Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 06.09.2021

Беларуста эки оппозиционер 10-11 жылга кесилди

Azattyk.org 

Беларус соту 6-сентябрда оппозициянын алдыңкы өкүлдөрү, Координациялык кеңештин мүчөлөрү Мария Колесникованы 11 жылга, Максим Знакты 10 жылга абакка кести. Сот аларды «улуттук коопсуздукка доо келтире турган аракеттерге чакырык жасаган, бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурган, экстремисттик уюм түзүүгө аракет кылган" деп тапты. Колесникова менен Знак өзүлөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, аны саясий куугунтук катары сыпаттап жатат. Оппозициянын лидери Светлана Тихановская сот өкүмү чыгары... Читать дальше...

Чет өлкөлөрдө 68 миңден ашык шайлоочу катталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын чет өлкөдө добуш бере турган жарандарынын саны 68 691 адам. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-сентябрындагы отурумунда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев маалымдады. Анын айтымында, чет жактагы жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өткөндөн кийин 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере алышат. "2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого пандемиянын айынан катышуу аз болгон. 9300 киши добуш берген. Ал эми январдагы референдум жана... Читать дальше...

Мигранттын балдары: “Атамдан айрылганым арманым”

Azattyk.org 

Ош облусунун тургуну Зарина Чилова ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын колунда чоңойгон. Ал өз мисалында Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин алыска ата-энесин узаткан балдардын жашоосун баяндайт. Ал он жыл мурда мекенине кайтып келип, атасынан айрылган. Зарина Чилова балдар бүтүн үй-бүлөдө чоңоюп, “мигранттын балдары” түшүнүгү жоюлушун каалайт.

БШК: Бир мандаттуу аймактардын талапкерлеринин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат

Azattyk.org 

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактардан катышчу талапкерлердин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана бул жараянды ишке ашыруунун календарлык планына ылайык, бир мандаттуу жол менен шайланууну көздөгөн талапкерлердин арыздары шайлоо аймактары такталгандан кийин 45 күндүн ичинде кабыл алынат", - деп билдирет БШК. Ал эми шайлоо аймактарын... Читать дальше...

Тажикстандык белгилүү диниятчынын уулу Орусияда камалды

Azattyk.org 

Орусиянын курамындагы Татарстанда Тажикстандын өтүнүчүнүн негизинде тажикстандык белгилүү диний ишмер, маркум Саид Киёмиддин Гозинин уулу Баракатулло Гозиев камакка алынды. Анын жакындары "Эркин Европа / Азаттыкка" билдиришкендей, Гозиевди камакка алуу чечими өткөн айда чыккан. Казан шаарындагы Совет райондук соту 35 жаштагы Гозиев Тажикстандын өтүнүчү менен 15-августта 40 күнгө камалганын "Азаттыкка" ырастады. Соттун маалыматына ылайык, Гозиевге мекенинде "Диний кастыкты козутуу" жана "Мамлекетке... Читать дальше...

Беларуста оппозициянын алдыңкы мүчөлөрүнө өкүм чыкканы жатат

Azattyk.org 

Беларус соту 6-сентябрда оппозициянын алдыңкы өкүлдөрү, Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знакка өкүм чыгарганы жатат. Алар «улуттук коопсуздукка доо келтире турган аракеттерге чакырык жасашкан, бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурууга аракет кылышкан, экстремисттик уюмду түзүп, жетектеген» деп айыпталып жатышат. Колесникова менен Знак өзүлөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, аны саясий куугунтук катары сыпатташууда. Ал эми Кошмо Штаттар айыптоолорду «ойлонуп табылган» деп мүнөздөгөн. Читать дальше...

Расулбеков: Олимпиадада кетирген каталарым ийгилик жаратууга ишеним берди

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада кетирген каталары ийгилик жаратууга ишеним бергенин айтты.

"Шамбала" тасмасы Москвадагы фестивалда сыйлыкка татыды

Azattyk.org 

Москва шаарында өткөн "Биз жашайбыз!" аттуу кинофестивалда режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан “Шамбала” тасмасы эки сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  27-августтан 3-сентябрга чейин өткөн фестивалда тасма “Толук метраждуу кинодо мыкты операторлук иши үчүн” аттуу номинацияны жеңип, операторлор Акжол Бекболотов менен Мурат Алиев кинофестивалдын дипломдору менен сыйланды. Мындан сырткары, Сүйүндүков фестивалдын президентинин сыйлыгына ээ болду. Читать дальше...



"Талибан" Панжшерди ээлегенин билдирди, Масуддун күчтөрү четке какты

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясына толук көзөмөлүн орнотконун билдирүүдө. Бирок бул маалыматты аймактагы талибдер турган "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту" четке какты. Азырынча "Талибандын" билдирүүсүн көз карандысыз башка булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. "Талибан" бул аймакты ээлегенин кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 6-сентябрда билдирди. "Бул жеңиш менен биздин өлкө согуштун сазынан толугу менен чыгарылды", - деди... Читать дальше...

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу сот отуруму уланууда

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшү боюнча сот отурумун улантты. Мамлекеттик айыптоочу Айзаданы уурдоого катышы бар делген беш адамды 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылды. Сот отурумунун жыйынтыгы али чыга электигин Канатбекованын үй-бүлөсүнүн адвокаты Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" маалымдады. Уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованы кыйнап өлтүргөнү айтылган Замирбек Теңизбаевге карата кылмыш... Читать дальше...

Азиз Аалиев Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болду

Azattyk.org 

Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Аалиев 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Ага чейин фонддун башкармалыгынын мүчөсү, өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүн башкарган. Аалиев Айбек Жунушалиевдин ордуна келди. Жунушалиев 12-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткарып... Читать дальше...

ЖАМК Жалал-Абаддагы тергөө изоляторун текшерет

Azattyk.org 

№53 тергөө изоляторундагы адам укугунун бузулушу жана тазалык боюнча кайрылуудан кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилиги, жооптуу инспекторлор 6-сентябрда Жалал-Абад шаарына кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЖАМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү тергөө изоляторунда кармалгандардын укугу бузулуп, айрым аялдар сексуалдык ыдык көргөнүн маалымдаган. Ошондой эле, изолятордун ашканасында тазалык сакталбай... Читать дальше...

Билим берүү министрлиги: окуучулар беткап тагынууга милдеттүү эмес

Azattyk.org 

Окуучуларга мектепте маска тагынуу талабы коюлбайт, бирок сунуштама берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мектепке кирерде окуучулардын дене табын текшерүү, санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат. "Бет кап тагынуунун дагы өзүнүн эрежелери бар. Балдарга милдеттүү деп айткан учурда дагы алар 5-6 күн бир масканы чечпей кийиши мүмкүн. Аны көзөмөлдөө кыйын. Ошондуктан биз маска боюнча сунуштама гана берип жатабыз", - деди Абдылдаева. Читать дальше...

Түркиянын белгилүү актрисасы Мерием Үзерли Бишкекке келди

Azattyk.org 

Asian World Film фестивалы жана Aitysh USA бирикмеси жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Азия аймактык телесериалдар үчүн сыйлык уюштуруларын кабарлады. Бул долбоордун бет ачары бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте өтүүдө. Ага немис-түрк актрисасы Мерием Үзерли келип катышууда. Теги түркиялык, Германияда жашаган актриса "Даңазалуу доор" кино-сериалында тарыхый инсан Хүррем султандын ролун аткарып, дүйнөгө таанылган. Asian World TV Series аттуу сыйлыкты тапшыруу 2022-жылдын май айынын баш жагына белгиленип жатат. Читать дальше...

Коронавирус жуктурган 326 бейтаптын абалы оор

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 326 бейтаптын абалы оор. Алардын ичинен 74 кишинин абалын өтө оор деп айтылды.  Азыр ооруканада 845 адам жатат, дагы 1109 бейтап үйдөн дарыланууда. Ушул күндөрү өлкө боюнча калкты коронавирсука каршы массалык эмдөө акциясы жүрүп жатат. Эмделгендердин саны 6-сентябрга карата жалпысынан 1 млн.182 миңден ашты. Алардын 701 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алды. (КЕ)

Жалал-Абадда тергөө изоляторунда отурган аялдардын укугу бузулган

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы тергөө изоляторунда кармалып турган аялдардын жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү кабарлады. Аталган борбордун бир нече өкүлү Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагында болушкан. Жабык жайдагы бир нече аял аларды кармоо шарттарына карата нааразылыгын билдирген.  Аялдардын биринин айтымында, Ж.М аттуу кызматкер аны кысымга алып, интимдик жерлерине тийген, муну токтотууну сураганда... Читать дальше...

Москва: мушташкандардын кесепети мигранттарга тийди

Azattyk.org 

Орусия башкалаасы Москвада июль айынын башында болгон кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү дагы деле тыйылбай, депортация кылуу күчөгөнү айтылууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да козголуп, мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлдү.

Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду

Azattyk.org 

Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду. France-Presse агенттиги кабарлагандай, атайын күчтөрдүн аскерлери жекшембиде видео кайрылуу таратып, өлкөнү он жылдан ашык башкарган президент Альф Конде камакка алынганын жарыялады. Гвинеянын Коргоо министрлиги мамлекет башчысы кармалганын четке кагып, алар кол салгандардын тобун президенттик сарайдан кууп чыкканын билдирген. Көп өтпөй козголоңчулардын лидери Мамад Думбуя мамлекеттик телеканалдын эфиринен чыгып, президенттин кармалганын ырастады. ... Читать дальше...

COVID-19: төрт бейтап каза болуп, 109 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 6-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан төрт киши каза тапты.  Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 554 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 109 адамдан табылды. Алардын көбү Бишкек шаарында катталган (36). Андан кийин Чүй (31) жана Ысык-Көл облустары (29) турат. Ошто катталган эмес, калган аймактарды вирусту жуктургандардын саны 1-5 кишиге чейин. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы... Читать дальше...

Жолдо төгүлгөн кан: жоопкерчиликти унуткарган коррупция

Azattyk.org 

Кыргызстанда сегиз айда 497 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул күнүгө экиден киши көз жумат дегендик. Кырсыктардын көп катталып жатканына эмне себеп?    Мас айдоочу, он кабыргасы сынган келин 31-августта таңкы саат 6:48де Бишкектеги Юнусалиев көчөсүндө айдоочу автоунаасын башкара албай калып, 39 жаштагы келинди сүзгөн. Оор жараат алган келин ооруканага жеткирилет. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы маалымат таратты. Анда машине айдаган 23 жаштагы айдоочу мас абалда болгону ачыкка чыкты. Читать дальше...

Балбан Нурмамбет Раймалы уулу КМШ оюндарынын чемпиону болду

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндарында кыргызстандык балбан Нурмамбет Раймалы уулу алтын медал тагынды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, ал 5-сентябрда бел боо күрөшүнөн 100 килограмм салмакта финалда казакстандык Зангар Жанабекти жеңип алды. Бул күнү Раймалы уулунан сырткары күрөштүн ушул эле түрүнөн кыргызстандык спортчулар беш күмүш жана эки коло байге алышты. Күмүш байгелерге Калысбек Кайымов (62 кг), Хабибулло Тынчтык уулу (68 кг)... Читать дальше...

Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун башчысы Ахмад Масуд "Талибан" кыймылынын жаңжалды тынч жол менен жайгаруу боюнча сүйлөшүү сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкканын Рейтер агенттиги кабарлады. Агенттиктин маалыматы боюнча, талиб күчтөрү Панжшердин борбору Базаракка киргенин жарыялашкан. "Эгер талибдер дагы Панжшер менен Андарабдагы чабуулдарын жана согуштук аракеттерин токтотсо, туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронту” согушту токтотууга даяр"... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *