Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 27.04.2021

АКШ: сенаторлор Путинге жакын олигархтарды "кара тизмеге" киргизүүнү сунушташты

Azattyk.org 

АКШда Хельсинки комиссиясынын жетекчилери: сенатор-демократ Бен Кардин, сенатор-республикачы Рожер Уикер жана конгрессмен Жо Уилсон биргелешкен кайрылуусун жарыялап, анда президент Байдендин администрациясын абактагы орусиялык саясатчы Навальныйды колдоо үчүн жандуураак аракеттенүүгө чакырды. Кайрылууда Орусиянын президенти Владимир Путиндин эң жакын айланасына кирген ири ишкерлерди санкциялык тизмеге киргизүү сунушталып, анда конкреттүү ысымдар дагы аталган. Комиссиянын лидерлери абакта отурган... Читать дальше...

Жапаров: Чек ара маселеси мындан ары ачык чечилет

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде "Пирамида" телеканалына маек куруп, коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечүү мындан ары жабык өтпөй турганын, ага бардык тараптар катышарын айтты. "Бизге чейин баары жашыруун чечип келген. 30 жылдан бери бийлик жашыруун чечип, ратификациядан өтүп, кол коюлуп, бекип калгандан кийин биздин жер өтүп кетти деп ызылдап жатпайбызбы. Биз айрым өтүп кеткен жерлерди элге ылайыктап сүйлөшүп жатабыз. Ошондой сүйлөшүүлөр жүргөндө бир жерден берсек, ордуна жер алышыбыз керек. Читать дальше...

Мэрия жол кирени көтөрүү маселесин коомдук талкууга койду

Azattyk.org 

Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты. Биринчи вариант - азыркы бааны калтыруу, экинчиси - автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант - автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда. Жол кире акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн. Читать дальше...

Түркияда коронавируска байланыштуу локдаун жарыяланды

Azattyk.org 

Түркияда коронавирус илдетинин тез жайылышына байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин локдаун жарыяланды. 26-апрелде президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында коронавируска байланышкан чектөөлөр күчөтүлүп, бул ирет толук локдаун киргизилгенин кабарлады. "Орозо айынан кийин кадыресе жашоого кайтып келүү үчүн коронавирустун жаңы жуккан учурларын суткасына 5 миңге түшүрүшүбүз керек. Болбосо, туристтик ишмердүүлүккө кайтып келе албайбыз. 29-апрелде саат 19:00дөн баштап 17-май, таңкы 5:00гө чейин толук локдаун киргизилет", - деди Эрдоган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *