42 386 жаран №2 форма аркылуу шайлоо тилкесин алмаштырууга бир канча жолу арыз берген
4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо №2 форма аркылуу шайлоо тилкесин алмаштырууга 42 386 жаран бир канча жолу арыз берген. Бул тууралуу жума күнкү басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди:
«496 239 жаран №2 форма аркылуу добуш берүүгө арыз берген. Алардын 32 504ү эки жолу, 5810у үч жолу, 1967си төрт жолу, 872си беш жолу, ал тургай үч адам 22 жолудан №2 форма аркылуу добуш берүүгө арыз берген. Биз бардыгын иргеп, кайра-кайра тапшыргандарды эсептен чыгарганда №2 форма аркылуу добуш берүүчүлөрдүн саны 441 010 адамды түздү», - деди Шайлдабекова.
Аталган документ жарандарга башка шайлоо тилкесине каттоого туруп, добуш берүүсүнө шарт түзөт. Шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форманы бийликчил партиялардын добуш сатып алуусуна шарт түзүү деп баалап, БШКны андан баш тартууга чакырган.
БШКнын акыркы эсебинде Кыргызстанда шайлоочулардын саны үч миллион 523 миң 554 адам болду. Бул көрсөткүч 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна салыштырмалуу 700 миң адамга көбөйдү. 2017-жылы президенттик жарышта шайлоочулардын саны үч миллиондон бир аз ашкан болчу.
Бул ирет шайлоого биометрикалык маалымат тапшырбаган 557 856 жаран добуш берүүгө катыша албайт.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде.
Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Добуш берүүгө 18 жаштан өткөн, биометрикалык каттоого турган кыргызстандыктар укуктуу. (SE)