Идлибдеги согушта Түркия 30дай жоокеринен ажырады
Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк жоокери мерт болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын Хатай провинциясынын губернатору билдирди. Буга байланыштуу бейшемби күнү кечинде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Анкаранын расмий өкүлү Фахреттин Алтундун «Анадолу» агенттигине билдиргенине караганда, жыйында «Асад режиминин бардык белгилүү позицияларына жооп иретинде сокку уруу» жөнүндө чечим кабыл алынды. Читать дальше...