Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 12.10.2020

Мадумаров: Президентти азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептейт

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров 12-октябрда “Азаттык” менен болгон маегинде президент Жээнбековду азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар "өлкөнү коркунучка кептейт" деп билдирди. Ал белгилегендей, учурда саясатчылар кандайдыр бир талапты айтуудан мурда өлкөдөгү кырдаалды эске алып, салмакташы керек. “Саясатчылардан жападан жалгыз президентти тааныбаган Мадумаров болгон. Аны мен коргогум келбейт. Мага өлкө, эл, мамлекет керек. Ал мен тааныбаган президент. Бирок бүгүнкү кырдаалды ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт. Читать дальше...

Султанбеков, Ниязов, Асанов эки айга камалды

Azattyk.org 

5-9-октябрда болгон Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камалды.

Строкова: Мен Жапаровду колдоп добуш берген жокмун

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова 10-октябрда "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн добуш берген эмес. Бул тууралуу депутат “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, бул жыйынга президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн катышкан. “Мен президент отставкага кетпесин деген позициямды билдирүү үчүн баргам. Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн маселе каралган учурда колумду көтөргөн эмесмин, колдобой да, каршы да болбой, калыс болгом. Читать дальше...

Сооронкулова: Мыйзамдуу өкмөттү тез арада түзүү керек

Azattyk.org 

Кыргызстандагы азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн бардык тараптар тааныган өкмөттү түзүү маанилүү. Бул тууралуу «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда президент бардык күчтөрдүн башын кошкон улуттук диалогду башташы керек.

Евробиримдик Лукашенкого каршы санкция киргизүүгө даяр экенин билдирди

Azattyk.org 

Евробиримдик Беларустун автократ лидери Александр Лукашенкого каршы «шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганы жана митингге чыккандарды күч колдонуп таркатканы үчүн» деген жүйө менен санкция киргизүүгө даяр экенин эскертти. 12-октябрда Люксембургда өткөн жолугушууда Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин тышкы иштер министрлери Беларуста августта өткөн президенттик шайлоо «эркин жана адилеттүү болбогонун» ырастап, Лукашенко "демократиялык легитимдүүлүктөн ажырады" деп билдиришти. Министрлер биргелешип жасаган... Читать дальше...

Беларус бийлиги эки оппозициячыл активистти үй камагына чыгарды

Azattyk.org 

Беларус бийлиги оппозициядагы эки активистти түрмөдөн бошотту. Бир күн мурда Александр Лукашенко абактагы ондон ашуун оппозиционер менен жолуккан. «Беларус-1» мамлекеттик телеканалы 11-октябрдын кечинде президенттикке талапкерлигин койгон Виктор Бабариконун шайлоо штабынын мүчөсү Юрий Васкрасенский менен «PandaDoc IT» компаниясынын директору Дмитрий Рабцевич үй камагына бошотулганын кабарлады. 9-августта Лукашенконун шайлоодогу күчтүү атаандашы болору айтылып келген банкир Бабариконун талапкерлигин Боршайком каттабай... Читать дальше...



Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Курсан Асанов эки айга камалды

Azattyk.org 

5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 12-октябрда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Чечимге ылайык Курсан Асанов УКМКнын тергөө абагында, калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалышат. Читать дальше...

Садык Шер фракциядагы ордун партия лидери үчүн бошотуп берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер депутаттык мандатынан баш тартты. Саясатчы бул кадамын "Азаттыкка" мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берүү максаты менен түшүндүрдү: «Биздин партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу маселени карап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) учурда фракцияда «депутаттык вакансиялык мандат жок» деген тыянак чыгарыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдүн ордумду бошотуп, аны лидерибизге берүүнү туура көрдүм. Читать дальше...

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов соттун чечими менен бир айга камалды

Azattyk.org 

Ош шаардык сотунун чечими менен Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов бир айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун чечимине ылайык Тилек Матраимов 9-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагында камакта болушу керек. Прокуратура анын бөгөт чарасын Жазык кодексинин 358-беренесинин негизинде («Чек арадан мыйзамсыз өтүү») аныктап берүүнү жана бир айга камакка алууну соттон өтүнгөн. Читать дальше...

Жапаровдун кызматы, легитимдүүлүк талашы

Azattyk.org 

Кыргызстанда Садыр Жапаровдун премьерликке шайланышы боюнча укуктук талаш уланып, саясий кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер жана парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирип, токтом расмий жарыяланарын кошумчалады. Читать дальше...

Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү саясий кризисти талкуулаш үчүн жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылууда. Бул үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, иштеп жатканын 12-октябрда депутат Каныбек Иманалиев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, парламент өлкөдө жаралган саясий кризистен чыгуунун жолдорун жана шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү көздөп жатат. Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болушу үчүн уюштуруу комитети депутаттар менен байланышып жатканын кошумчалады. Жыйындын кайда жана качан өтөрү азырынча белгисиз. Читать дальше...

Нышанов: Иса Өмүркулов суранган үчүн тилкатын алып баргам

Azattyk.org 

Алтынчы чакырылыштагы парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов 10-октябрдагы кезексиз сессияда КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун атынан анын ишеним каты аркылуу добуш бергени, жыйындагы кворумга байланышкан талаш-тартыш боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал ишеним катты Өмүркуловдун өтүнүчү менен жыйынга алып барганын айтты. «Мага алып келип, жыйынга кечигип кала турганын айтып, суранганынан алып баргам. Мен санаган эмесмин. Ал жерде деле жоопкерчиликтүү адамдар болот. Читать дальше...

Экономика боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду

Azattyk.org 

Америкалык экономисттер Пол Милгром менен Роберт Уилсон «аукциондор теориясын жакшыртканы үчүн жана аукциондордун жаңы форматын ойлоп тапканы үчүн» Нобелдин экономика боюнча быйылкы сыйлыгына татышты. Швециянын падышалык академиясы 12-октябрда жасаган билдирүүсүндө 72 жаштагы Милгром менен 83 жаштагы Уилсондун ачылышы «дүйнө жүзү боюнча соодагерлерге, сатуучуларга жана салык төлөөчүлөргө пайда алып келгени» айтылат. Бул эки илимпоз иштеп чыккан аукцион көп мамлекеттерде 1994-жылдан бери колдонулуп келген. Читать дальше...

Евробиримдик президент Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү бийлик деп тааныйт

Azattyk.org 

Евробиримдик (ЕБ) Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана легитимдүү институт катары тааныйт. Бул маалыматты бүгүн, 12-октябрда президенттик аппарат биримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Бурианга таянып таратты. Маалыматка ылайык, өкүл Петер Буриан 12-октябрда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал Евробиримдиктин эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары Жозеф Боррелдин президент... Читать дальше...

Касымалиева: Бакировду токтомго кол коюуга мажбур кылышты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева вице-спикер Мирлан Бакиров парламенттин 10-октябрдагы жыйыны боюнча токтомго кол коюуга аргасыз болгон деп эсептейт. Бул тууралуу Касымалиева 12-октябрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды. Ал Бакировду кол коюуга мажбур кылышканын белгилеп: «Эч нерсе өзгөргөн жок. Мыйзамсыз нерсе мыйзамсыз бойдон калууда. Бир гана нерсе өзгөрдү. Кылмыш ишине негиз бар. Ошондой болоруна ишенем» деп билдирди. 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку... Читать дальше...

10-октябрдагы сессияга катышкан жана ишеним кат аркылуу добуш берген депутаттардын тизмеси жарыяланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу 10-октябрдагы кезексиз жыйынга келген жана ишеним кат берген депутаттардын тизмесин жарыялады. Анын айтымында, жыйынга келген депутаттарды тизмеге парламент аппаратынын кызматкерлери каттаган. Тизмеде 54 депутаттын аты-жөнү көрсөтүлгөн. Алар: Гүлкан Молдобекова, Таабалды Тиллаев, Өмүрбек Бакиров, Жылдыз Мусабекова, Мирлан Бакиров, Кожобек Рыспаев, Бакыт Райымкулов, Нургазы Айдаров, Камчыбек Жолдошбаев, Талант Мамытов, Аида Касымалиева, Сагындык Келдибаев... Читать дальше...

13-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

13-октябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19; Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 13…18; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Ысык-Көл ​жана Нарын облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3 градус болот. Читать дальше...

Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы каралууда

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттик шайлоого катышкан «Социал-демократтар» партиясынын тизмесиндеги жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын караганы жатат. Аны менен кошо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 6-октябрдагы башаламандыкта бошотулган тарапташтары Фарид Ниязов, Канатбек Сагымбаев да бөгөт чарасын караш үчүн сотко жеткирилди. Булар Ала-Тоо аянтындагы митинг убагындагы жаңжалга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда 48 саатка камалган. Соттун имаратынын алдына чогулгандар «Темирлан! Читать дальше...

Суваналиев: Криминал коррупционер чоңдор менен кошулуп мафия болуп алды

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев шайлоодогу жана андан кийинки тоз-тополоңго криминал аралашканын четке какпайт. Бул тууралуу ал 12-октябрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди: "Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор аябай күчтүү. Алар коррупционер чоңдор менен кошулуп мафия болуп алышкан. Ошондуктан, криминал бийликке келүүгө аракет кыла баштады. Себеби, аткаминерлер алардын алдында иштеп калышкан. Кайсы жерди караба, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү толтура. Читать дальше...

ЖК: Мирлан Бакиров өкмөттүн курамы менен программасын бекиткен токтомго кол койду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер жана парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирип, токтом расмий жарыяланарын кошумчалады. 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы... Читать дальше...

Сооронкулова: Кырдаалдан чыгыш үчүн бардык тарап тааныган өкмөт түзүү зарыл

Azattyk.org 

Кыргызстандагы азыркы кырдаалдан чыгыш үчүн бардык тараптар тааныган өкмөттү түзүү маанилүү. Бул тууралуу «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кырдаалдан чыгыш үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө парламенттик шайлоону өткөрүш керек.  «Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөтүүдөн баштап эле легитимсиз болуп калды, - деди ал. - Ошондуктан, учурда өкмөттү мыйзамдаштыруу зарыл. Меним оюмча, Жапаров деле башка партиялар, күчтөр менен сүйлөшүүсү зарыл. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *