Президент жаңы сейил бакка Адинай Мырзабекованын атын берүүнү сунуш кылды
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил бакка коронавируска каршы күрөшкө салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу өлкө башчы 11-августта сейил бактын ачылышында айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. «Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген... Читать дальше...