Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2024

Новости за 30.03.2024

Эне тууралуу тасма казакстандык көрүүчүлөргө жакты

Azattyk.org 

“Бейиш эненин таманында” тасмасы бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Казакстанда да кинотеатрлардын биринчи саптарын ээлеп турат. Прокатка чыккан төрт күндөн кийин эле чет элдик тасмаларды артта калтырып, 1 миллион доллардан ашык каражат топтоду. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, бул фильмге билет иш күнү да калбай сатылууда. Видео "Азаттыктын" казак кызматына таандык.

Актөбөдө үйлөрдү суу каптап, эл эвакуация болду

Azattyk.org 

Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)

"Крокустагы" ок менен өрттү көргөн сүрөтчү

Azattyk.org 

Тажикстанда Москвадагы террордук чабуулга айыпталып камалгандар менен байланышта болгон деген шек боюнча кеминде тогуз киши кармалганын бир катар маалымат агенттиктери жазды. Алар Вахдат шаарынын тургундары экени, баары Дүйшөмбүгө жеткирилгени маалымдалды. Москвада кол салууга шектелип эки айга камалган сегиз кишинин жетөө теги тажикстандык экени белгилүү. Кеминде 143 адамдын өмүрүн алган чабуулга бүгүн туура бир жума болду.

"Жети миллион кыргыздын баары билимдүү болсо"

Azattyk.org 

Заманбап медицина кайсы тарапка бара жатат? Бул тармакта кандай жаңы багыттар пайда болууда? Пандемия медицинага болгон мамилени кандай өзгөрттү? Жасалма интеллект менен медицина кантип айкалышат?



Баткен: Турду эненин айылы

Azattyk.org 

Баткендин 92 жаштагы тургуну Турду эне 14 баланы төрөп, эрезеге жеткирген. Турду эненин улуу кызы, келини да “Баатыр эне” наамын алган. Кылымга чукул жашаса да отуруп калбай малын карап, короосун тазалап, кыймылы тетик.

"Кавказга чейин чыксак дейбиз". Эне тууралуу тасманын ийгилиги

Azattyk.org 

Кыргызстандык кино жаратуучулардын "Бейиш эненин таманында" фильми Казакстанда "Пейіш. Жұмақ ананың табанының астында" деген аталышта прокатка чыгып, эң көп каражат чогулткан тасмага айланды.

Бишкек, Чүйдөгү катуу шамалдын кесепети

Azattyk.org 

28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамалдан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 26га жетти. Эки адамдын жамбашы сынып, калгандары башынан жаракат алган. Мындан тышкары 154 социалдык имараттын, жеке турак жайдын чатыры талкаланганы маалым болду.

Түркиядагы шайлоо: Стамбулду ким башкарат?

Azattyk.org 

31-мартта Түркияда муниципалдык шайлоолор өтөт. Негизги таймаш оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын талапкерлери ортосунда өтөрү талашсыз. Алар Стамбул, Анкара жана Измир сыяктуу ири шаарлардын бийлиги үчүн ат салышат.

“Коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сом түштү”. Ишкерлерди чочулаткан жагдайлар

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү соңку төрт жылда коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекеттин пайдасына 20 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн билдирди. Анын басымдуу бөлүгү бюджетке жумшалган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *