Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 22.04.2022

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында финалга чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны таза жеңди (6:0). Ага чейин монголиялык Хонгорзул Болдсайханды 7:3 эсебинду уткан. Алдыда финалда жапониялык Нонока Озаки менен күрөшөт. Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат. Бул Азия чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммдык салмакта алтын... Читать дальше...

Жергиликтүү маанидеги жолдордун 64% абдан начар абалда экени айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жергиликтүү маанидеги жолдордун 64% абдан начар абалда экенин бүгүн 22-апрелде парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Кайынбаев билдирди. Кайынбаевдин айтымында, министрликтин кредитордук карызы азыр 850 миллион сомду түзүүдө: “Жолдордун абалы жалпысынан канааттандырарлык эмес. 18,9 миң чакырым жолдун 7 миң чакырымынын жабуусу асфальт-бетон, калганы шагыл. 2020-2021-жылы каржылоо абдан начар болгон. Читать дальше...

S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев 24-майга чейин камакта калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиевди 24-майга чейин камакта калтырды. Шаардык сотко Алиевдин адвокаттары үй камагына бошотууну өтүнүп кайрылган. Сот болуп турган учурда S-LINE кооперативине акчасын берип, бирок үй алалбай калган жарандар Алиевди үй камагына чыгарбоону талап кылып акция өткөрүштү. Акчасын ала албай жаткандар кооперативди социалдык тармактардан жарнамалаган ырчы-чоорчулардын дагы жоопкерчилигин кароону талап кылышууда. "Мен бул кооперативге 745 миң сом төккөм. Читать дальше...

Министрлик Кыргызстан эки жылда 1 млрд. доллар карыз алганы тууралуу кабарды четке какты

Azattyk.org 

Финансы министрлиги социалдык тармакта тарап жаткан өлкөнүн тышкы карызы 1 млрд. долларга көбөйгөнү тууралуу маалыматты төгүндөп, билдирүү таратты. Анда 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн. долларды түзгөн макулдашууларга кол коюлганы, анын ичинен – 291,5 млн. доллары грант болсо, 466,8 млн. доллары насыя экени көрсөтүлгөн. Маалыматта 2020-жылдын октябрынан бери 1 млрд. долларга эмес, 466,8 млн. долларга кредиттик келишимге кол коюлганын... Читать дальше...

"Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындын саясий себеби жок"

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны чечиле элек. Кыргызстан атайын топ түзүп, автоунаалардын тиешелүү документтерин текшермей болду. Алматыдагы Нархоз университетинин проректору Кайрат Молдашев бул маселе боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Өкмөт Дүйнөлүк банктын акчасын Баткенге жумшайт

Azattyk.org 

Вашингтондо кыргыз өкмөтү менен жетишилген макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга кезектеги 150 млн. доллар жардамын берет. Анын бир бөлүгү гранттык негизде каралып, Баткен облусун өнүктүрүү долбоорлоруна, Кыргызстандын сугат жана таза суу тутумдарын оңдоого бөлүнө турган болду. Талдоочулар эл аралык донорлордон алынган акчанын натыйжалуулугу боюнча маселени көтөрүүдө. Жапаровдун Вашингтон сапарынын үзүрү Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Кыргызстандан барган Министрлер кабинетинин... Читать дальше...

Бишкек Дүйнөлүк банктын акчасын кайда жумшайт?

Azattyk.org 

Вашингтондо кыргыз өкмөтү менен жетишилген макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга кезектеги 150 млн. доллар жардамын берет. Анын бир бөлүгү гранттык негизде каралып, Баткен облусун өнүктүрүү долбоорлоруна, Кыргызстандын сугат жана таза суу тутумдарын оңдоого бөлүнө турган болду. Талдоочулар эл аралык донорлордон алынган акчанын натыйжалуулугу боюнча маселени көтөрүүдө. Жапаровдун Вашингтон сапарынын үзүрү Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Кыргызстандан барган Министрлер кабинетинин... Читать дальше...

Иранда митингге чыккан 30дай мугалим кармалды

Azattyk.org 

Ирандын бир нече шаарында мугалимдердин нааразылык акциялары өтүп, алардын 30га жакыны кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. 21-апрелде мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, жумуш шарттарын жакшыртуу жана буга чейин камакка алынган кесиптештерин бошотуу талабы менен борбор калаа Тегеранда жана башка бир катар шаарларда митингдер өттү. Нааразылыкка чыккандар өкмөт билим берүү тармагында реформалар өтүшү керектигин талап кылышты. Мындай талаптар айтылган акциялар Иранда соңку бир нече айдан бери уюштурулуп келүүдө. Читать дальше...



Борбор калаадагы курулуштар маселеси боюнча жыйын өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 22-апрелде Бишкектеги шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын талкуулаган жыйын өтөт. Башаламан курулуш көйгөйү жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссия көчмө жыйынын Бишкек шаардык башкы архитектура мекемесинде өткөрөт. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, жыйында Бишкек шаарынын башкы планы жана көп кабат үйлөрдү куруу долбоорлорун макулдашуу тартиби талкууланат. Соңку жылдары Бишкекте менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Читать дальше...

Цианидге уулангандардын "Кумтөргө" каршы арызы боюнча сот чечими чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын "Кумтөрдөн" кенемте төлөтүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» доогерлердин коомдук жактоочусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, сот чечими 21-апрелде чыкты, эми кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берилет: “Бүт мыйзам биз тарапта эле. Ар бир доогердин анализинен цианид чыкканы тууралуу соттук-медициналык экспертизасы, медициналык тастыктамалары... Читать дальше...

Кыргызстан киберкоопсуздугун бекемдөөсү керек экени айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстан киберкоопсуздугун бекемдөөсү керек экени 21-апрелде Бишкекте Европа Биримдиги менен бирге уюштурулган жыйында айтылды. Анда аталган уюм каржылаган “Кыргызстандын санариптештирүү программасын колдоо” долбоорунун ишке ашырылуусу талкууланды. “Түндүк” платформасын ишке ашыруу менен санариптештирүү багытында жакшы жетишкендиктер болгону, бирок электрондук өкмөттүн чечимдерин толук жүзөгө ашыруу жана санарип коом түзүү ылдамдыгын төмөндөтүүчү бир катар тоскоолдуктар бар экени, өлкөнүн туруктуу... Читать дальше...

Парламент Ботаникалык бак боюнча бир чечимге келе алган жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Бишкектеги Ботаникалык бак боюнча токтом кабыл алууну белгисиз мөөнөткө калтырды. Ботаникалык бакты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү токтом долбоору парламенттин 21-апрелдеги отурумунда каралып, жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынган жок. Ботаникалык бак боюнча соңку расмий маалымат 20-апрелде өкмөттүн сайтына чыккан. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ботаникалык бакка барып, бак кейиштүү абалда экенин, ал шаар тургундарынын жана конокторунун табияттан ыракат ала турган жерине айланарын... Читать дальше...

Курман айт быйыл июлдун тогузунда же онунда болот

Azattyk.org 

Быйыл Курман айт майрамы 9-июлда же 10-июлда болот. Бул тууралуу 21-апрелде АКИpress маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда быйылкы ажылык сапарды уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев билдирди. Орозо айт майрамы 2-майга белгиленди. Ислам шариатына ылайык, Орозо айынын аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Быйылкы ажылык зыяраттын баасы 4,5 миң доллар деп аныкталды. Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлдү. Май майрамдарына байланыштуу быйыл Кыргызстанда... Читать дальше...

Казакстан: Январь окуясын иликтөөгө эл аралык адистерди тартуу талабы коюлду

Azattyk.org 

Казакстандагы Январь окуяларында кармалган, жараат алган жана каза болгон адамдар тууралуу маалыматтарды чогултуу менен алектенген Qantar фондунун адвокаттары өлкөнүн тергөө органдары иштерди кароону создуктуруп жатканын 21-апрелде айтып чыкты. Алардын айтымында, кыйноо, жараат жана өлүм фактыларын тергөө иши создугуп жатканы тууралуу кайрылуу президент Касым-Жомарт Токаевге жөнөтүлүп, иликтөөгө эл аралык адистерди да катыштыруу талабы коюлду. Суюлтулган газ кескин кымбаттап кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып... Читать дальше...

Өзбекстанда селден төрт адамдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Өзбекстанда селден төрт адамдын өмүрү кыйылганын “Азаттыктын” өзбек кызматы 21-апрелде жазды. Маалыматка караганда, кырсык Жызак облусунун Фариш районунда болгон. Мерт болгондордун үчөө аял, бирөө эркек киши экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Нөшөр жааган жаандан кийинки ташкын эгин талааларын, айрым үйлөрдү жана социалдык объекттерди каптаган. Учурда куткаруучулар кырсыктын кесепетин жоюу иштерин аткарууда. 20-апрелде Самарканд, Кашкадарыя жана Навои облустарында да сел жүргүн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *