Парламентте Салянованын абактагы коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Аида Салянованы тергөө абагына камоодо мыйзамдар одоно бузулганына Жогорку Кеңеш өз баасын бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 12-июнда жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты:
- Биз, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары №1 тергөө абагына барып, Аида Салянова менен жолугуп келдик. Салянова өзүнүн бир тууган инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен бир абакта отуруптур. Мунун өзү - Саляновага карата моралдык-психологиялык басым жана кыйноо. Экинчиден, бардык мыйзамдар боюнча мурдагы башкы прокурорду эч качан №1 тергөө абагына камабайт. Эгер камаганга жагдай болсо, аны УКМКнын тергөө абагына камаш керек эле.
Шыкмаматовду депутаттар Каныбек Иманалиев, Рада Туманбаева жана Жанарбек Акаев да колдоп, Аида Салянова мыйзамсыз кармалып турганын айтышты жана буга парламент өз баасын бериши керек экенин белгилешти.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Салянова боюнча маалымат берип, анын инисинин өлүмүнө шектүү адам ошол абакта, бирок башка корпуста кармалып турганын, мурдагы башкы прокурордун коопсуздугу көзөмөлдө экенин билдирди.
Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошонуп кеткенине байланыштуу кайра тергеле баштаган кылмыш ишинин алкагында 3-июнда кармалган. Ал күнөөсү жок экенин айтууда.
Салянованын иниси Улан Салянов 2017-жылы өлтүрүлгөн.
12-июнда шаардык сот анын бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартып, 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин колдоду. (RK)