Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 09.10.2020

Пашинян: Кыргыз элине тынчтык каалайм

Azattyk.org 

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ереван шаарында 9-октябрда өткөн жыйынына Кыргызстандын премьер-министри катышкан жок. Бул тууралуу жыйында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сөз кылып, Кыргызстандагы жагдайдын жөнгө салынышына тилектештигин билдирди. “Кыргызстандын премьер-министри белгилүү себептерден улам Армениядагы жыйынга келе албай калганын өкүнүү менен белгилегим келет. Мен достук мамиледеги Кыргызстандын элине тынчтык жана ынтымак каалайм. Читать дальше...

Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандык фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, аянттагы таш менен уруу, курал колдонуу фактылары “Массалык башаламандык” беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Атайын экспертиза дайындалды. Мурдараак Бишкектеги Улуттук госпиталга денесинен түрдүү жараат алган беш киши жаткырылганы кабарланган. Алардын бири – саясий активист Тилек Токтогазиев. Бүгүн... Читать дальше...

Эркебаев: Абалды жөнгө салбаса, кризис тереңдейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда саясий кырдаал калыбына келе элек. Бишкекте ар кыл саясий топтордун митингдери кагылыш менен аяктады. Мындай кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар? Бул суроонун тегерегинде Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев “Азаттыкка” маек курду.

Ала-Тоо аянтында ок чыгарган адамга издөө жарыяланды

Azattyk.org 

9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында белгисиз автоунаага ок чыгарып жаткан адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Аянттагы ок атуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция социалдык тармактарда куралчан адамдын автоунаага аткылаганы тартылган тасмадагы адамга издөө жарыялады. Тасмадагы адамды тааныгандардан милицияга кабарлап коюуну өтүнүүдө. Бүгүн... Читать дальше...

Ала-Тоо аянтындагы кагылышта беш киши жараат алды

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда беш киши жараат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 9-октябрдын кечинде билдирди. Жараат алгандардын арасында саясий активист Тилек Токтогазиев да бар. Расмий маалыматта ооруканага түшкөндөр эмнеден жаракат алганы так айтылган эмес. Бишкек милициясы аянттагы башаламандык маалында белгисиз адамдар чогулгандарга таш ыргытканын, ок атуучу курал колдонушканын, эки кишиге куралдан ок тийгени тууралуу алдын ала маалымат бар экенин кабарлады. Читать дальше...

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта кирет

Azattyk.org 

Башкалаада өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштей баштайт. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты жума күнү чыгарган. Ага ылайык, саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болуп, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Бишкек шаарында атайын комендантура түзүлүп, ички иштер министринин... Читать дальше...

Москвада азери-армян дипломаттары жолугушууда

Azattyk.org 

Москвада Тоолуу Карабак маселеси боюнча Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү өтүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова билдирди. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин эки өлкөнүн ортосунда кеңешме өткөрүүнү сунуштаган. “Интерфакс” билдиргендей, Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвадагы сүйлөшүүлөрдү Тоолуу Карабактагы кармашты тынч жол менен жөнгө салуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп мүнөздөдү. Армениянын... Читать дальше...

Ош шаардык кеңеши мэр Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө токтомун жокко чыгарды

Azattyk.org 

9-октябрдын кечинде шаардык кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө боюнча токтомду жокко чыгарышты. Бул токтом үч күн мурун эле кабыл алынган. Бул тууралуу мэриянын базма сөз кызматы билдирди. Таалайбек Сарыбашов 6-октябрь күнү шаардык кеңеш чыгарган токтом мыйзамсыз экенин айткан. Ал ошол эле күнү кызмат ордун таштап чыгып кеткен. Кийин анын ордуна Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган. Депутаттар токтом менен митингге чыккан элди тааныштырууга чыгып, бир нечеси сабалган. Читать дальше...



ЖК төрагасы фракция лидерлери менен президенттин жарлыгын талкуулады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев бүгүн, 9-октябрда парламенттеги КСДП, “Ата мекен”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, “Бир бол” фракцияларынын лидерлери менен жолукканын кабарлады. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгы талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу “Азаттыкка” билдирди. Жогорку Кеңеш президенттин бул жарлыгын качан караары азырынча белгисиз. Бүгүн, 9-октябрда... Читать дальше...

БУУ Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева менен телефон аркылуу сүйлөштү. Отунбаева “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, “Гуттериш Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалды чукулдан билип, өзүнүн кыргызстандыктарга болгон колдоосун көрсөткүсү келгенин айтты”,- деди. Баш катчы буга чейин БУУ кырдаалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин билдирген.  Отунбаева БУУнун Баш катчылыгынын алдындагы медиациялык топтун мүчөсү. Бул топко дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн лидерлер мүчө. Читать дальше...

Элдик кошуун элди коргойт

Azattyk.org 

Жетинчи октябрдын түнүндө Бишкекте талоончулук болот деген коркунучтар болгон. Ыктыярдуу элдик кошуун белгисиз адамдар тобу жүргөн көчөлөрдөгү кафе, соода борборлорун курчап, аларга кимдир-бирөөнүн киришине жол берген жок. Кошуун мындан сырткары автоунаалардын номерлерин да текшерип жатышты. Анткени буга чейин калаада номери жок машинелер көп жүргөнү айтылган. Кененирээк “Азаттык+” көрүңүз.

Жумагазиев Бишкек милициясынын башчылыгына кайтып барды

Azattyk.org 

9-октябрда Канат Жумагазиев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине кайтып келди. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ички иштер министрлинин милдетин аткаруучусу Мирлан Каныметовдун буйругу менен Жумагазиев кызматына кайтып барды. Канат Жумагазиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясынын тизмеси менен ат салышкан. Буга байланыштуу кызматынан убактылуу токтоткон болчу.

Жээнбеков бешинчи ирет кайрылуу жасады

Azattyk.org 

9-октябрдын кечинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жасады. “Кадырман калкым, элибиздин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбош керек. Ошондуктан, өлкөбүздүн борбору Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилди. Бүгүн атайын жарлыкка кол койдум" - деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев менен жолугуп, өлкөдөгү абалды турукташтыруу чараларын талкуулаганы кабарланган. 4-октябрдагы парламенттик... Читать дальше...

Орусияда COVID-19 чалдыккандардын саны эң жогорку чекке жетти

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир сутка ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны 12 126 кишиге жетти. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда акыркы жолу илдетке чалдыккандардын эң жогорку чеги 11-майда катталган. Анда 11 656 кишиден вирус табылган. COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө коронавирустун ырасталган учурлары 1 миллион 300 миң кишиге чукулдап баратат. Учурда 250 миңдей бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Расмий маалымат боюнча, COVID-19 илдетинен 22 миңден ашуун адам көз жумду. Читать дальше...

Үмүтбектин үмүтү да акталаар

Azattyk.org 

5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыкта каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу Баткенде өзү туулган айылында жерге берилди. 19 жаштагы Үмүтбек кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып көз жумган. Өзгөрүүнү талап кылып каза тапкан маркумдун жакындары, достору үмүт акталаар бекен, саясатчылар кызмат талашып, негизги максатты унутушту дешет.

Юристтер: Өзгөчө абал тууралуу жарлык мыйзамсыз

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу 9-октябрда чыгарган жарлыгы мыйзамсыз. Бул тууралуу Кыргызстан юристтери тараткан билдирүүдө жазылган. «Бүгүн, 9-октябрда президент Жээнбеков саат 20:00дөн тартып Бишкектин аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарды. Акыркы үч күндө Бишкекке кылмыштуу топтор агып киришкенин элдин баары билет. Бул убакта күч кызматтарынын айрым бир бөлүгү гана иштеп, көпчүлүгү криминалдын коркунучунан улам формаларын чечип коюшту. Читать дальше...

Алмазбек Атамбаевдин машинесине ок атылганын тарапкери билдирди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына бүгүн, 9-октябрда ок атылганы тууралуу маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасында жазды. Анда Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына ок тийгени талкууланып жаткан видеотасма да тараган. Тасмада мурдагы президент машинесине «кадимки согуштук октор тийгенин» айтып жатканын көрүүгө болот. Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин... Читать дальше...

Ала-Тоо аянтындагы башаламандыкта жараат алгандар бар

Azattyk.org 

9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учурады. Митингде бир нече адам сүйлөп бүткөндөн кийин аянттан анча алыс эмес өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп жаткан Садыр Жапаровдун жактоочулары келип тополоң чыгарган. Алар "Садыр" деп кыйкырып, берки тарапка таш, бөтөлкө ыргытышкан. Ала-Тоо аянтында болгон бул кагылышта Тилек Токтогазиев башынан жаракат... Читать дальше...

Мэрия: Башаламандык учурунда Бишкек шаары 17 млн. сом зыян тартты

Azattyk.org 

5-октябрдан берки башаламандык учурунда баш калаанын бюджети 17 млн. сомдук зыян тартты. Бул алдын ала чыгарылган эсеп экенин, дагы тактоо болорун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 9-октябрда журналисттерге билдирди. Анын айтымында массалык башаламандык учурунда 12 автобус, ИИМдин жана Бишкек ШИИБнин 16 кайгуул автоунаасы талкаланган, жети «Тез жардам» машинеси жабыркаган. «Тез жардам» машинелерин оңдоого 500 миң сомдой акча сарпталат. Ала-Тоо аянтындагы келтирилген зыяндын суммасы төрт миллион сомду түзгөн. Читать дальше...

Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев менен жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев менен жолугуп, өлкөдөгү абалды турукташтыруу чараларын талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Бүгүн мен Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча буйрукка кол койдум. Азыркы кырдаалга байланыштуу, биз шашылыш түрдү көзөмөлдү колго алып, тынчтыкты орнотушубуз керек», - деп билдирди Жээнбеков.  Өмүралиев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн... Читать дальше...

Адвокат Токтосунов: «Жапаровдун тарапташтары чагымчылдыкка барган жок»

Azattyk.org 

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Садыр Жапаровдун митингде сүйлөгөн жактоочусу, юрист Шарабидин Токтосунов «Ала-Тоо аянтындагы чатакка, кол салууга Жапаровду колдогон митингчилердин тиешеси жок, бул жөн гана чагымчылдык» деп билдирди. «Митингдеги эч ким Ала-Тоо аянтына барбасын, чагымчылдарга алдырбагыла, Жапаров элдин арасына келбесе да бизди көрүп жатат. Ал эл менен», - деди ал. Кечке жуук Өкмөт Үйүнө жанаша жайгашкан Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаевдин... Читать дальше...

Ала-Тоо аянтындагы митингде ок атылды

Azattyk.org 

9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган соң ок атылды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот. Ок атылганын жеринде жүргөн «Азаттыктын» кабарчылары да ырасташты. Орусиянын «Интерфакс» агенттиги аянттагы күбөлөргө таянып, белгисиз адамдар Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек... Читать дальше...

Садыр Жапаров элге чыкпайт

Azattyk.org 

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Ага катышып сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн ар кайсы облустарынан келгенин айтышууда. «Говори ТВ» каналынын Интернеттеги түз эфиринен бул митингге жүздөгөн адамдар катышып жатканын көрсө болот. Митингдин модератору: «Садыр Жапаров бүгүн элге чыгып сөз сүйлөбөйт! Анын жашоосуна коркунуч жаралууда. Бирөөлөр «атып кетебиз» дегенинен сыртка чыгып, эл аралабаңыз деп койдук», - деди. Сөз сүйлөп жаткандардын жана модераторлордун ким экени айтылган жок. Читать дальше...

Ала-Тоо аянтында Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алганы кабарланды

Azattyk.org 

Ала-Тоо аянтындагы кагылышта мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алды. Мындай маалыматты мурдагы премьердин айланасындагы адамдар ырасташты. Маалыматка ылайык, жаракат алган адам ооруканага жеткирилди. Анын эмнеден жаракат алганы белгисиз. Буга чейин Интернетте жаракат алып, эс-учу жок жаткан адамды бир нече адам тегеректеп, агрессивдүү түрдө башка саясатчылардын атын атап, коркутуп жаткан видео тараган. Борбордук аянттагы кагылыш учурунда активист Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганы белгилүү болгон. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *