Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 27.04.2021

Кадам сайын мүдүрүлө бербейли

Azattyk.org 

Ырас, “жаӊылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”. Ар кимдин каталарын жазган-сызганын ийине жеткире оңдоп жүргөн редактор өзү деле ката кетириши мүмкүн. Бирок бул макал туура эмес айтылган сөзгө, жаза баскан кадамга көңүл бурбай эле коюш керек дегенди билдирбейт. Сөзгө сөлтүктүн иши илгерилейби? Ката... Ал оңой эле оңдолгудай, анча чоӊ эмес мүчүлүштүкпү же убагында жойбосо, олуттуу кесепетке алып келер адашуубу? Уяттуу, сабаттуу кишинин кокустан жол бериши ыктымал, бирок кайталангыс кыла өчүрө турган катасыбы же көңүл бурбай тим койсо... Читать дальше...

Жапаров: Жакында акимдер ротация болот

Azattyk.org 

Жакынкы арада Кыргызстанда район акимдеринин ротациясы башталат. Бул тууралуу 27-апрелде АКИpress агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысы “Акимдердин аттестациясы аяктады. Жакында ротация болот: түндүк облустарынан акимдер түштүккө, түштүктөн акимдер түндүккө барышат” деп айтты. Жапаров акимдер боюнча кадрдык резервде азыр 400дөй адам бар экенин, иштеп жаткандары ротация жолу менен которуларын, бош орундарга резервдегилер коюларын билдирди. Мамлекеттик... Читать дальше...

Эрдоган Байдендин армян "геноциди" боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын президенти Жо Байдендин Осмон империясынын тушундагы армян кыргынын “геноцид” деп аташын кескин айыптады. Эрдоган 26-апрелдеги телекайрылуусунда акыркы чечим АКШ-Түркия мамилесине “терс таасирин тийгизерин” билдирди. Түрк президенти Эрдоган Жо Байденге “геноцид үчүн башкаларды айыптардан мурун күзгүдөн өзүңдү бир кара” деп кайрылып, Америкадагы түпкүлүктүү улуттардын таржымалын эске салды. Жо Байден 24-апрель - армян кыргынынын курмандыктарын эскерүү... Читать дальше...

Ат-Башыда өндүрүлгөн бал Жапонияга экспорттолот

Azattyk.org 

JIKA уюмунун долбоору менен Ат-Башыда өндүрүлгөн бал Жапонияга экспорттолот. Учурда жергиликтүү бал өндүрүүчүлөр менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Бирок тышка сатылчу балдын көлөмү жана баасы тууралуу так маалымат берилген жок. Кыргызстанда өндүрүлгөн бал соңку жылдары бир катар эл аралык көргөзмөлөрдө мактоого арзыган. 2013-жылы Киевде, 2014-жылы Түркияда алтын медалга ээ болгон. 2015-жылы Түштүк Кореяда да Кыргызстандын балы сапаты мыкты деп табылган. Читать дальше...

Нарын: Саясатка чогуу аттанган түгөйлөр

Azattyk.org 

Нарында жергиликтүү кеңештерге шайлоого жубайлар чогуу талапкерлигин койгон учурлар болду. Ошондой түгөйлөрдүн айрымдары үгүт өнөктүгү маалындагы тоскоолдуктар жана ийгиликтери тууралуу айтып беришти. 26 жаштагы Ширин Жолдошбек кызы Нарын шаардык кеңешине өткөн шайлоого “Ордо” партиясы менен барган. Анын жолдошу Казыбек Кулуев Ат-Башы айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Шайлоого биринчи жолу катышкан жубайлар айрым бир күтүүсүз тоскоолдуктар болгонун айтып беришти: “Жакын тааныштар эле көп сөздөрдү айтышты... Читать дальше...

Сот Матраимовдордун журналисттерге каршы териштирүүсүн токтотту

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн "Азаттык", "Клооп", "24.kg" медиаларына жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча иш кыскартылды. Мындай чечим бүгүн  27-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда кабыл алынганын “Азаттык” радиосуна юрист Акмат Алагушев билдирди. Алагушевдин айтымында, буга Матраимовдордун доо арыздан баш тартканы себеп болду: “Бүттү, жабылды деп айтсак болот. Эч ким арыздана албайт. Кийин бул маселе боюнча башынан доо арыз берүүгө мүмкүнчүлүк жок”. Читать дальше...

Айдоочуларды азапка салган жол

Azattyk.org 

Жалал-Абад – Маданият жолун оңдоо иштери 2018-жылы башталган. План боюнча жол 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Бирок айрым себептерден улам жумуш солгундап, белгиленген убакытта бүтпөй калуу тобокелдиги бар. Өткөн жылы жолдун 15 чакырымына гана асфальт төшөлгөн болчу.

Активист Бакай Кашкарбаевдин кызматка дайындалышы тууралуу маалымат берилди

Azattyk.org 

Активист Бакай Кашкарбаев айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине коомдук кеңешчи болуп бул мекеменин жарандык коом менен кызматташтыгын арттыруу максатында дайындалды. Бул тууралуу 27-апрелде Бишкекте өткөн брифингде министр Аскарбек Жаныбеков билдирди. Министр журналисттин “Кеңешчи болгондо бакырчак адамдарга ишенесизби же айыл чарбасын мыкты билген адамдаргабы?” деген суроосуна жооп берип жатып коомдук кеңешчи мамлекеттик кызматкер эмес экенин, аны менен эмгек келишими түзүлбөгөнүн... Читать дальше...



Элдик философияны изилдеген ойчул эле

Azattyk.org 

Академик Аскар Какеевдин мыкты окумуштуу экенин ыраматылык Салижан Жигитовдон уккам. Салижан аке ал кишинин мыкты философ экенин, орусча келиштире жазарын, акылдуулугун айтып калчу. Негедир ал киши орус тилинде мыкты жазган кесиптештерин аябай жакшы көрчү, аларды улутташтарынын арасындагы башкача бир жандар катары мүнөздөп ийчү. Аскар Чукутаевичтин Салижан Жигитовго жаккан сапаттарынын бири орусча мыкты жазганы, жөнөкөйлүгү, мээнеткечтиги болсо керек. Айтса, ал кезде горбачевдук “кайра куруунун” арааны ачылып... Читать дальше...

ДССУ Индияга 2 миң кызматкерин жөнөттү

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус коронавируска байланыштуу Индиядагы абалга «жан кейитерлик» деп баа берип, пандемия менен күрөшүү үчүн бул өлкөгө жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2000дей кызматкери Индияга жөнөтүлдү. Соңку күндөрү Индияда коронавирусту жугузгандар жана каза болгондор кескин көбөйдү. Күн сайын бул өлкөдө 300 миңден ашык адамдан вирус аныкталып, 2000ден көп адам каза болууда. Ооруканаларда... Читать дальше...

Байтереков: Мамлекеттик беш IT-ишкана бириктирилет

Azattyk.org 

Мамлекеттик IT-ишканалары кыскарып, ордуна борборлоштурулган бир мекеме түзүлөт. Мындай чечим каражатты үнөмдөө максатында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын cанариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков "Спутник" агенттигинде өткөн брифингде билдирди. “Буга чейинки анализдер бул тармакта бир топ кемчиликтер бар экенин көрсөттү. Ар бир ишкана өзүнчө дүйнө болуп алган. Биргелешкен иш жок. Эл бир жерден маалымат алгысы келет. Мекемелердин биригиши элдин түйшүгүн жеңилдетет”, - деди Байтереков. Читать дальше...

“Кемпир-Абад” талашынын жарым кылымдык тарыхы

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага байланыштуу келишими дагы артка жылчудай болуп калды. Буга “Кемпир-Абад” суу сактагычына байланыштуу Өзгөндөгү жана Кара-Суудагы нааразылыктар себеп болду. Береги аймакка союз кезинде Кыргыз ССРнин уруксаты менен Өзбек ССРи суу сактагыч жана гидроэлектрстанция курган. Бирок объектке коңшулар ээлик кылып калган жана талашка жарым кылымдан бери чекит коюлбай келет. Кайрадан чуу жараткан объект Ошентип кыргыз-өзбек чек арасындагы эң талаштуу тилкелердин бири ... Читать дальше...

Британия "Магнитский ишине" тиешеси бар 14 орусиялыкка санкция салды

Azattyk.org 

Британия «Магнитскийдин ишине» тиешеси бар Орусиянын 14 жаранына санкция салды. Бул тууралуу маалымат 27-апрелде Британ Тышкы иштер министрлигинин сайтына чыкты. Аталган тизмеде коррупцияга жана акча адалдоого айыпталган 14 орусиялыктан сырткары Бириккен Араб Эмираттарынын, Гондурастын, Никарагуанын, Гватемаланын сегиз жараны бар. Санкцияга илинген орус жарандарынын арасында «Универсалдуу сактык банкынын» мурдагы кожоюну Дмитрий Клюев, Сергей Магнитскийдин ишине тиешеси бар салык, укук коргоо органдарынын бир нече кызматкери бар. Читать дальше...

28-апрелдин аба ырайы

Azattyk.org 

28-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 28…33; Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 27…32; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22; Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот. Читать дальше...

Жапаров: Атамбаевди качан бошотушарын билбейм, аны сот чечет

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин маселесине кызыкпай турганын билдирди. 27-апрелде Жапаров АКИpress агенттигине курган маегинде “Атамбаевди качан бошотушат деп ойлойсуз?” деген суроого “Аны сот чечет” деп жооп берди. Жапаров бул маселеге кызыгып көрбөгөнүн, кызыгууга убактысы жок экенин айтып, “Билишимче, Кой-Таш окуясы жана Батукаев боюнча сот болууда. Сураган эмесмин, качан бошотушарын билбейм. Аны сот чечет” деп билдирди. Кыргызстанды 2011-2017-жылдары... Читать дальше...

Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

Казакстандын Тараз шаардык соту Кордайдагы былтыркы улут аралык жаңжал боюнча сот өкүмүн чыгарды. 27-апрелдеги өкүмгө ылайык, айыпталган 51 адамдын 19у беш жылдан 20 жылга чейин абакка кесилди. 31 адам «күнөөнү моюнуна алганы жана зыянды төлөп бергени үчүн» бир нече жылга шарттуу жазага тартылды. Аларга «Массалык башамаландык», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча айып тагылган. Бир адам толук акталды. Буга чейин Казакстандагы дунгандар ассоциациясынын өкүлдөрү... Читать дальше...

Бразилия "Sputnik V" вакцинасын каттоодон баш тартты

Azattyk.org 

Бразилиянын Дары-дармекти жөнгө салчу мекемеси Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасын каттоодон баш тартты. "Anvisa" деген аталыш менен белгилүү регулятор 26-апрелде вакцинаны текшерүүдөн соң коопсуздугуна, сапатына жана эффективдүүлүгүнө байланыштуу тобокелчиликтер бар экенин билдирди. Аталган органдын биопрепарат жана дары-дармек боюнча менежери Густаво Мендес “олуттуу кемчилик бар” деп айтты. Мындан соң Бразилиянын тиешелүү органы орус вакцинасын колдонууга уруксат берген жок. Буга чейин коронавирус... Читать дальше...

Орзубек Назаровдун бокс, саясат жана криминал жөнүндө ой толгоосу  

Azattyk.org 

Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты -  Орзубек Назаров спорттогу карьерасын баяндаган китеп жазды. “Кайрадан таймаш...” деп аталган китеп эки тилде жарык көрдү.

Тажикстандан табылган жарандар кыйноого кабылганын айтууда

Azattyk.org 

Лейлек районунун Бешкент айылынан 19-21 жаштагы жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Эки жаранды 24-апрелде кечке жуук Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. Жарандар кайтып келгенден кийин Тажикстандын аскер кызматкерлери өз аймагында кармап турган учурда ур-токмокко алып, аскер бөлүктөрү тууралуу суроолорду узатканын жергиликтүү журналисттерге айтып беришкен. Кыргызстандык... Читать дальше...

Аскар Какеевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Azattyk.org 

Бишкекте 27-апрелде мурдагы мамлекеттик катчы, мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Кыргыз улуттук университетинин алдында уюштурулган иш-чарага өкмөттүн, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты. Какеев 25-апрелде 85 жашында оорудан улам каза болгон. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын... Читать дальше...

Навальныйдын тарапташтарын күткөн коркунуч

Azattyk.org 

Орусияда абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнө басым күчөп жатат. Москванын прокуратурасы Навальныйдын штабдарынын ишин токтотуп, Коррупцияга каршы күрөш жана Жарандардын укугун коргоо фонддорунун ишмердигине тыюу салуу боюнча сотко кайрылды.  Москванын прокуратурасы оппозиционер Алексей Навальныйдын штабдарынын ишин токтоткону 26-апрелде белгилүү болду. Ушул эле күнү соттон саясатчы түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун (ФБК) ишмердигине тыюу салууну суранды.... Читать дальше...

Өкмөттүн үнөмдөө саясаты ITге да жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик беш IT-ишкананын жетекчилеринин кызматтан алынышы талкуу жаратты. Өлкөдө санариптик кызмат көрсөтүүлөр жаатында иш алып барган “Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" деп аталган ишканалардын директорлорун бошотуу буйругуна премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. "Беш жетекчинин ордуна бир жетекчи болот" Азырынча кызматтан кеткен жетекчилер соңку жагдай тууралуу эч кандай билдирүү тараткан жок. “Түндүк” ишканасынын мурдагы жетекчиси Нурия... Читать дальше...

Бишкекте 14 мектеп аралыктан окууга өттү

Azattyk.org 

Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыктан, 26-апрелден тарта 14 мектеп аралыктан окууга өттү. 26-апрелден тарта шаардагы 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61-мектептердин жогорку класстары толугу менен карантинге алынып, онлайн окуу режимине өтүштү. №12, 112-балдар бакчалары карантинге жабылды. Бишкектеги 24 мектептин окуучу жана мугалимдеринен COVID-19 вирусу аныкталды. Мектептерди толугу менен онлайн режимде окутууга өткөрүү тууралуу... Читать дальше...

Ишкер аялдардын колунан чыккан өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 27-апрелде Бишкекте 12 өлкөнүн 900дөн ашуун ишкер аялдары катышкан көргөзмө башталат. “БУУнун Аялдар түзүмү" уюштурган бул иш-чаранын ачылышы "Шератон" мейманканасында өтөт. Көргөзмө 29-апрелге чейин созулуп, жалпы жонунан 23 багытты камтыйт. Анда аялдардын колунан чыккан кийим-кече ж.б. айыл чарба продукциялары коюлат. Кыргызстандан бул иш-чарага катышуу үчүн 70тей аял катталган. Үч күндүк көргөзмө COVID-19 пандемиясы учурунда жана андан кийин ишкер аялдарды колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *