Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 02.08.2022

Кыргыз жана казак армиясында өмүрү кыйылган жоокерлер

Azattyk.org 

Казакстанда өткөн аптанын аягында Улуттук гвардиянын эки кызматкери табышмактуу жагдайда каза тапты. Расмий маалыматка караганда, 27 жаштагы жоокер кызмат өтөп жаткан мекемеде, 32деги сержант өз үйүндө асынып алган. Кыргызстанда да бир айда эки жоокер каза болду. Алар өз жанын кыйган деп айтылганы менен жакындары буга ишенбей турат. Аскер бөлүктөрүндөгү шектүү окуяларды иликтөө эки өлкөдө тең башталды. Казакстан: аскерде катары менен болгон эки өлүм Казакстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз... Читать дальше...

Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы эмес

Azattyk.org 

М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кошумча медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу 1-августта адвокат Замир Жоошев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Бүгүн 27-колонияда Алмазбек Шаршеновичке жолугуп келдим. Абалы жакшы эмес. Ал киши өзү бийликтегилерден "мага дарыланганга мүмкүнчүлүк бергиле" деп сурабаса деле, мамлекет өзү мүмкүнчүлүк бериши керек" деген пикирин калтырган Замир Жоошев. Читать дальше...

Ишкер Илгиз Шаменов УКМКга чакырылды

Azattyk.org 

Ишкер Илгиз Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына 2-августка саат 10.00го чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 1-августта жазды. "Эртең саат 10:00гө мени Улуттук коопсуздук комитети чакырды. Барып менде бар болгон маалыматтарды берем",-  деди Илгиз Шаменов. Ал "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы жана Айыл чарба министрлигиндеги "мыйзамсыз иштер" боюнча маалымат бере турганын айткан. Шаменов буга чейин да "Бишкек" эркин экономикалык аймагы тууралуу пикирлерин байма-бай жазып келген. Читать дальше...

Данияр Үсөновго тиешелүү делген 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Azattyk.org 

Депутат Дастан Бекешевдин социалдык тармактагы жазган маалыматы боюнча мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2005-жылы Ысык-Ата районунда алган 20 гектар жер жакында мамлекетке кайтарылды. Бекешовдун айтымында, «Прайм-Строй» деп аталган компания жерди бекер алган. Ошол эле 2005-жылы Казакстандын «Темирбанкы» менен келишим тузүлүп, жер күрөөгө коюлуп, «Прайм-Строй» жылдык үстөгү 21 пайыз менен 6 миллион доллар каражатты үч жылга алган. «Прайм-Строй» үй курмак, бирок антпей акча тапты, эми жерди мамлекетке кайтаруу адилеттик болот»... Читать дальше...

Cырт жайлоосунда милиция машинеси тыгылып калган туристтерге жардам берди

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Арабел жайлоосунда автоунаасы баткакка тыгылып калган франциялык туристтерге туристтик милиция кызматы жардам берди. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, 29-июлда Жети-Өгүздүн Арабел жайлоосунун Сырт тилкесинде туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тыгылып калган машинаны көрүшкөн. Машинасы суу боюндагы баткакка тыгылып жаткан Абдулла менен Фатима тоого жакындап барыш үчүн сууну кечип өтүүгө аракет кылып, бирок ал оңунан чыкпай, алты саат туруп, акыры үшүй башташканын айтып берген. Читать дальше...

Ооганстанда "Ал-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Өткөн дем алыш күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын учкучсуз учагы Кабулда "Ал-Каиданын" анабашы Айман ал-Завахирини жок кылды. Бул тууралуу 1-августтун кечинде АКШнын президенти Жо Байден өз билдирүүсүндө айтты. Анын маалыматы боюнча, Айман ал-Завахиринин кайда экендигин Кошмо Штаттардын чалгын кызматы мындан бир нече ай мурда аныктаган. Тийиштүү жетекчилик менен кеңешкенден кийин ал-Завахирини жок кылуу боюнча буйрук берилген жана анын Кабулдагы үйүнө 31-июлда таңкы саат 6:18де эки ракета менен сокку урулган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *