«Талибандын» өкүлдөрү Кабулга 19 жылдан бери биринчи жолу келишти
«Талибан» кыймылынын расмий делегациясы Ооганстандын баш калаасында өкмөт өкүлдөрү менен туткун алмашуу маселесин талкуулашты. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши аталган кыймылдын үч мүчөсү 31-мартта жана 1-апрелде ооган бийлиги менен Кабулда бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн ырастады. Бирок бул жолугушуудан кандай майнап чыкканы азырынча расмий айтыла элек. Талибдер эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү «Батыштын тактекеси» деп мүнөздөп, түз сүйлөшүүдөн баш тартып келген. Март айынын соңунда... Читать дальше...