Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 29.09.2021

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына ылайык, 30-сентябрда Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Талас облусунда жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 6 … 11, күндүз 19 … 24; Талас облусунда түнкүсүн 2 … 7, күндүз 20 … 25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9 … 14, күндүз 24… 29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5 … 10, күндүз 19 … 24; Нарын облусунда түнкүсүн 3 … 8, күндүз 20 … 25 градус жылуу болот. Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаев алынып келген жок

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап, соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келген жок. Ушул иш боюнча айыпталып жаткан президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков сотко катышты. Отурумду "Апрель" телеканалы түз көрсөтүп жаткан, бирок сот видео тартууга уруксат берген жок. Атамбаевдин жактоочуларынын бири Сергей Слесарев сот отуруму 4-октябрга жылдырылганын билдирди. Ошондой эле, Атамбаев... Читать дальше...

Ооганстандагы казактар түпкү мекенине кайтууну каалайт

Azattyk.org 

26-сентябрда Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев Кабул шаарында “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукту. Казакстандык маалымат каражаттары жазгандай, бул казак бийлигинин расмий өкүлүнүн талибдер менен алгачкы сүйлөшүүсү. Кабулдагы жолугушууда оогандык казактарды чыгарып кетүү тууралуу сөз болгону беймаалым калды.

Жолон акындын поэзиясы Стамбулда жаңырды

Azattyk.org 

28-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы маданият борборунда Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Кечеге кыргыздын таланттуу уулунун жубайы акын, жазуучу Менди Мамазаирова, кыргызстандык адабиятчылар жана түркиялык коомдук ишмерлер катышты.

Маратбек Акимбеков ОшТВнын башкы директору болуп дайындалды

Azattyk.org 

Маратбек Акимбеков ОшТВ телеканалына башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Акимбеков өзү тастыктады. Жаңы жетекчини Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы 29-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырды. Маратбек Акимбеков эмгек жолун ОшТВда кабарчы болуп баштаган. Буга чейин "7-канал", "Ош пирим" "Т-Медиа" каналында, "Ынтымак" медиада жана "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы болуп иштеген. Телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеген. ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Читать дальше...

"Шамбала" жана "Сальвадор Дали" тасмалары Мароккодо өтчү фестивалга катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандык кинорежиссерлор тарткан "Шамбала" жана "Сальвадор Дали" тасмалары Мароккодо өтө турган киновестивалга катышат. "Айтыш" фондунан кабарлашкандай, фестиваль 21-30-октябрь күндөрү Рабат шаарында өтөт. Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон. Режиссеру Артыкпай Сүйүндүков. Читать дальше...

Бөкөнтаев Убактылуу өкмөт ага жок жерден кылмыш ишин козгогонун айтты

Azattyk.org 

Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлиги сунушталып жаткан Кубанычбек Бөкөнтаев 2010-жылы өзүнө карата козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берди. Ал депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, апрель окуясынан кийин "Өнүктүрүү фондунда 220 млн. сом бар" деп элге ачык жарыя кылганы үчүн Убактылуу өкмөттүн куугунтугуна кабылганын айтты: "Апрель окуясына чейин мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бардык акча таланып-тонолгонун... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловдун арызын кабыл алды

Azattyk.org 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызына Жогорку Кеңештин 62 депутаты макулдук берип, эки депутат каршы добуш берди. Жыйынга 66 депутат катталган. Ушул тапта парламент Улуттук банктын төрагалыгына талапкер - Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун карап жатат. Мамлекет башчынын сунушун депутаттарга өкүл Анарбек Калматов тааныштырды. Толкунбек Абдыгулов президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын... Читать дальше...



Эмдөөгө байланыштуу блогер жалдоо тендери болбой калды

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда полиомиелит (шал оорусу) жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн маалыматтык өнөктүк үчүн тендер болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева Facebook баракчасына жазды. "Дээрлик 1,5 млн. сомго блогерлердин кызматына тендер жарыяланганы тууралуу маалымат бизге жетери менен аны жокко чыгаруу чечими чыкты. Бул бюджеттик акчаны максатсыз чыгым кылуу деп эсептейм жана бул тендер болбой калды", - деп жазган вице-премьер-министр. Читать дальше...

Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) аймагында илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев он жылдай мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу демилгесин көтөргөнүн айтып, эми президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун белгиледи. Мамлекет башчынын куттуктоо сөзүн Абыкеев окуп берди.  "Академик атабыз кыргыз тили менен кошо кыргыз элинин маданиятын... Читать дальше...

Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которгон

Azattyk.org 

Улуттук банк Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которуп бергенин банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов ырастады. Ал бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга мыйзам жол берет деди. "Ооба, бул маалымат чын. Мыйзам боюнча жана эл аралык талаптарга ылайык, биз кирешенин бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда которууга укугубуз бар. Бирок бул сумма кирешенин үчтөн бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Эл аралык аудитор менен макулдашып, 2,5 млрд. Читать дальше...

Абдыгулов: Кызматтан өз каалоом менен кеттим

Azattyk.org 

Улуттук банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин депутаттарына өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди. Ал депутаттардын колдоолоруна ыраазычылыгын билдирип, башка кызматка кетип жатканы үчүн Улуттук банктын төрагалыгынан баш тартканын айтты. "Мага эч кандай саясий басым болгон жок. Мен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп баратам. Бул тууралуу бүгүн президент буйрук чыгарды. Ал жакта да Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейбиз",-деди Абдыгулов. Читать дальше...

Депутаттар экологияга көңүл бурууну талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-сентябрдагы отурумунда айрым депутаттар бийликти экологияга көңүл бурууга чакырды. КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Дастан Бекешев Бишкектеги ботаникалык бакка көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. "Ботаникалык бак бир нече ирет күйдү. Аны бирөөлөр атайын өрттөп жатканы көрүнүп турат. Эки күн мурун Бишкекти кандай чаң каптаганын баарыбыз көрдүк. Эгер ботаникалык бак жок болсо, бизде дем алууга аба жетпей калат". Бекешев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн Бишкектеги ботаникалык... Читать дальше...

Парламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун арызын кароодо

Azattyk.org 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү жөнүндө арызы бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңеште каралып жатат. Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов депутаттарга Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү боюнча өзү каалоосу менен арыз жазганын маалымдады. "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев Улуттук банктын төрагасына эл аралык деңгээлдеги алдамчылар тарабынан чабуул жасалып, курмандыкка чабылып жатат деген пикирин айтты. Читать дальше...

Өлкөнүн бокс боюнча машыктыруучулары толугу менен иштен кетмей болду. Себеби

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Эреже боюнча, ар бир олимпиадалык циклде спорттун бардык эле түрүндө машыктыруучулар маселеси каралат. Алар жетишкен ийгилигине жараша кийинки мөөнөткө кайра дайындалышы мүмкүн.

Депутаттар Кумтөрдүн иши тууралуу өкмөттүн отчет берүүсүн талап кылды

Azattyk.org 

Министрлер кабинети Кумтөр алтын кенинин иши тууралуу толук отчет берүүсүн бир катар депутаттар бүгүн, 29-сентябрдагы парламенттин отурумунда айтып чыкты. "Ата мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко кендин азыркы иши тууралуу элге толук маалымат берилбей жатканын билдирди. Депутат бул маселени парламенттин кезексиз отурумун чакырып, кароону сунуштады. Ал эми "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев Кумтөр маселеси боюнча Министрлер кабинети парламентке келип, толук отчет берүүгө тийиш деп эсептейт... Читать дальше...

Бишкекте маалыматтык технологиялар форуму өтүүдө

Azattyk.org 

Маалыматтык технологияларга арналган кезектеги Кыргыз маалыматтык технологиялар ("КИТ - 2021") форуму Бишкекте өтүп жатат. Ага АКШ, Канада, Орусия, Грузия, Казакстан жана Кыргызстандын IT компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Форумдун алкагында Кыргызстандагы маалымат технологияларын өнүктүрүү боюнча талкуулар жүрөт. Бул жылкы форум пандемия шартындагы санарип тармактагы маселелерге, трансформацияларга, жаңы тренддерге арналат. "Digital Week" санариптик өнүктүрүү жумалыгынын алкагында уюштурулган... Читать дальше...

Тыңшоолордун төркүнү эмнеде? Асанов менен Сарыбаевдин иши

Azattyk.org 

Бийликти күч менен басып алууга шек саналып камалган Алмаз Сарыбаев ден соолугу начарлап, убактылуу кармоочу жайдан жеке ооруканалардын бирине которулду. Ал өзүнө коюлган айыпка макул болбой 17-сентябрда ачкачылык жарыялаган. Ал тапта бул иш боюнча камакка алынган Курсан Асановдун адвокаты кылмыш ишин козгоого жол ачкан аудиожазууну экспертизадан өткөрүүгө өтүнүч берди. Кыргызстанда жашыруун жазылган аудио аркылуу саясатчылар камакка алынып соттолгон окуялар бар. Анын мыйзамдуулугу дайыма талаш жаратат. Читать дальше...

28-ноябрда төрт айылдык кеңеште шайлоо өтөт

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 28-ноябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Борбордук шайлоо комиссиясына аталган айылдык кеңештерге шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. Ушул күнү кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы шайлайт. Читать дальше...

Электрди үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга тыюу салынды

Azattyk.org 

"Улуттук энергохолдинг" ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп жатканын ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон. "Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө... Читать дальше...

Абактагылар үчүн компьютердик класс ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы №1 түзөтүү мекемесинин курамындагы №5 орто окуу жайга компьютердик класс ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. "СПИД Чыгыш-Батыш" аттуу коомдук фонд жана DVV International уюмдарынын колдоосу менен ачылган класста 12 заманбап компьютер, 2 принтер, санариптик экран, эмеректер коюлган. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар эми компьютердик сабаттуулугун да жойо алышат. Буга чейин DVV International уюму абактагыларга электрик, чачтарач, тигүүчү... Читать дальше...

Кыргызстандын Италиядагы элчиси ишеним громатасын тапшырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев аталган өлкөнүн президенти Сержо Маттареллага 28-cентябрда ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарадан соң элчи Базарбаев Италиянын президенти менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамиле тууралуу сүйлөшүү өткөргөн. Анда Таалай Базарбаев Кыргызстан менен Италия кийинки жылы дипломатиялык алака түзгөнүнүн 30 жылдыгын белгилерин, анын алкагында бир катар иш-чаралар пландалганын, ноябрь айында италиялык... Читать дальше...

Кыргызстан АКШнын Монтана штаты менен аскерий багытта кызматташат

Azattyk.org 

АКШнын Монтана штатынын адъютант-генералы Питер Хронек Кыргызстанга атайын сапар менен келип, өзгөчө кырдаалдар министри, тышкы иштер министринин орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын төрагасы менен жолукту. "Монтана штатынын аскерий бөлүгү Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, табигый апааттарда аскерий жардам көрсөтүүнүн сапатын арттыруу үчүн кызматташтыкты улантмакчы. Билим берүү, тажрыйба алмашуу жаатында бир катар долбоорлор пландалууда",... Читать дальше...

Америкалык ырчы 11 кишиге жыныстык зомбулук көрсөткөн деп айыпталды

Azattyk.org 

Америкалык белгилүү ырчы Ар Келли (R.Kelly) жыныстык зомбулук көрсөткөнү үчүн айыптуу деп табылды. Ал 20 жыл бою 11 кишини, арасында балдарды зордуктаганы айтылууда. 27-сентябрда АКШнын Бруклин федералдык сотундагы отурумда сот арачылары 54 жаштагы Керриге коюлган айыпты бир добуштан колдошту. Ага карата өкүм 2022-жылдын май айында окулат деп күтүлүүдө. Ырчы узак мөөнөткө түрмөгө кесилиши мүмкүн. Алты аптага созулган сот жараянында 11 аял жана эки эркек күбө катары көрсөтмө берип, Келлинин зордукчул аракеттерин айтышты. Читать дальше...

Коронавирустан бир бейтап каза болду, 69 учур жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 29-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир бейтап каза болуп, 69 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Бишкек - 38 Чүй облусу – 17 Ош облусу – 4 Ысык-Көл облусу – 9 Баткен облусу - 1 Ош шаарында, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында вирус жуктургандар катталган жок. Бүгүнкү күнү 454 адам ооруканада, 803 бейтап үйдөн дарыланып жатат. ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *