Түндүк Кореяда түнкү аскердик парад өттү
Түндүк Корея 9-сентябрга караган түнү республиканын түзүлгөнүнүн 73 жылдыгына карата жарым-жартылай аскердик парад өткөрдү. Кореянын борбордук маалымат агенттиги Пхеньяндагы башкы аянтта уюштурулган парадга өлкөнүн бийликти бир колго топтогон лидери Ким Чен Ын өзү катышканын кабарлады. Түндүк Корея адатта аскердик параддарды жаңы курал-жарактарын жана ракеталык системаларын көрсөтүү үчүн колдонуп келет. Бирок иш-чарадан кийин жарыяланган сүрөттөрдө жаңы аскердик техникалар байкалган жок. Дүйнөдөгү... Читать дальше...