Коронавирустан улам КРде өтө турган хоккей чемпионаты жылдырылды
Буга чейин чемпионат март айына белгиленген. Оюндардын алдын ала түзүлгөн расписаниеси дагы жарыяланган.
Буга чейин чемпионат март айына белгиленген. Оюндардын алдын ала түзүлгөн расписаниеси дагы жарыяланган.
Кыргызстанда 1920-1953-жылдарда саясий куугунтукка учураган 20 миң жарандын тизмесин камтыган 10 томдук китеп чыкты. Жыйнактын бет ачары бүгүн, 27-февралда Бишкекте өттү. Ага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, репрессия курмандыктарынын жакындары, студенттер катышты. Китепти «Ата-Бейиттин» сырын ачкан, ошол убакта КГБда иштеген полковник Болот Абдрахманов баш болгон топ түзүп чыккан. Анын айтымында, кийинки изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстандын аймагында 20 миңден ашуун адам... Читать дальше...
Турнир Кытайда өтмөк. Бирок коронавирустан улам Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тандап алуу беттештерин башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.
Түштүк Кореянын коронавирусту жугузуп алгандар эң көп катталган Тэгу шаарында 20дай кыргызстандык студент бар. Учурда алардын саламаттыгы жакшы. Бул тууралуу «Азаттыкка» Түштүк Кореядагы кыргыз студенттер ассоциациясынын лидерлеринин бири Билимбек Зымчыбеков билдирди.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму Оштогу адвокаты Хусанбай Салиевди сабаган адам аны жогорку бийликтеги жакындары менен коркутканын айтууда. Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова окуяны Салиевдин ишмердигине байланыштырды: «Сабаган киши «Сен эч нерсе кыла албайсың, анткени менин туугандарым Ак үйдө да, парламентте да отурат. Жөн жүр» деп айткан. Жок жерден чыккан жок. Себеби бул укук коргоочулар коомдук чөйрөдө белгилүү болуп калышкан. Ишибизге байланыштуу чабуул экенин четке кага албайм. Читать дальше...
Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги зыяратчыларды өлкөгө киргизбей турганын 26-февралда «Твиттер» баракчасына жарыялады. Өзүнүн жарандарын да коронавирус жугуу тобокелдиги бар өлкөлөргө барбай турууга чакырды. Коронавирус илдети июль айынын аягында баштала турган ажылык сапарга кандай таасир этери да дайын эмес. Азырынча Сауд Арабияда коронавирус илдети чыга элек. Бирок ага кошуна турган Кувейтте, Иракта, Иранда, Бахрейнде жана Бириккен Араб Эмираттарында илдет жуктургандар табылган. Жыл... Читать дальше...
28-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Читать дальше...
Орусиянын көрүнүктүү оппозициялык лидери, демократиялык саясатчынын өлтүрүлгөнүнө 27-февралда беш жыл болот.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаардык кеңешинин депутаты (Т. Ч.) арам акчаны адалдап, салык жашырды, шаардык кеңештин депутатын сабады деп шек саналып жатканын 27-февралда билдирди. Маалыматка караганда депутат (жеке компанияга ээлик кылуучулардын бири катары) салык жашырган, адамдын денесине оор залал келтирген деп шек саналууда. Бул фактылардын негизинде депутат Жазык кодексине ылайык кылмыш аркылуу табылган кирешелерди мыйзамдаштыруу (215-берене), бийликтен аша чабуу (321-берене) үчүн шек саналып... Читать дальше...
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген бир жыл ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 1 млн. 32 миң 673 токтом чыгарылган. Анын ичинен азыркы учурга чейин 590 миң 130 токтом боюнча айдоочулар айыппул төлөштү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү. Бул жалпы сандын 57,2% түзөт. Ал эми калганы автоунаа ээлерине токтом жетпегендиктен төлөнгөн эмес. Читать дальше...
Американын экс-вице-президенти шайлоолук дебатта 2007-жылдан бери 150 млн. америкалык куралдан өлгөнүн билдирди.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Иран менен соода алакаларды калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн механизм иштеп баштаганын билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин анын зыянынан пайдасын көп көргөнүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы ТАСС маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди. Журналист бир катар мамлекеттер ЕАЭБге мүчө болуу маселесин талкуулап жатышканын, Кыргызстан беш жылдан бери бул уюмга мүчө болгон өлкө катары аларга кандай кеңеш бере аларына кызыккан. Ошондой эле «Расмий Бишкекти ЕАЭБ канааттандырабы? Сиздин көз карашыңызда эмнени өзгөртсө болот?» деп суроо берген. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып «Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт», - деп билдирди. Президент ошондой эле учурда өлкөдө «латын арибине өтүү муктаждыгы жок», «латын арибине өтпөгөнүбүз туура чечим болгон» деп билдирди. Президенттин баамында республиканын маданий, илимий ийгиликтери кириллицага таянуу шартында жаралган. Латын арибине өтүү боюнча акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда демилге көтөрүлүп, бирок расмий колдоо тапкан эмес.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот дегенден бери шаарлардагы шайлоочулардын саны кескин көбөйүп кеткени, албетте шайлоого түздөн-түз байланышы бар экендиги белгилүү.
Коомдук тармактардагы карикатурадан улам жаралган азил.
Сириядагы лагерлерде кармалып турган кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтаруу боюнча бийлик ыкчам аракет кылбай жатат. Мындай доомат 26-февралда "АКИпресс" маалымат агенттигинде укук коргоочулар менен жабырлануучулар уюштурган маалымат жыйынында айтылды.
Дүйнөлүк банк алынган насыя жана гранттарды коррупциялык жол менен короткон өлкөлөр тууралуу изилдөөсүн жарыялады.
Эки спортчу 19-апрелде Нью-Йорктогу UFC 249 турниринин алкагында чемпиондук наам үчүн беттешет. Бул жолу россиялык мушкер чемпиондук курун коргоп калуу үчүн жан үрөйт.
Казакстанда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин тажиясы өтүп жатат. Анын сөөгү Нур-Султан шаарынын четиндеги Талапкер айылында жерге берилет. Алматы шаарында да ушу тапта эскерүү митинги өтүүдө. 24-февралда кармалган активист арадан бир сутка өтүп, 25-февралда тергөө абагында каза болуп калган. 26-февралда маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына жөнөгөндөрдүн арасынан кеминде алты киши кармалган. Маркумдун тарапташтары активисттин өлүмүнө ИИМ жана өлкөнүн бийлиги жооптуу деп эсептешет. Читать дальше...
Ош, 27-февраль, 2020-жыл. /ca-irnews.com/. Коронавирус дүйнө экономикасына олуттуу таасирин тийгизип жатат.
Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Чечим 26-фералда чыкканын «Азаттыкка» гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди. «Гезиттин редактору Аслан Сартбаев жана биз да шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан эми Жогорку сотко кайрылалы деп жатабыз», - деди Турдукулов. Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Читать дальше...
Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда бир аз тартышыраак болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Суу агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди: "Гидрометтин берген баштапкы маалыматы боюнча, көбүнчө бассейндерде суу нормадан 10-12% азыраак болот. Такталган маалымат апрелдин башында берилет". Жогорку Кеңеш бүгүн жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Өкмөт быйыл Кыргызстандын айыл чарбасында жалпы себүү аянттары 1 миллион 219 миң гектар болорун... Читать дальше...
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар жок экени маалымдалды. Ошол эле маалда Кыргызстан эпидемияны ооздуктай алабы деген суроо жаралды.