Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Новости за 27.02.2020

Чүйдө кудуктан табылган адамдын сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди

Azattyk.org 

Чүйдө кудуктун ичинен табылган адамдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 27-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Аламүдүн районуна караштуу Энергетик шаарчасында болгон. Турак үйдүн жанындагы кудукта (люк) белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине төрт куткаруучу барып, ичиндеги эркек кишинин сөөгүн алып чыгышкан. Капкагы ачык калган кудукка адамдар түшүп кетип каза болгон, жараат алган учурлар дайыма катталып келет. Читать дальше...

Быйыл Кыргызстан 500 баш асыл тукум уй сатып алат

Azattyk.org 

Кыргызстанга быйыл 500 баш асыл тукум уй алып келинет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн 27-февралда парламентте маалымат берип жатып билдирди. Бороновдун белгилешинче, буга чейин өкмөт дыйкан-фермерлерге лизинг шартында техника алууга көмөктөшсө, эми мал чарбачылыгын жакшыртууга жардам бере баштады: “2019-жылы “Айылбанк” аркылуу “Чабрец” айыл чарба фермасына 61 баш сүт жана эт багытындагы асыл тукум уй лизинг аркылуу берилди. Буга чейин лизингге техника гана берилип турган болсо... Читать дальше...

Президент Жээнбеков Москвага кетти

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Москвага жөнөп кетти. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн 27-февралда Жээнбеков орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалын жана келечегин талкуулайт. Ушул эле күнү эки Кыргызстандын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болот. Кыргыз президенти Москвада орус премьер-министри Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен да жолугат. Читать дальше...

Өкмөт: Жазгы талаа иштерине даярдык планга ылайык жүрүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда жазгы талаа иштерине даярдык планга ылайык жүрүп жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн 27-февралда парламентте маалымат берип жатып билдирди. Бороновдун белгилешинче, айдоо аянттары былтыркыга караганда көбүрөөк болот. Дыйкандар жеңилдетилген шартта насыя, үрөн менен өз убагында камсыздалат: “Быйыл Кыргызстандын айыл чарбасында жалпы себүү аянттары 1 миллион 219 миң гектар болот. Бул өткөн жылга салыштырганда 2,3 миң гектарга көп болот деп божомолдонуп жатат. Читать дальше...

Баткен жана Ош облустарында жер титиреди

Azattyk.org 

Республиканын түштүк аймагындагы айрым райондордо жер титиреди. Сейсмология институту 27-февралда маалымдаганына караганда, шаршемби күнү Баткендин Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 баллга, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген жер титирөө катталды. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында жердин титиреши 2 баллга чейин сезилди. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)

ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноого шек саналып камалды

Azattyk.org 

Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноого шек саналып камалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айында аял киши ишкерлерге карата коркутуулар болуп жатканын айтып, милицияга арызданган. Анда Ысык-Ата районунда менчик мейманканалардын бирине белгисиз адам келип, коркутуу жолу менен 7000 сом алып кеткени жазылган. Бул фактка байланыштуу Чүй облустук милициясы ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан... Читать дальше...

Өзбек-казак чек арасында айдоочуларды опузалаган кылмыштуу топ кармалды

Azattyk.org 

Түркстан облусунун Полиция департаментинин кызматкерлери Улуттук коопсуздук комитетинин Түркстан облусу боюнча департаментинин өкүлдөрү менен бирге «Сарыагаш» аттуу кылмыштуу топту кармашты. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр өзбек-казак чек арасында жайгашкан «Капланбек» чек ара өткөрмө бекетинде Борбор Азия өлкөлөрүнө оор жүк ташыган айдоочуларды опузалап, 15000ден 50000 теңгеге (40-133 доллардын тегереги) чейин акча алып турушкан. Айдоочулар баш тарткан учурда кылмышкерлер аларды сабап... Читать дальше...

Украина «Крымды басып алууга каршы туруу күнүн» жарыялады

Azattyk.org 

Украин президенти «Крымды басып алууга каршы туруу күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ал жыл сайын 26-февралда белгиленет. 2014-жылы дал ушул күнү Симферополдо крымдык татарлар жарым аралды аннексиялоонун башталышына каршы жапырт митинг өткөрүшкөн. Аларга Крымдын Орусияга кошулушун жактагандар каршы чыгышкан. Тирешүү учурунда эки киши өлгөн, бир нече адам жабыркаган. Кийинки күнү жергиликтүү парламент Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөрүн жарыялаган. 26-февраль күнү эртең менен Зеленский «Age of Crimea» форумунда сөз сүйлөп... Читать дальше...



Баткенде тургундар чек ара чырында кармалгандарды бошотууну өтүнүштү

Azattyk.org 

26-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахмановдун Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушуусунда ушундай өтүнүч айтылды. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Абдрахманов кармалган жарандар боюнча тергөө иштерин калыс жүргүзүш үчүн укук коргоо органдарына тапшырма берген. Мындан тышкары өкмөттүн өкүлү Көк-Таштын тургундарын сабырдуулукка чакырып, аймактагы туруктуулукту сактоого үндөдү. Ал чек арадагы чыр-чатактар аны тактоо иштерине кедергисин тийгизерин билдирди. ... Читать дальше...

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен барат

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, президент Сооронбай Жээнбеков 27-28-февралдагы иш сапарынын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Мындан тышкары орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен сүйлөшөт. Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада «Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө» гүлчамбар коюп, «Кыргызстан» павильонуна зыярат кылат. Эки өлкөнүн... Читать дальше...

«Коопсуз шаар» долбоорунун иши тууралуу маалымат берилет

Azattyk.org 

27-февралда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы журналисттерди долбоордун мониторинг борборуна чогултуп, маалымат берет. Анда «Коопсуз шаар» мониторинг борборунун ишмердүүлүгү, «Айып пулдар», былтыр өзгөртүү киргизилген Тартип бузуу жөнүндө кодекс тууралуу толук маалымат берилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Анын айтымында, айып төлөөнүн шарттары жөнүндө да сөз болот. «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылы 12-февралдан тарта Бишкекте ишке кирген. Читать дальше...

Экономика министринин орун басары алмашты

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 26-февралдагы буйругу менен Дастан Кадыров башка ишке өткөнүнө байланыштуу экономика министринин орун басарлыгынан бошотулду. Ушул эле күнү өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Экономика министринин орун басарлыгына Бекболот Алиев дайындалды. Алиевди министрликтин аппаратына өкмөттүк аппараттын жетекчиси Самат Кылжыев 26-февралда тааныштырды. Бекболот Алиев буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 43 жашта. Читать дальше...

Сауд Арабиясы вирустан сактаныш үчүн зыяратчылардын киришин убактылуу токтотот

Azattyk.org 

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги шаршембиде тараткан маалыматка ылайык, өкмөт өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечкен. Мындан тышкары вирус аныкталган өлкөлөрдөн туристтердин келишине да тыюу салынат. Сауд Арабиясынын бийлиги ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жарандарынан өз аймагына кирип-чыгууда паспорт көрсөтүүнү талап кылууда. Негизинен Перс булуңундагы өлкөлөрдө ич ара паспорттун ордуна атайын күбөлүк колдонулат.  Коронавирус илдети былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Читать дальше...

Пакистанда эки адамдан коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

26-февраль күнү Пакистандын саламаттык сактоо министри Зафар Мирза өлкөдө вируска чалдыккан эки адам катталганын билдирди. Ал оорулуулардын абалы туруктуу экенин белгилеп, «дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок, баары көзөмөлдө» деди. Коңшулаш Иранда илдеттен 19 киши өлгөнү расмий кабарланды. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киануш Жаханпурдун 26-февралда маалымдаганы боюнча, өлкөнүн ар кайсы аймактарында 139 адам ооруну жугузган. Анын ичинде көпчүлүгү Кум аймагында, тогузу Гиланда, төртөө Тегеранда жана башка аймактарда чыккан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *