Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 11.08.2020

Түркмөнстанда армияга баруудан баш тарткан бир туугандар соттолду

Azattyk.org 

Түркмөнстанда диний ишенимдеринен улам армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан эки бир тууган соттолду. Бул тууралуу «Иегово күбөлөрү» уюмунун басма сөз катчысы Жаррод Лопес «Азаттыктын» түркмөн кызматына билдирди. Анын айтымында, түркмөн соту 6-августта 21 жаштагы Элдор Сабуров менен 25 жаштагы Санжарбек Сабуровду эркинен ажыраткан. Диний уюмдун маалыматына караганда, Санжарбек Сабуров армияга 2016-жылы чакырылган. Анда ал колуна курал алып аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн эки жылга соттолгон. Читать дальше...

Дүйшөмбүдө курулуш краны кулап, 22 жаштагы жумушчу каза болду

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө курулуш краны кулап, 22 жаштагы жумушчу каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча комитети билдирди.  Мекеменин басма сөз катчысы Умед Юсуфинин айтымында, 8-августта кечкурун болгон кырсыктан дагы бир жумушчу оор жараат алып, ооруканага жеткирилди. Маалыматка караганда, «Хиштрез» компаниясына таандык 35 метрлик кран жакын жайгашкан үйлөргө кулап, чатырларын жарым-жартылай зыянга учураткан. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. Ушу тапта келтирилген чыгым эсептелүүдө. Читать дальше...

Иранда коронавируска байланыштуу чектөөлөр жаңы жылга чейин сакталат

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал январь айына чейин сакталарын билдирди.  «Биз бул абалда алты ай болобуз, ага азыртан даяр болушубуз керек», - деди Роухани. Бул тууралуу анын расмий сайтына 9-августта жарыяланды. Иранда акыркы эки айда карантин чектөөлөрү азайтылган. Ошондон улам калктын басымдуу бөлүгү коронавируска көңүл бурбай, оору жугузгандар кескин көбөйдү. Акыркы убактарда Иранда суткасына орто эсеп менен 200 адам коронавирустун айынан өмүр менен кош айтышууда. Читать дальше...

Минскиде каршылык акциясынын катышуучусу каза болду

Azattyk.org 

Беларустун Ички иштер министрлиги президент Александр Лукашенкого каршы акциянын катышуучусу өлгөнүн алгачкы жолу расмий ырастады. Полиция күч түзүмдөрүнө ыргытыла турган жардыргыч курал колунда жарылган адам түнкү саат 11лер чамасында көз жумганын билдирди. Бирок окуяга күбө болгон журналисттер ал учурда ОМОН демонстранттарды кулак тундуруучу гранта менен аткылап жатканын белгилешти. Соцтармактарда демонстрант дал ушундай гранатанын жарылышынан курман болушу ыктымал экени жазылды. Бул 9-августтагы... Читать дальше...

Беларуста металл иштетүүчү заводдун жумушчулары иш таштады

Azattyk.org 

Жлобин шаарындагы заводдун айрым цехтери дүйшөмбүдө иш таштап, алар менен ишкананын жетекчилиги сүйлөштү. «Азаттыктын» беларус кызматы маалымдагандай, алар «таза шайлоо өткөрүү» жөнүндө да талап коюп жатышат. Металл иштетүүчү завод - Беларустагы эң ири ишканалардын бири. Анда 11 миң адам иштейт. «NEXTA Телеграм» каналында элди 11-августта шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, көчөгө чыгууга чакырыктар пайда болду. Азыркы президент Александр Лукашенконун шайлоодо жеңишке жетишкени тууралуу... Читать дальше...

Екатеринбургдан кыргызстандык жарандар келди

Azattyk.org 

Екатеринбург-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 10-август күнү 183 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди. Келгендердин арасында балдар, мекенине кайтууга муктаж жарандар, улгайган жана оорукчан адамдар бар. Алардан тышкары Орусиянын Урал, Сибирь аймактарындагы окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер да келишти.  Учакка билет Урал аймагындагы кыргызстандык диаспора өкүлдөрүнөн, консулдук кызматкерлерден турган комиссиянын бүтүмүнө ылайык сатылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Читать дальше...

Кыргызстанда мигранттарга онлайн кеңеш берилет

Azattyk.org 

Мигранттарга онлайн кеңештер социалдык тармактардагы атайын баракчалар аркылуу берилет.  «Фейсбукта» «Салам мигрант» жана «Инстраграмда» (@salammigrantkg баракчалары аркылуу туруктуу иштейт. Кеңештер кыргыз жана орус тилдеринде берилет. Анда миграцияга аттануучулар өздөрү бара турган өлкөлөрдөгү пандемиялык кырдаал, жаңы миграциялык эрежелер, жоболор жана башка укуктук суроолорго жооп ала алышат. Ошондой эле, «Telegram» платформасында атайын чат-бот иштелип чыгат, ал жерден мигранттар суроолоруна ыкчам жооп алса болот. Читать дальше...

Кыргызстанда аңчылыкка уруксат берилди

Azattyk.org 

Август айынын экинчи ишембисинен тартып кулжа-теке, кийик, каман жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилди. Аңчылык убактысы октябрь айынын акыркы жумасына чейин созулат.  Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, быйылкы аңчылык мөөнөттө жалпысы 800дөн ашуун кулжа-теке, 60 баш каманды атууга уруксат берилген. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы тоо-токойлордо 46 миң баш кайберендин түрлөрү, үч миңден ашуун каман эсептелген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *