Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 31.05.2022

Канада тапанча сатууга жана сатып алууга тыюу салууну көздөйт

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Канада өкмөтү курал-жаракты көзөмөлдөө максатында тапанча сатуу жана сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылды. Премьер-министр Жастин Трюдо АКШнын Техас штатындагы мектепте 20 чакты баланын мерт кеткени куралды көзөмөлдөө маанилүү экенин далилдегенин билдирди. Ювалд шаарындагы башталгыч мектептердин биринде 24-майда болгон куралдуу кол салууда 19 окуучу менен эки мугалим каза тапкан. Бери дегенде 15 киши жараат алган. Полиция ок чыгарууга шек саналган 18 жаштагы Сальвадор... Читать дальше...

“Каралбаган элетпиз, шайлоодо эле керекпиз”

Azattyk.org 

Акын Мирлан Алтымыш уулу 200 түтүн эл жашаган Токмок шаарынын четиндеги дачада айыл башчы болуп иштейт. Бул жерде жашоочулардын социалдык көйгөйлөрү көп. Ал жакында АКШдагы мигранттардан колдоосу менен дачадагы күйүп кеткен суу насосун алмаштырып, 20 күндөй таза суусуз калган элдин алкышын алды.

Милиция "Кумтөрдөн" күйүүчү май уурдап саткан жаран кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук милициясы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан күйүүчү май уурдап саткан жаран аныкталганын билдирди. 29-май күнү болжол менен түнкү саат 02.30 чамасында Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүнүн Сары-Мойнок тилкесинде "Ауди С4" үлгүсүндөгү унаадан канистрлерге куюлган 300 литр солярка табылган. Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин "Кумтөрдүн" айрым кызматкерлери ишканадан күйүүчү май уурдап, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жатканы жөнүндө маалымат түшкөнүн билдирди. Ошонун негизинде... Читать дальше...

1-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

1-июнда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге... Читать дальше...

Евробиримдик орус мунайын алууга жарым-жартылай чектөө койду

Azattyk.org 

Евробиримдик дүйшөмбүнүн кечинде Орусияга каршы санкциялардын 6-пакетин макулдашты. Документте орус мунайынын бир бөлүгүнө эмбарго салуу жана Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү каралган. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Твиттерге жазды. Маалыматка караганда, шаркет Орусиядан сатып алып жаткан мунайдын үчтөн эки бөлүгүнө чектөө киргизилмечи. Санкцияга деңиз менен ташылган кара май гана кабылып, куурлар менен алынганы мурдагыдай эле калат. Биримдик “Дружба” куурун жазалоочу чараларга кошкон жок. Читать дальше...

Атамбаевдин адвокаты мүлк боюнча доо арыз берилерин билдирди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү соттун үй-мүлктү конфискациялоо тууралуу чечимине каршы доо арыз берүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу 31-майда “Азаттык” радиосуна Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди: “Батукаев иши боюнча мамлекетке же кайсы бир адамдарга эч кандай материалдык зыян келтирилген эмес. Андыктан Атамбаевдин өзүнүн же үй-бүлөсүнүн мүлкүн конфискация кылууга мыйзамдык негиз жок эле. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин үй-бүлөсү эмне себептен Кой-Таштагы үйүнөн чыкпайбыз деп жатат? Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бишкекте өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта 25-30-май күндөрү өткөн жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда болгону айтылды. Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтө турган болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына... Читать дальше...

Бейтааныш кызга кол көтөргөн киши кармалды

Azattyk.org 

Коомдук жайда чоочун кызга кол көтөрдү деп шектелген адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын 31-майда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 28-майда милицияга 12-кичи райондо түнкү саат 3:20 чамасында бейтааныш кишинин зомбулугуна эч себепсиз кабылганын айткан кыздан арыз түшкөн.   Факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде кылмыш иши козголгон. Октябрь райондук милициясынын ыкчам... Читать дальше...



Баткендин чек арага жакын аймагына турак жайларды курууга 200 млн. сом бөлүнүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Экономика жана соода министрлиги Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында турак жай куруу боюнча токтом долбоорун сунуштады. Документ Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) токтом долбооруна ылайык, анын уставдык капиталынан турак жай курууга 200 миллион сом бөлүү сунушталууда. Ал келечекте Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынын тургундарына кийин сатып алууга мүмкүн болгондой ижарага берилиши керек. Документке ылайык, үйлөрдү Архитектура... Читать дальше...

Акылбек Жапаров соода түйүндөрдүн бардыгына ККМ коюларын белгиледи

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда 2 миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирди. Бул тууралуу ал 31-майда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты. Жапаров кассалык аппараттарды киргизүү салык тармагындагы коррупцияны азайтууга өбөлгө болуп жатканын кошумчалады. "Бир эле чек деген механизм менен бир жагынан эл алган айлыгын кайда жумшап жатканын көрөбүз. Экинчиден, ишкердин ак ниет экендиги ачылат. Читать дальше...

Түмөн сөз ээрчиткен Туманбаев кызматка барды

Azattyk.org 

Президенттин иш башкаруучусу болуп Каныбек Туманбаев дайындалды. Ал буга чейин курулуш тармагындагы ишкер, мурдагы мамлекет башчынын айдоочусу Икрамжан Илмияновдун жакын адамы деп таанылган. Коомчулукта Туманбаевдин кызматка дайындалышы бийликтин кадр саясатына байланыштуу сынды кайра күчөттү. Ал эми президенттин жаңы иш башкаруучусунун жакындары аны кесипкөй адис деп сыпатташууда. 30-майда Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Кызматты буга чейин ээлеген Тилек Батыркановдун... Читать дальше...

Блогер кысымга кабылып жатканын айтты

Azattyk.org 

Блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек ага карата жүрүп жаткан териштирүү тууралуу 31-майда “Азаттыкка” маалымат берип, Бишкектин Биринчи Май райондук милициясында үчүнчү жолу суракта болгонун билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр жазында козгогон иштен ага байланыштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп, милициянын тергөөсүнө өткөрүлүп берилген. Ал оппозициялык маанайдагы активдүүлүгү үчүн кысымга кабылып жатканын билдирди:   “Менимче, бийликти сындаганым... Читать дальше...

Бишкекте эл аралык "Наристе” балдар фольклордук фестивалы өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте балдардын эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы өтүп жатат. 8-июнга чейин боло турган иш-чарага Орусия, Алтай, Тува республикаларынын, Казакстан, Монголиядан келген өкүлдөр, Кыргызстандын жети облусунан балдар фольклордук топтору катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу. Анын алкагында түрдүү мастер-класстар... Читать дальше...

Жогорку Кеңеште мурдагы спикерлердин жолугушуусу өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 30-майда мурдагы спикерлер менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аларга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин чечими менен ыйгарылган мааракелик медалдар тапшырылды. Аталган медал КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата уюштурулган. Талант Мамытов “Жогорку Кеңеш КМШ ПААнын түптөлүшүндө негизги ролду ойногонун, анда парламенттер аралык байланышты гана чыңдабастан... Читать дальше...

Балдарды интернетте коргоого байланыштуу талкуу өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 31-майда Бишкекте "Балдарды интернетте коргоо жана колдоо" деген аталыштагы масштабдуу онлайн-форум өтөт. Аны Кыргыз Интернет Коому менен "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду биргеликте уюштурууда. 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштуруп жаткан форумда адистер интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн экени тууралуу баяндамаларды жасайт. Анда жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын... Читать дальше...

Еревандагы каршылык акциясында жүздөн ашуун киши кармалды

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Ереванда өткөн акцияда 100дөн ашуун оппозициялык демонстрант кармалды. Үч полиция кызматкери жараат алып, ооруканага жатты. Бул тууралуу "Интерфакс" Армениянын полициясына шилтеме берип жазды. Дүйшөмбү күнү эртең менен оппозициялык “Каршылык көрсөтүү кыймылынын” мүчөлөрү Еревандын борборунда өкмөт үйүнүн жанына чогулушту. Жөө жүрүштү жетектеп жаткан оппозициялык депутаттар министрлерге жолугушуу үчүн өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылган. Алар Тоолуу Карабак маселеси боюнча бийликтин саясаты... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *