар. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ырастады.
31-январда Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди.
Чет өлкөлөрдөгү мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы азайды. Улуттук банк 2019-жылы бул көрсөткүч кеминде 11% азайганын билдирди.
Жакында эле интернет айдыңын калың көрүүчүлөрдү каратып коюп, муз үстүндө бири-бири менен жапырт мушташкан хоккейчилердин видеосу аралады. Эки оюнчунун чатагы чагылгандай тездик менен тарап, массалык урушка айланган.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы 2020-жылдын 1-январынан баштап 40% жогорулады. Бул тууралуу маалымат ИИМден алынды. Ага ылайык, буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сом болсо, эми ал 19 миң сомду түзөт. Ошондой эле убактылуу батирде турган кызматкерлерге акча төлөнөт. Эгерде Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, аймактарда 7 500 сом берилет. 2020-жылдын 3-февралынан баштап ички иштер органдарындагы кызматкерлер келишим менен иштешет.
30-январда «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова 29-январда Бишкекте өткөн жыйындагы окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Каktus.media сайты Свердлов райондук ички иштер бөлүмү укук коргоочунун арызына байланыштуу Жазык кодексинин 226 -беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын жазды. 29-январда «Адилет» укуктук клиникасы өкмөттүк эмес уюмдардын ишин катаалданткан мыйзам долбоорун талкуулаган чогулуш өткөргөн. Укук коргоочу өз арызында ошол жыйынга белгисиз адамдар келип... Читать дальше...
Нарын шаарында 31-январда башталган чемпионаттын биринчи айлампасы 2-февралда аяктады. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Анда үч команда күч сынашты. Белгилүү себептер менен Жумгал районунун командасы келе албай калды. Бишкек шаарынан «Дордой» жана «Кыргыз темир жолу» командасы барган. Жыйынтыгында «Нарын шумкарлары» «Кыргыз темир жолу» командасын 10:6 эсебинде утту. «Дордой» «Кыргыз темир жолу» командасын 8:0 эсебинде жеңип алса, «Нарын шумкарлары» «Дордойго» 1:15 упай менен утулуп калды. Читать дальше...
Кыргыз либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босогону азайтууну бийликтен талап кылат. Бул тууралуу партиянын теңтөрагасы Сейтек Качкынбай маалымдады. Ал КЛДПнын бет ачарында бул талап партиянын алдыдагы негизги иштеринин бири экенин белгиледи: - 9% чек бул өтө чоң. Бул 180 миңдей добуш экен. Эгер 170 миңдей добуш алып калсаң, 10 миңдей добуш жетпей калса, 180 миң кишинин добушу талаада калабы? Муну өзгөртүүнү талап кылабыз. Партия шайлоо мыйзамдарын түп-тамырынан бери өзгөртүп... Читать дальше...