Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 10.11.2022

Бишкекте эки мектеп онлайн окутууга өттү

Azattyk.org 

Борбор калаадагы №65 орто мектептин окуучулары онлайн окутууга өткөнүн ата-энелери социалдык тармактарга жазышты. Бул маалыматты Бишкек шаардык мэриясы ырастап, буга мектептеги жылытуучу түтүктүн жарылуусу себеп болгонун билдирди. Ага ылайык, ушундай эле жүйө менен №39 мектеп да аралыктан окутууга өттү. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бул эки мектепте жылуулук түтүктөрүн оңдоо үчүн тендер жарыяланганын маалымдады. Ага ылайык, жеңүүчү аныкталып, оңдоо иштери аягына чыкканга чейин окуу онлайн жүргүзүлөт. Читать дальше...

Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

10-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик бюджетиндеги тартыштык 35,4 млрд. сомго жетти. Финансы министрлиги буга Орусияга каршы киргизилген санкциялардан улам түшкөн салыктын көлөмү азайганы себеп болгонун 10-ноябрда билдирди. Таратылган түшүндүрмөдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн кирешелеринин, Кыргызстанда бажы төлөмдөрүнүн көлөмү азайганы да айтылат.  Министрликтин маалыматы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 10,1 млрд. сомго кыскарып, 272 млрд. сомду түзгөн. Ал эми чыгаша 16,1 млрд. сомго көбөйүп, 307,4 млрд. Читать дальше...

Бишкек инвестициялык форуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-ноябрда борбор калаада Бишкек инвестициялык форуму (BIF-2022) өтүп жатат. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, форумга 10 өлкөдөн бизнес-делегациялар келди. Иш-чаранын алкагында 80ден ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын көргөзмөсү өтөт. Форумга 1500 ишкер катышууда. ЖИА бизнес-ассоциациясы бул форумду бешинчи ирет уюштуруп жатат. Бул жылдар аралыгында BIF жүздөгөн бизнес-долбоорлор үчүн дээрлик 13 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу аянтчасы болууга жетишкен. Читать дальше...

Энергохолдинг Бишкекте жарыктын өчүшүнүн себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Улуттук энергохолдинг ишканасы Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясынын өчүү себебин түшүндүрдү. Мекеме тараткан маалыматка караганда, абанын температурасы кескин төмөндөгөндөн улам электр энергиясын керектөө өскөн. Улуттук энергохолдинг электр жабдууларга күч келтирбеш үчүн авариялардын алдын алуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болгонун билдирүүдө. Жарандардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, электр энергиясын этияттык менен колдонууга, үйдү жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө чакырды. Читать дальше...

УКМК Билим берүү министрлигинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдан бери жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларга студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган. Читать дальше...

Куткаруучулар жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты

Azattyk.org 

Куткаруучулар Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен секирүүгө аракет кылган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 10-ноябрда 32 жаштагы кишинин өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Беш куткаруучу барып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн жана үйдүн чатырынан түшүрүп, өмүрүн сактап калышкан. Терезеден секирүүгө аракет кылган жаран эч кандай жараат алган эмес. Читать дальше...

Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы тууралуу чечим күчүндө калды

Azattyk.org 

Башаламандык уюштурууга айыпталып кармалып, эки айга камалган активист Улукбек Маматаевге карата райондук соттун чечими күчүндө калды. Бул чечимди Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда чыгарды. Шаардык сот Маматаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын да кармалышын мыйзамдуу деп таап, бөгөт чарасы тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ушул тапта шаардык сотто саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Бектур... Читать дальше...

Карасартова сотто күнөөсүз кармалганын айтты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жаткан жарандык активист Рита Карасартова "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди: "Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!", - деди активист. Рита Карасартова тергөө жүрбөй жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда жарандык активист, "башаламандык уюштурууга" шек саналып жаткан Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугун карай баштады. Бишкек шаардык сотунда бүгүн ушундай эле шек менен кармалган саясатчылар Асия Сасыкбаева, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, активисттер Клара Сооронкулова, Эрлан Бекчоро, Акыл Айтбаев, Улукбек Маматаев жана Марат Баязовдун да бөгөт чарасы каралат. Бишкек шаардык соту 10-ноябрда саясатчы Канат Исаевдин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды да карай турганы кабарланды. Читать дальше...

"Кылым шамы" президентке кайрылды

Azattyk.org 

"Кылым шамы" укук коргоо уюму Кемпир-Абад маселеси боюнча эки айга камалган саясатчы жана активист аялдарды бошотуу талабы менен президентке кайрылды. Уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кайрылууну Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, бул аялдарды бошотуусун өтүндү. "Бул энелерди камап отурууга зарылчылык канчалык? Улгайган аялдарды да камап отурганы бийликтин алсыздыгы. Өзүңүздүн маегиңизде сиз алардын тагдырын сот чечерин, мунапыс сурап кайрылса болорун айттыңыз. Сизге алардын суранычы зарылбы? Читать дальше...

Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды

Azattyk.org 

Москва райондук сотунун 9-ноябрдагы чечими менен төкмө акын Болот Назаров 9-декабрга чейин камалды. Чечимге ылайык ал №1 тергөө абагында болот. Акындын адвокаты Автандил Бакытбек уулу райондук сотунун чечимин облустук сотко даттанарын билдирди. Болот Назаров Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан 7-ноябрда кармалган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" 9-ноябрда маалымдады. Акын Москва районунун Беловодское айылынын тургунунун атын тартып алууга шек саналып кармалганын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *