Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 04.05.2022

Ошто жапырт уулануудан кийин дүкөндөрдөгү азыктар текшерилүүдө

Azattyk.org 

Ош шаарынын санэпидкөзөмөл борбору калаадагы бардык соода түйүндөрүндө атайын рейд баштады. Адистер мөөнөтү өткөн жана этикеткасы жок азыктарды күркөлөрдөн алып жатышат. Тез бузулуучу жана сүт азыктарына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 1-майда Кара-Суудагы “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган. Алардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. 3-майда облустук ооруканадан алардын абалы жакшы экенин билдиришти. Цехтин ээсине 7500 сом, бузулган... Читать дальше...

УКМК "Хизб ут-Тахрир" уюмунун он эки мүчөсү кармалганын кабарлады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Аксы районунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жашыруун уячасы аныкталып, ишмердиги токтотулганын маалымдады. Атайын кызмат 12 киши 1-май күнү Кербен шаарында кезектеги жыйынга чогулганда кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Колго түшкөндөрдүн төртөө уюмдун лидерлери, сегизи активдүү мүчөсү экени айтылды.  УКМК аларды диний сабактарды өткөрүп, интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саноодо. Читать дальше...

Кара-Кулжада сел көпүрөнү алып кетти

Azattyk.org 

Оштун Кара-Кулжа районунда 3-май күнкү сел Чалма айыл аймагында автоунаа өтчү көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлап, көпүрө эки жыл мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-мерчемдеринин негизинде курулганын билдирди. Селден адам өмүрүнө зыян келген жок. Жеринде тактоо, тазалоо иштери уланууда.  Ушул күнү Алай районунда да сел жүрүп, Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү бузган. Кара-Суу районунда сел Ош-Папан-Кожо-Келен жолун каптаган. Читать дальше...

Алайдагы сел эки кыштакты байланыштырган көпүрөнү алып кетти

Azattyk.org 

3-май күнү түштөн кийин Ош облусунун Алай районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыска мөөнөттүү жаандан кийин кокту-колоттон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарындагы үйлөрдүн короолоруна киргенин билдирди. Тургундар жабыркаган эмес.  Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен.   Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери иштеп жатышат.  Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *