Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 31.08.2021

Акжол Махмудовго батирдин сертификаты жана 10 миң доллар тапшырылды

Azattyk.org 

Токио-2020 олимпиадасында күмүш медал алган Акжол Махмудовго Ош шаарынын мэри менен президенттин өкүлү эки бөлмөлүү батир жана 10 миң АКШ долларын тапшырды.  Батирди мэр Алмаз Мамбетов "Ош шаардык мэриясынын, Ош облустук администрациясынын, шаардык кеңештин атынан"деп тапшырганы менен, мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" белекти демөөрчүлөр бергенин айтты. Бирок демөөрчүнүн тек-жайын маалымдаган жок. "Мэриянын бюджетинен 200 миң сом Махмудовго жана анын машыктыруучурларына бөлүндү. Батирди жергиликтүү курулуш компаниялардын бири берди. Читать дальше...

Беларуста оппозициячыл эки ишмерге өкүм угузулат

Azattyk.org 

6-сентябрда беларус соту оппозициячыл ишмерлер, президенттикке талапкер болгон саясатчы, 14 жылга кесилген Виктор Бабариконун тарапташтары жана беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знакка өкүм угузат. Оппозициялык ишмерлер былтыркы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун режимине каршы жарандардын нааразылык акцияларынын уюштуруучулары катары камалган. Аларга маалымат каражаттарын жана Интернетти колдонуп, бийликти басып алуу үчүн кутумга аралашып... Читать дальше...

Италиядагы мекендештер Эгемендик күнүн белгилешти

Azattyk.org 

Италиядагы кыргызстандыктар Эгемендиктин 30 жылдыгын Болонья шаарында белгилешти. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100гө чукул адам чогулду. Ошондой эле ага Кыргызстандын Италиядагы алгачкы элчиси Таалай Базарбаев, Болонья шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Ошто көкбөрү мелдешинде "Кара-Кулжа" командасы биринчи болду

Azattyk.org 

31-август күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көкбөрү мелдешинде "Кара-Кулжа" командасы биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Ош шаарындагы Төлөйкөн айылындагы ат майданда улуттук ат оюндары боюнча республикалык деңгээлде жана көкбөрү боюнча түштүк аймагындагы командалар арасында президенттин кубогу өткөрүлдү. Байге фонду 370 миң сомду түзгөн оюнга 12 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду "Кара-Кулжа", 2-орунду Өзгөн районунун “Көлдүк” командасы, 3-орунду Токтогул районунан келген команда алды. Читать дальше...

Эгемендик-30: чакырыктар жана коркунучтар

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендиктин отуз жылдыгын белгиледи. Борбордогу салтанатта аскердик парад жана эмгекчилердин жүрүшү өттү. Көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду. Эл аралык лигада “Жети-Өгүз”, биринчи лигада “Көк-Жал” утуп чыкты. АКШ Ооганстандагы эвакуациясын жыйынтыктап, аскерлерин толук чыгарып кетти. Кабул аэропорту толугу менен “Талибандын” колуна өттү.

Орусия: Математик Мифтахов түрмөдө укугу бузулуп жатканына даттанды

Azattyk.org 

Алты жылга абакка кесилген татарстандык таанымал, жаш математик Азат Мифтахов темир тор артында дагы калышы мүмкүн. Ал аялы Елена Горбанга жазган катында шарты катаал Киров облусундагы №17 колониянын администрациясы ар кандай себептер менен аны абактан чыгарбоонун айласын көрүп жатканын айткан. Математик алты айдан кийин мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгууга укуктуу экенин жазган.  28 жаштагы Мифтаховду Москванын соту 2018-жылы бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын желегин өрттөгөнгө тиешеси бар деп таап, алты жылга кескен. Читать дальше...

Жамбылдагы жарылуудан кийин коргоо министри кызматтан кетти

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбылдагы аскердик бөлүктүн кампасындагы жарылуудан кийин кызматтан кетүүгө арыз жазган коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди. 26-августта Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктө болгон жарылууда 15 кишинин өмүрү кыйылды. Коргоо министрлиги адегенде өрт чыгып, анан курал-жарак сакталган кампада алты жарылуу болгонун бышыктады. Аскер бөлүккө жакын жашаган 1200дөй тургун эвакуацияланган. Читать дальше...

АКШ аскерлери Ооганстандан кетти

Azattyk.org 

АКШ Ооганстандагы эвакуациясын жыйынтыктап, аскерин чыгарууну аяктады. Кабул аэропорту толугу менен “Талибандын” колуна өттү. Талибдер коопсуздукту камсыздап, анда буга чейинки туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүүгө убада беришүүдө. Ошол эле кезде Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Панжшер өрөөнүндө талибдер менен каршылык көрсөтүү кыймылынын кагылышуусу тууралуу кабарлар чыкты. АКШ аскердик миссияны өз мөөнөтүндө аяктады Америка Кошмо Штаттары Ооганстандагы аскердик миссиясын жыйынтыктап... Читать дальше...



Швыдкой, Бүлбүл оглу, Иксанов Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарын алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-августта Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой, аталган уюмдун төрагасы, Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүл оглу жана аткаруучу директору Анатолий Иксановго Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарын өз колу менен тапшырды. Михаил Швыдкой — тынчтык, достук жана элдер арасындагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон чоң салымы... Читать дальше...

Анкарада Айкөл Манастын айкели ачылды

Azattyk.org 

31-августта Түркиянын башкалаасы Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында орнотулган Манастын айкели ачылды. Ачылышка Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кыргызстандыктар катышты. Айкелди тургузууга кеткен каражат жеке демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан каржыланганы кабарланды. Ал эми бул иш-чарадан бир күн мурун президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөн. Анда... Читать дальше...

Рахмон дүйнөлүк коомчулукту Ооганстанга көңүл бурууга чакырды

Azattyk.org 

Ооганстанда түзүлгөн өтө кыйын кырдаалда дүйнөлүк державалар четте карап турбашы зарыл, болбосо өлкө узакка созулчу этностук жаңжалга батышы мүмкүн. Бул тууралуу 30-августта тажик президенти Эмомали Рахмон Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолукканда айтты. Рахмондун пикиринде, ооган жергесинде туруктуулук орнотуунун бирден бир фактору - өлкөдөгү бардык этностук топтордун өкүлдөрү кирген өкмөт куруу. Бул тууралуу тажик президенти буга чейин Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши менен жолукканда да айткан. Читать дальше...

Аянттагы аскердик парад, президенттин убадасы

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Буга байланыштуу эң негизги иш-чара Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында болду. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп Кыргызстандын жаңы тарыхындагы урунттуу окуялар, акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык абалына токтолуп, мамлекет демократиялык жолдон кайтпай турганын айтты.

Ле Дриан: "Талибан" Кабул аэропортун башкарууну Түркия жана Катар менен сүйлөшүүдө

Azattyk.org 

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан "Талибан" Кабулдагы эл аралык аэропортту башкарып, өлкөдөн чыгууну каалагандардын кадимки коммерциялык каттамдар менен учуп кетүүсүн жолго коюуну Түркия жана Катар менен сүйлөшүп жатканын айтты. "БУУнун Коопсуздук кеңешинин аэропорттун коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу резолюциясы аткарылууга тийиш", - деди министр Ле Дриан 31-августта француз телеканалына берген интервьюсунда. Анын алдында АКШ ооган жергесинен аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын жарыялаган. Читать дальше...

Султанбаев: Президенттин карыз тууралуу сөзүн айрымдар башкача чечмелешти

Azattyk.org 

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун бүгүн, 31-августта аянтта сүйлөп жатып, карыз тууралуу айтканы боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди. Ал айрым жарандар мамлекет башчынын сөзүн башкача чечмелешти деп эсептейт.  "Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү куттуктоо сөзүндө "Экономикалык оор абалды турукташтыра алдык. Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл финансылык ресурстарды туура колдонуп, чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен бир тыйын да карыз албай... Читать дальше...

Аянтта эгемендиктин жеңиши менен кейиши айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Буга байланыштуу эң негизги иш-чара Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында болду. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп Кыргызстандын жаңы тарыхындагы урунттуу окуялар, акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык абалына токтолуп, мамлекет демократиялык жолдон кайтпай турганын айтты. «Кыргызстан демократия жолунан кайтпайт» Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы салтанатка президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана... Читать дальше...

Бекешев: Кыргызстан быйыл 100 млн. доллардан ашуун карыз алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев Кыргызстан быйыл эл аралык каржы уюмдарынан 100 млн. доллардан ашуун карыз - насыя акча алганын айтты. Депутаттын "Азаттыкка" билдиргени боюнча бул насыяларды алуу келишимин Жогорку Кеңеш ратификациялаган. "Ысык-Көлдү айланган жолдун курулушуна биз үч эл аралык каржы уюмунан 100 млн. доллардан ашуун насыя алганбыз. Бул келишимди Жогорку Кеңеш июнь айынын аягында, каникулга кетердин алдында ратификациялаган. Мындан тышкары Ноокат... Читать дальше...

COVID-19: АКШ "коопсуз" деген тизмеден чыгарылды

Azattyk.org 

Европа Биримдиги мүчө мамлекеттерге коронавируска чалдыккандардын саны өскөнүнө байланыштуу АКШны жана бир нече өлкөлөрдү “коопсуз” деген тизмеден алуу кеңешин берди. 30-августта Жонс Хопкинс университети глобалдык алкакта COVID-19 илдетинен 4 жарым миллиондон ашуун киши көз жумганын билдирди. 30-августта жарык көргөн документте 27 өлкөнү камтыган блок өз жарандарына дагы бир нече өлкөгө пандемия маалында каттабай турууну сунуш кылды. Алардын арасында Израил, Косово, Ливан, Монтенегро жана Түндүк Македония бар. Читать дальше...

Баткен: Эгемендик чек арадан бекемделет

Azattyk.org 

Кыргызстандын 30 жылдыгын майрамдап жаткан баткендиктердин негизги тилеги - чек аранын чечилиши. Алар чек ара бемемделсе Кыргызстан толук түрдө эгемен, эркин өлкө боло алат деп эсептейт. "Азаттык" кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жабыркаган айылдын тургундарынын оюн угуп келди.

Көкбөрү: жогорку лигада "Ынтымак" жеңүүчү болду (видео)

Azattyk.org 

Талас облусунун "Ынтымак" командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада жеңүүчү болду. Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште "Ынтымак" командасы Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасын 7:0 эсебинде жеңип алды. Президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл үч лигада: биринчи лигада, жогорку лигада жана эл аралык лигада өттү. Биринчи лигада 17 команда, эл аралык жана жогорку лигада алтыдан команда ат салышты. Эл аралык лигада... Читать дальше...

Ташкент оогандык учкучтарды талибдерге өткөрүп бериши ыктымал

Azattyk.org 

Өзбекстан эки апта мурун Ооганстандан качып өткөн аскер учкучтарын кайра артка жибериши ыктымал экенин Кошмо Штаттарга эскертти. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы Вашингтондогу ишенимдүү булактарына таянып жазды. Басылманын жазганына караганда, Ташкенттин мындай кадамына талибдердин басымы түрткү болууда. Вашингтондун маалыматына ылайык, Өзбекстан Кошмо Штаттарды оогандык учкучтарды мүмкүн болушунча тез арада үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүүгө чакырууда. Болбосо Ташкент «Талибан» менен... Читать дальше...

COVID-19: Евробиримдик АКШга каттоону чектөөнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Европа Биримдиги АКШда коронавирустун жайылышына байланыштуу зарыл болбосо океандын ары жагына каттабай турууну сунуш кылды. Маалыматтарга караганда, коронавирустун «дельта» штаммына чалдыккандар АКШнын түштүк тарабында көп катталып, жалпысынан вирус өлкөнүн бардык аймагында жайылып жатат. Ошондой эле бир суткада көз жумгандардын орточо саны да көбөйүп баратат. Евробиримдиктин сунушу эч нерсеге милдеттендирбейт жана ар бир өлкө АКШдан келгендерди кандай шартта киргизүүнү өзү чечет. Июнда туристтик... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *