Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2024

Новости за 26.01.2024

Эки элге данакер болгон жазуучу дүйнө салды

Azattyk.org 

Белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов 72 жаш курагында дүйнө салды. Калемгер соңку жылдары оор дартка кабылып, төшөккө жатып калган. "Азаттык" жазуучунун абалы тууралуу видео баянды көрсөткөндөн кийин айрым жарандар жардам берген. Жазуучунун сөөгү 26-январда Токмокто жерге берилди.

Гаага соту Израилге Газада геноциддин алдын алууну эскертти

Azattyk.org 

26-январда БУУнун Эл аралык соту Израилди Газадагы геноцид аракеттерин алдын алуу жана анклавдагы гуманитардык кырдаалды жакшыртуу үчүн чукул чараларды көрүүгө милдеттендирди. Бирок соттук коллегия Газада тезинен ок атышуу токтотулсун деген чечим чыгарган жок.

Муфтий кызматтан кетти, Матраимовго издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Сот мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга кести. 26-январда камактагы 11 журналисттин жакындары көчөдө маалымат жыйын өткөрүштү. УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады. Ал өзү кайда экени азырынча белгисиз. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту Газа боюнча чечимин жарыялады. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун тайпалык акыркы оюнунда Оман менен 1:1 эсебинде тең чыгып, мелдешттн плей-офф баскычына өтө албай калды.



"Акшумкарлардын ийгилиги алдыда"

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык акыркы оюнунда Оман менен 1:1 эсебинде тең чыгып, мелдешттн плей-офф баскычына өтө албай калды. Доханын Абдуллах бин Халифа стадионунда өткөн беттешти адаттагыдай эле кыргызстандык күйөрмандар көркүнө чыгарып, "Акшумкарды" кызуу сүрөп турду. "Азаттыктын" журналисттери оюндан кийин кыргыз футболчуларына кезигип, алардын ой-пикирин да сурады.

"Мыйзам бузулуп жатат". 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылды

Azattyk.org 

26-январда камактагы 11 журналисттин жакындары көчөдө маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийликке кайрылып, журналисттердин күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Бишкектеги "Парк отель" мейманкасы алдын ала макулдашылганына карабай маалымат жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок. Бишкектин Биринчи май райондук соту бир нече медианын 11 кызматкерин  эки айга камаган. Алар “массалык башаламандык” беренеси менен айыпталып жатат.

Мурдагы аялын кескилеген Эстебесов 20 жылга соттолду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Сокулук райондук соту үрөй учурган үй-бүлөлүк зомбулук окуясы боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, судья мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду узак мөөнөткө - 20 жылга соттоду. Айыпталуучу өкүм менен макул эместигин айтты. Ал эми жабырлануучунун жакындары аны өмүр бою соттоону талап кылып келген.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *