Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 14.09.2021

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 82 кишиден жаңы табылды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2576 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 82 адамдан табылды. Бишкек - 40 Чүй облусу – 19 Талас облусу - 3 Нарын облусу - 5 Ысык-Көл облусу – 7 Жалал-Абад облусу – 6 Баткен облусу - 2 Ош шаары менен Ош облустарында катталган эмес. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын... Читать дальше...

"Талибан" түзгөн өкмөт Дүйшөмбүдөгү ШКУнун жыйынына катышпайт

Azattyk.org 

16-17-сентябрда Дүйшөмбүдө өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнүн 20 жылдык саммитине Ооганстандын делегациясы катышпайт. Бул тууралуу орусиялык медиа каражаттары аймактык уюмдун расмий өкүлүнө таянып билдирди. Орусиянын президентинин Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Бахтиер Хакимов "ШКУнун иш-чарасына конокторду чакыруу уюмга төрагалык кылган – мамлекеттин башчысынын карамагындагы иш. Ооганстан ШКУга байкоочу мамлекет болгондуктан, саммитке чакыруу өлкөнүн мурдагы жетекчилигине жиберилген. Читать дальше...

Донорлор Ооганстанда гуманитардык кризиске жол бербөө үчүн 1 миллиард доллар убада кылышты

Azattyk.org 

Ооганстанга жардам катары 1 миллиард доллар убада кылынганын Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антонио Гутерриш 13-сентябрда донорлордун эл аралык конференциясынын жыйынтыгында билдирди. Женевада өткөн конференцияда сүйлөп жатып ал согуштан жана кургакчылыктан жапа чегип турган Ооганстанга жардам берүү үчүн кол сунууга чакырды. “Ондогон жылдардан берки согуштан, жабыркоодон жана коопсуз тынч жашоонун жоктугунан оогандыктар азыр эң оор күндөрдү баштан өткөрүүдө”, - деди Баш катчы 40ка жакын өлкөнүн өкүлү катышкан жыйында. Читать дальше...

Блинкен: АКШ Ооганстан боюнча ролун аныктоо үчүн Пакистанга карата мамилесин карап чыгат

Azattyk.org 

АКШ Ооганстандын келечеги боюнча ролун аныктоо үчүн жакынкы арада Пакистанга карата мамилесин карап чыгат. Бул тууралуу 13-сентябрда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Конгрессте сүйлөп жатып билдирди. “Биз Пакистан соңку 20 жыл ичинде кандай роль ойногонун карап чыгып, өзүбүздүн да жакынкы жылдарга карата багытыбызды аныктайбыз”, - деди Блинкен Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан бери Конгресстеги алгачкы сөзүндө. Блинкен Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинде... Читать дальше...

Меркель: Батыш Балкан өлкөлөрү ЕБга кириш үчүн “узак жолдон” өтүшү зарыл

Azattyk.org 

Немис канцлери Ангела Меркель алты батыш-балкан өлкөсүнүн Европа Биримдигинин катарына кирүүсү Германиянын максаттарынын бири экенин, бирок ал мамлекеттер бирикмеге мүчө болуу үчүн “узак жолдон” өтүшү керектигин айтты. Мындай пикирин ал 13-сентябрда Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда билдирди. Германиянын өкмөт башчысы катары кызматы жыйынтыкталып жаткан Меркелдин иш сапары бүгүн 14-сентябрда коңшу Сербияда уланат. Ал серб өкмөтүнүн башчысы... Читать дальше...

Айылда жумушсуз отургандар үчүн социалдык тигүү цехтери ачылууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда социалдык тигүү цехтерин ачууга багытталган KyrgyzAiylTextile (“КыргызАйылТекстиль”) долбоору ишке ашырыла баштады. Анын максаты – айылда жумушсуз отургандарга жардам берүү экенин 13-сентябрда “Азаттык” радиосуна долбоордун демилгечиси, экономист Элдар Абакиров билдирди: “Кыргызстандын жараны катары, экономист катары миграция маселесин кантип чечсек болот деп ойлондум. Көп балдар энеси жок чоңоюуда, айылда жумушсуздук. Үйдө отурган көп аялдардын убактысы бар, бирок жумушу жок. Орусиядан көп буюртма алса болот экен... Читать дальше...



БШК: Шайлоочулар саны 81 миңге көбөйдү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, тизмеге 3 миллион 686 миң адам кирди, алардын 48% эркектер, 52% аял шайлоочулар. Быйыл 11-апрелде өткөн референдумга карата катталган шайлоочулардын санынан бул дээрлик 81 миңге көп. Шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден 19-сентябрдан тартып 12-ноябрга чейин тактай алат. Такталган тизме 18-ноябрда жарыяланат. Бир ай мурда БШК шайлоочуларга кайрылып, паспортундагы... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сот дээрлик беш айдан кийин кайра улана баштады

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча дээрлик беш айдан бери токтоп турган сот 20-сентябрда уланмай болду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун текшерүү үчүн дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, сот отуруму 13-сентябрга белгиленген. Бирок судья Азирет Медеров ооруп калганына байланыштуу кийинки аптага калтырылганын Атамбаевдин тарапташтары билдиришти. Адвокат Замир Жоошев экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, Атамбаевге “жүрөктүн коронардык оорусу” жана “омуртка сөөктөрүнүн остеохондрозу” деген диагноз коюлганын... Читать дальше...

15-сентябрдан тартып бала бакчалар да кадимки тартипте иштөөгө өтөт

Azattyk.org 

Эртең, 15-сентябрдан тартып Кыргызстанда бардык мамлекеттик бала бакчалар да кадимки тартипте иштөөсүн баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата бала бакчалардын кызматкерлеринин 82% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Кыргызстанда жалпысынан 1648 мамлекеттик бала бакча бар. Алардын баары 2020-жылдын жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган бойдон толук ачыла элек. 15-сентябрда мектептер да мурдагыдай тартипте ишке киришет. Читать дальше...

Ош: Бабур театрынын толук реконструкциясы башталды

Azattyk.org 

Ошто Бабур атындагы драма театрын толук реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу шаар башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жаңылоо иштери келерки жылдын башында жыйынтыкталат. Жалпысынан 5 миллион долларлык каражат сарпталат. Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун быйыл жазында Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган. Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Читать дальше...

Уран жана торий казууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору талкууга коюлду

Azattyk.org 

Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган “Жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Эгер ал жактырылып, кабыл алынса 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзүп иштей алышат. Башкаларда мындай укук болбойт. Курамында уран жана торий бар калдыктарды... Читать дальше...

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдардан арыздар кабыл алына баштады

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын бере баштады. 13-сентябрга карата, БШК билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөн Арсланбек Малиевден, Акылбек Сариевден жана Атамша Дурсуновдон арыз түштү. 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга... Читать дальше...

Бишкек: 75 миң окуучуга эсептелген мектептерде 170 миң бала билим алууда

Azattyk.org 

Бишкекте муниципалдык мектептерде окуучулардын саны нормадан 2-3 эсе көп болууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, 75 миң балага эсептелген орто мектептерде 170 миң бала билим алууда. Бишкек шаарында 89 муниципалдык мектеп бар. Кыргызстанда жалпысынан 2200дөй мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылган мектептер быйыл 15-сентябрда ачылып, кадимки тартипте иштөөгө өткөнү жатат. Читать дальше...

Кыргызстан менен Орусия Ысык-Көлдө биргелешкен машыгуу өткөрүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Орусия бул күндөрү маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча биргелешкен машыгуу өткөрүүдө. Ысык-Көлдө 13-сентябрда башталган машыгуу 17-сентябрда жыйынтыкталарын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Иш-чаранын ачылышына Орусиянын ички жана тышкы иштер министрликтеринин, Росгвардиянын өкүлдөрү, алдыңкы орусиялык өндүрүүчүлөр, Бириккен Улуттар Уюмунун маңзаттар жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Читать дальше...

Бүгүн “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы ачылат

Azattyk.org 

Бүгүн 14-сентябрда Бишкекте “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” эл аралык кинофестивалынын ачылышы болот. КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышкан фестиваль быйыл Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналууда. Онунчу жыл уюштурулуп жаткан иш-чара мурдагы союздук республикалардын киночулары чогулуп, тасмаларын чогуу көрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен долбоорлорун талкуулап туруучу аянтчага айланды. Кинофестивалды КМШнын Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекет аралык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *