Атаандашы Шевченкодон оор чыкты. Мушкерлер беттеш алдында таразага түшкөн видео
АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 мелдешинин алдында мушкерлердин таразага түшүү жөрөлгөсү болду. Спортчулардын баарынын салмагы ченден ашкан жок.
АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 мелдешинин алдында мушкерлердин таразага түшүү жөрөлгөсү болду. Спортчулардын баарынын салмагы ченден ашкан жок.
Батыш Казакстан облусунда 27 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү "Мой город" сайты кабарлады. Маалыматка караганда, окуу жылы башталгандан тартып 306 окуучуга коронавирус жуккан. 1-сентябрдан бери 62 мугалимден COVID-19 табылган. Мыдан улам 27 мектепте 46 классты карантинге кетирүү тууралуу чечим чыкканын Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Айдар Нуралиев билдирди. Казакстанда 1-сентябрдан тартып окуучулардын басымдуу бөлүгү офлайн окууга өткөн. Буга чейин Чымкентте 5 миң... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Ош жол тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жол тилкесине асфальт-бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жагымдуу болсо курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган. Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп... Читать дальше...
"Эже-сиңдилер" бул ирээт интернетте жана офлайн жашоодо оңой акча табуу жана тез натыйжаларга жетишүүнүн жарнамасы кандай зыян келтириши мүмкүн жана тармактык бизнестин тобокелдиктери тууралуу кеп салды.
Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 24-сентябрга карата 30га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Алар – Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Байыш Курманов, Айбек Алтынбеков, Актилек Нурланбеков, Абдижалил Насиров, Канат Исаев жана Бакыт Төлөгөнов, Айбек Алымжанов, Манас Шаимкулов, Баймурат Бекмуратов, Нурали Талипов , Тилек Усупов... Читать дальше...
Тажикстан жана Өзбекстандын кинематографисттери соңку 30 жылда биринчи жолу биргелишип фильм тартууну макулдашты. Биринчи долбоор тажик жана өзбек адабиятынын классиктери Нуриддин Абдуррахман Жами жана Алишер Навои тууралуу болмокчу. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Съемка 15-кылымдагы эки улуу акындын жашоосунда маанилүү роль ойногон Самарканд менен Ооганстандын түндүк-батышындагы Герат шаарында боло турганы айтылган. "Тажикфильм" киностудиясынын директорунун орун басары Толиб... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Сариевди №33 Нарын шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына алгачкы талапкер катары расмий каттады. Сариев шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат. 20-сентябрга карата Боршайком билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөндөр 30 болду. Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга... Читать дальше...
Кыргызстанда күйүүчү май былтыркыга караганда 50 пайызга чейин кымбаттады. Аны менен кошо азык-түлүк жана күндөлүк керектөөчү товарлардын баасы өстү. Буга чейин күйүүчү майды жеңилдик менен берип келген Орусия сентябрда ага экспорттук төлөмдү кайра киргизди. Баа саясаты мунай өндүрүү кыскарганына байланыштуу экени айтылып, бирок андан башка саясий себептери да аталууда. Алкынган баалар Бишкекте 24-сентябрга карата Кыргызстандагы эң ири «Газпромнефт-Азия» компаниясынын май куюучу жайларында «Евро-5»... Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 25-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2599 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 79 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (41 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 178 202 адамга жетти. Бир күндө 107 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 508 бейтап жатат, дагы 853ү үйдөн дарыланууда. Читать дальше...