Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 04.04.2022

Атамбаевдин абалы начарлап, "Тез жардам" алып кетти

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өттү. Сот отуруму бүткөндөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы абалы начарлап, "Тез жардам" чакыртылган. Алмазбек Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага жасалып жаткан мамилени "майдачылдык" деп атаган. Ал анын түрмөдөгү шарты Сооронбай Жээнбеков тушундагыга караганда жакшы экенин айткан. Буга чейин 23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып, отурум 30-мартка калтырылган. Читать дальше...

Медициналык камсыздандыруу системасы реформаланат

Azattyk.org 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө чоң команда иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын чаралар көрүлө турганын кошумчалады. Президенттин айтымында, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Читать дальше...

Next TV телеканалы эфирин калыбына келтирүү аракетин көрүүдө

Azattyk.org 

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбековдун маалыматына ылайык, бүгүн каналдын кызматкерлери башка кеңседе эфирди калыбына келтирүү аракетин көрүп, тесттик режимде ишин баштады. “Биз мыйзамды сыйлайбыз, сот биздин телеканалды эфирге чыгуу мүмкүндүгүнөн ажыраткан жок. Азыр текшерүү гана жүрүп жатат. Эгер техникалык жактан аракетибиз ишке ашса, эфирди уланта беребиз. Эгер болбой калса, эфирди токтотууга туура келет”,-деди Жээнбеков. Телеканал азырынча өз продукциясын чыгара элек. Бирок “Азаттык”... Читать дальше...

Президент чыгымдарды азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, чыгымдарды азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырды. Мамлекет башчы бүгүн, 4-апрелде социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып азыр абал оор экенин, бардык жерде баалар өсүп, кымбатчылык болуп жатканын айтты. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн экенин эскертти. "Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *