Текебаев Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтты
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакта кармалып турушу боюнча пикирин "Новые лица" басылмасына курган маегинде билдирген. Анда Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактырбасын ачык айткан: "Мен Атамбаевди жактырбайм, бирок азыр объективдүү оюмду айтып коюшум керек. Мендеги маалыматтарга караганда, Алмазбек Атамбаевге карата айыптоочу чечим же токтом жок. Атамбаев соттолгон жок. Ошондуктан, аны эки жыл түрмөдө кармап отуруу ынанымсыз. Читать дальше...