Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2024

Новости за 11.03.2024

"Мексика аркылуу АКШга кирүү - эң кооптуу жол"

Azattyk.org 

АКШга мыйзамсыз жол менен барган ондогон өзбекстандык мекенине кайтарылды. Мексика аркылуу кирип, Америкадагы миграция борборлорунда кармалып турган өзбек жарандарынын дагы бир тобу АКШ бийлигин сотко берсе, тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты.

Газада согуш уланып жатканда Орозо башталды

Azattyk.org 

Мусулмандардын ыйык Орозо айы бул жолу Газада согуш жүрүп жатканда башталды. Жер которгон палестиналыктар жан үрөп тамак-аш табуу аракетинде. БУУ тилкеде жарым миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучуна кептелгенин эскертти. Арачылардын Орозодо ок атууну токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.



11 журналистти бошотуу талабы, "Кактустун" иши. Президент редакторлорду кабыл алды

Azattyk.org 

Чет өлкөлүк журналисттер камактагы кыргызстандык кесиптештерин бошотуу талабы менен акция өткөрүшүүдө. "Кактус Медиа" маалымат агенттиги болсо, сот чечимине ылайык, "Вечерний Бишкек" басылмасына 600 миң сом төлөп берүү үчүн окурмандарынан акча чогултууну улантууда. Ал тапта президент Жапаров Кыргызстандагы медиа жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.

СССРдин кулашына салым кошкон жаштар кыймылдары

Azattyk.org 

1990-жылдардын айланасындагы жаштар жана студенттер кыймылдары, алардын чыгуу себептери, максаттары, натыйжалары тууралуу талкуулайбыз. 1985-1990-жылдар – СССРдин кулашын шарттаган, социалдык жана саясий укуктар үчүн күрөшкөн ири тарыхый окуялардын жылдары болгон. Талкууга ошол мезгилдин каармандары - коомдук ишмер Эмил Каптагаев, «Эрайым» коомдук уюмунун жетекчиси Ракыя Жусупова, журналист Бакыт Орунбеков катышат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *