Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы сот 3-мартка жылды
Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы отурумун Биринчи май райондук соту 3-мартка жылдырды. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. Буга чейин сот отуруму 2-мартта башталаары кабарланган. Кийинки күнгө жылдыруу себебин Биринчи май райондук соту түшүндүрө элек. Жолдубаева муну камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери 2-мартка мерчемдеген нааразылык акциясына байланыштырып, бийликтин чочулоосу катары сыпаттап жазды. Читать дальше...