Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 02.04.2020

Комендатура депутат Акаевдин сынына жооп берди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык комендатурасы өзгөчө абал учурунда элдин маалымат алуу укугу чектелген жок деп эсептейт. 2-апрелде комендатуранын басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин сынына жооп берип, жарандардын маалымат алуу укугун камсыздоонун жол-жобосу президенттин өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыгында да, Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндөгү жободо да бар экенин айтты. Ошондой эле Коронавирустун жайылуусуна каршы ыкчам штабдын басма сөз борборунун базасында жалпыга маалымдоо... Читать дальше...

Коронавирус табиятты сергитти

Azattyk.org 

Дүйнө өлкөлөрүндө COVID-19 вирусуна байланыштуу жарыяланган карантин экологиянын жакшырышына өбөлгө түзүүдө. Изилдөөлөр элдин жана транспорттун каттамына чектөө коюлгандан бери Европада, Кытайда, Индияда жана АКШда аба тазарып жатканын көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам айыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам айыкты. Бул тууралуу 2-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Штабдын билдирүүсүндө "Ала-Бука районунда эки адам COVID-19тан айыкты. Бир аял жана бир эркек ооруканадан чыгарылды" деп айтылат. 18-марттан 2-апрелге чейин өлкөдө коронавирус жуккан 116 учур катталды. Буга чейин Жалал-Абадда үч бейтап айыгып чыккан. (RK)

2-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы беш кишиден табылды

Azattyk.org 

2-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы беш кишиден табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Алардын экөө Ноокат районунда, бирөө Ош шаарында, экөө Баткендин Кызыл-Кыя шаарында катталган. Ошентип, Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 116 киши болду. Алардын үчөө айыгып чыккан. 25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. (TSh)

Өкмөт ишкерлерди салыктан бошотмой болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш ишкерлерге салык жеңилдиктерин берүү жана сырттан ташылган буудайды, өлкөдө өндүрүлгөн унду кошумча нарк салыгынан бошотуу сыяктуу укуктарды өкмөткө берди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *