Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка көрсөтүлдү

0
Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка көрсөтүлдү

Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан соң мыйзамдык талаага кайтып келүү аракети күмөндүү бойдон калды. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин төрагасын алмаштырды жана премьер-министрликке талапкер сунушташты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон толкундоолордон соң өлкөдөгү мыйзамдуу бийлик кризиси жаралды.

6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйдү ээлеп алган. Андан бери президент жана өкмөт мүчөлөрү Бишкекте жүргөнү расмий кабарланганы менен иш жүзүндө кайда экени белгисиз.

Кыргызстанды мыйзамдык талаага кайтаруунун жалгыз жолу катары VI  чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары чукул жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү курашы керек деген сунуш айтылган. Дал ушул максатта ири сегиз партиянын өкүлдөрү кирген Координациялык кеңеш парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүгө чакырган. Бул кеңештин курамына «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Замандаш» партиялары кирди.

Кеңештин төрагалыгына шайланган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров ушул жол менен гана өлкөнү мыйзамдуу нукка салуу мүмкүн экенин билдирди:

«Координациялык кеңеш өлкө тез арада мыйзам талаасына келүүнү сунуш кылат. Көчө демократиясын токтотуу керек. Азыр иштеп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, анын жетекчилиги алмашуусу зарыл. Азыр өлкөдөгү бирден-бир легитимдүү орган катары аларды чогулууга үндөйбүз».

Координациялык кеңеш саясий кризиске кептелген өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу үчүн гана түзүлгөн убактылуу орган болуп саналат. Бул кеңешке кирген мурдагы премьер-министр Темир Сариев азыркы кырдаалда Кыргызстандагы абалды көзөмөлгө алуу абдан маанилүү экенин билдирди:

«Эртең Жогорку Кеңеш чогулса, анын төрагасы алмашышы керек. Ошондой эле учурдагы өкмөттү отставкага кетирип, жаңы коалициялык өкмөт түзүшү керек. Ушул өкмөт шайлоону өткөрүп бериши керек. Анткени, БШК бүгүн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мыйзам боюнча, кезексиз шайлоо 45 күндүн ичинде жарыяланышы керек. Координациялык кеңеш өкмөт куралганга чейин коопсуздукту камсыз кылып, уюштуруу иштери менен гана алек болот. Өкмөт куралган соң анын ишине кийлигишпейт».

Жогорку Кеңештин депутаттары экиге бөлүндү

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакыруу үчүн кол топтоп, эки жерде чогулду. Мыйзамга ылайык, кезексиз жыйынга чогулуу үчүн 120 депутаттын жарымынан көбү же 61 добуш керек.

Ошол эле учурда Бишкектеги «Достук» мейманканасында спикер Дастан Жумабеков чакырган парламент мүчөлөрү жыйынга чогулушту. Ага 64 депутат катышканы айтылганы менен иш жүзүндө канча депутат катышканы такталган жок. Бир канча депутат тилкаттын негизинде катышып жатканы айтылды.

Залдын ичинде депутаттар ары-бери басып, имараттын сыртындагы жаш активисттерди чымыр денелүү жигиттер киргизбей турушту.

Жыйынды алып барган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери, учурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров Дастан Жумабеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди. Анын ордуна ошол замат Мыктыбек Абдылдаев кабарланып, жыйынга катышкан депутаттар аны бир добуштан шайлаганы жарыяланды.

Андан соң Абдылдаев премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Анын ордуна абактан өткөн түнү чыккан Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнү айтылды. Депутаттар эч бир суроо-сопкутсуз эле кол көтөрүп, колдоп коюшту. Добуш берүүдөн соң Абдылдаев буларды түшүндүрдү:

«Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Жапаров Садыр Нуркожоевичтин талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттүк. Эми ал өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын сунушташы керек».

Ошентип нааразылыкка чыккан эл Ак үйдү ээлеп алгандан 24 саат өтпөй парламенттин жетекчилиги дайындалды. Өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүлдү.

Момбеков: Бүгүнкү чечимдер легитимсиз

Бирок кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү боюнча бир нече маселе чыгууда. Себеби, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү Бишкекте башка жыйын өткөрүшкөн. Депутаттардын арасында «Ата Мекен», КСДП, «Республика-Ата Журт», «Бир Бол» фракцияларынын айрым депутаттары катышты.

Бул жыйынга катышып жаткан Жанар Акаев «Азаттыкка» кабарлагандай, парламенттин чукул жыйынын чакырууга 50гө жакын депутат кол койгонун кабарлаган.

«Эртең (7-октябрь) саат онго чейин 65 депутат кезексиз жыйын өткөрүп, жаны парламент төрагасын шайлайбыз. Эл ишениминдеги элдик өкмөттүн курамын бекитишибиз керек. Азыркы көчөдөгү кырдаалды жөнгө салып, мыйзамсыздыкты, тартипти орнотуп, бир ыргакка келишибиз керек».

Жапаровду премьерликке көрсөтүү боюнча талаштуу чечим жарыяланган соң Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков муну легитимсиз деп атады. Бүгүн парламенттин чукул жыйыны болору тууралуу көпчүлүк депутаттар кабарсыз калган:

«Кандай болгон күндө да бул легитимсиз. Анткени, кезексиз сессия боюнча төрага бардык депутаттарга кабар бериши керек. Андай болгон жок. Премьер-министрди шайлоонун жол-жобосу таптакыр башка. Биз шайлоодогу мыйзамсыздыкка каршы чыгып, талап кылып атсак, кайра бүгүн мыйзамсыз шайлап койгону таптакыр туура эмес. Бул - бийликти рейдерлик жол менен басып алуу деген эле сөз. Анын үстүнө ал жакта добуш берген депутаттар «Биримдиктин», «Мекеним Кыргызстандын» тизмеси менен шайлоого барышкан. Алардын добуш берүүгө моралдык укугу жок болчу. Мен эртең элге чыгып, бул мыйзамсыз экенин айтам. Бул өлкөдөгү стабилдүүлүккө кепилдик боло албайт. Кайрадан чоң чатакка алып келет. Жалаң «Кудайдан жөө качкан» депутаттарды катыштыруу менен кабыл алынган чечим реваншисттик эле аракет».

Буга чейин Садыр Жапаров бир нече оппозициячыл партия түзгөн Координациялык кеңешти мыйзамсыз деп эсептерин жарыялады. Ушундай жол менен өлкөнү мыйзам талаасына алып барат деген Жогорку Кенештин депутаттары экиге бөлүнүп, эки башка максатта көздөөдө.

Ошентип кырдаалды жөнгө салуу үчүн Координациялык кеңеш түзгөн «Бүтүн Кыргызстан», «Республика», «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү болсо, экинчи тарабында Садыр Жапаровду өкмөт башына алып келүүнү каалагандар болуп калды.

Мындай абалга кейиген «Ата Мекен» партиясынан депутат Садык Шер-Нияз учурда бардык саясатчылар жеке дымагын четке таштап, абалдан чыгуу үчүн биригүүгө чакырды:

«Эми кайра ыймансыздыктын үлгүсүн көрсөтүп жатасыздар, урматтуу саясатчылар. Эми кайра силер спикердин ордун талашып, топ түзүп жатасыңар. Эл анын баарын көрүп турат, бир топ болуп жеңишке жетиш керек болчу».

Ал ортодо Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кайда экени белгисиз бойдон турат. Президенттин басма сөз кызматы Жээнбеков Бишкекте экенин жана өз ишин улантып жатканын билдирген болчу. 6-октябрь күнү эртең менен видео кайрылуусу тараталып, анда Жээнбеков айрым саясий күчтөр бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасап, шайлоонун шылтоосу менен коомдук тартипти одоно бузганын билдирген:

«Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдаалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү депутаттык мандаттан бийик», - деди президент Жээнбеков.

Анткен менен Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы катары өлкөдөгү саясий күчтөр менен байланышка чыгып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү өткөргөнү жөнүндө маалымат жок.

Ага чейин Кубатбек Боронов баштаган өкмөт да өз ишин улантып жатканын жарыяланган. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө министрлер кабинети Кыргызстандын жарандарын мыйзамдарды сактоого чакырышкан.

«Биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерибизди аткарууну улантабыз» деп жазылган кайрылууда. Анткен менен бул өкмөттүн абалды көзөмөлгө алуу боюнча реалдуу кадамдары байкалбайт. Жер-жерлерде "элдик бийликтин атынан" деп жергиликтүү органдардын жетекчилери деп алмаштырылып жатат.

Бишкек менен Ошто болсо бир нече акциялар өтүп, туруктуулук толугу менен камсыз боло элек.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышкан. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан.

Бул түнү абактардан бир катар кылмыштарга айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Сапар Исаков бошотулган.







Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»


Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Стильные образы на лето, в которых вы покорите окружающих

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов


Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced

Inside the mad Fenerbahce world Jose Mourinho is entering with rioting fans, players walking off and notorious hooligans

Fentanyl distribution indictment follows Westminster traffic stop

When Narine asked Gambhir 'can I bring my girlfriend to IPL?'


В Петербурге суд оправдал владельца транспортных средств, который давал взятки сотруднику ГИБДД

Экс-редактор Comnews присоединился к команде iTrend

Одна ночь на Вуоксе

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO


Четвёртое дополнение Age of Wonders 4: Eldritch Realms завершит первый цикл поддержки игры

Конец близок в релизном трейлере Destiny 2: The Final Shape

Today's Wordle answer for Thursday, May 30

Supercell выпустил игру Squad Busters на смартфоны



Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Дептранс Москвы раскрыл детали инцидента на станции метро "Спортивная"

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 5 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

«ТМК-ТАГМЕТ» из Таганрога стал бронзовым призером чемпионата России по настольному теннису

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Спортсмены из Химок выиграли Первенство Подмосковья по автокроссу


Заворотнюк похоронили на Троекуровском кладбище рядом с Ниной Руслановой

Песков, Авербух, Хазанов и другие: с Анастасией Заворотнюк приехали попрощаться первые лица страны и звезды эстрады

Амбиции родителей. Как перестать закрывать за счет ребенка свои гештальты

«Ходынка»: почему случилась самая страшная давка в русской истории


Россиянин Котов уступил итальянцу Синнеру в третьем круге "Ролан Гаррос"

Арина Соболенко повторила уникальное достижение Азаренко на турнирах «Большого шлема»

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде

Мирра Андреева вышла во второй круг Открытого чемпионата Франции


Заворотнюк похоронили на Троекуровском кладбище рядом с Ниной Руслановой

Ольга Бузова, Люся Чеботина, Лев Лещенко и другие на вечеринке «Вечерний звук»

Песков, Авербух, Хазанов и другие: с Анастасией Заворотнюк приехали попрощаться первые лица страны и звезды эстрады

«Ходынка»: почему случилась самая страшная давка в русской истории


Музыкальные новости

Валерий Гергиев награжден орденом «За заслуги перед Отечеством» второй степени

Bloomberg: Sony Music обсуждает покупку прав на музыку Queen

Самойлова о поездке Джигана на «Выжить в Дубае»: «Поставила перед фактом, а он молился, чтобы рейс отменили»

В Йошкар-Оле с большим успехом прошел IV этап культурного проекта «Классика: история и современность»


Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

Поезда задерживаются из-за схода вагонов в Приамурье

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву


ЦБ: В Татарстане все школы присоединились к урокам финграмотности

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие

«Восход», Тинькофф Банк и Альфа объявили о совместном pre-IPO фонде в секторе tech на 4 млрд рублей

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина


Дептранс: на закрытом участке метро Москвы работали 20 бесплатных автобусов

На МКАД в Москве частично пекрыли движение из-за массовой аварии

Движение поездов в Амурской области восстановлено по одному пути

Юрист рассказал, как добиться компенсации за потопленный в дождь автомобиль


Путин провел совещание с членами Совета безопасности России

Руководство Краснодара посетило китайский Харбин. Рассказываем подробности

Лучшие фото за май // Запоминающиеся кадры месяца

Лучшие фото недели // Запоминающиеся кадры 27–31 мая




AlfaBiom выпустили на рынок России БАД с красным ферментированным рисом

Первые звоночки и последствия: как живут и умирают люди с опухолью головного мозга

МК: американские стоматологи назвали неоднозначные продукты, от которых портятся зубы

Вышел второй подкаст онлайн-лектория «Иннагрика» о возможностях аграрной генетики для молодых исследователей


НАТО оказалась не готова к войне с Россией. Тайное соглашение США и Киева: Враг нацелился на Белгород - источники


Певица Пелагея разделила имущество с бывшим мужем

День защиты детей празднуют в мире 1 июня

Пассажир остановившегося в тоннеле метро поезда рассказал о происходившем в вагоне

Для пользы тела. «Мой спортивный район» начинает летние тренировки


Путин и Лукашенко обсудили по телефону предстоящий саммит ШОС

Путин и Лукашенко обсудили парад в Минске

БЕЛТА: Лукашенко и Путин обсудили представительство России на параде в Минске


Собянин: Детский фестиваль искусств «Небо» станет праздником для всей семьи

Собянин посетил фестиваль "Москва – на волне. Рыбная неделя"

Собянин: 1 июня начнется фестиваль «Лето в Москве. Все на улицу!»

Сергей Собянин поздравил москвичей с Международным днем защиты детей


Портал «Малый бизнес Москвы» насчитывает более 200 тыс пользователей

«Восход», Тинькофф Банк и Альфа объявили о совместном pre-IPO фонде в секторе tech на 4 млрд рублей

Жителям Подмосковья рассказали о лесопожарной обстановке в регионе на 1–3 июня

Июнь в Москве начнется с аномально жаркой погоды


Собянин поздравил россиян с Международным днем защиты детей

Семья Заворотнюк запретила фотографировать белый открытый гроб актрисы

Подмосковный НИКИ детства провел онлайн-марафон «Бегом за здоровьем» 1 июня

Путин пообещал поддержку фонда "Круг добра"


В Архангельске с рабочим визитом побывал «арктический» министр

ТСД промышленного класса Saotron RT-T60

Развитие центров экономического роста и создание аварийно-спасательных центров на территории АЗРФ обсудили на заседании президиума госкомиссии по Арктике

В Архангельске в рамках арктического форума провели ночную уборку


Литературно-музыкальный вечер «Песня как признание в любви»

Выставка-предупреждение «Пожарная безопасность», В рамках Федеральной информационной противопожарной кампании «Останови огонь».

Банки начали выдавать ипотеку на жилье в Крыму

ВТБ начал выдавать ипотеку на жилье в Крыму


Песков, Авербух, Хазанов и другие: с Анастасией Заворотнюк приехали попрощаться первые лица страны и звезды эстрады

Худой и измученный: Петр Чернышев еле стоял у гроба Анастасии Заворотнюк

Собянин поздравил россиян с Международным днем защиты детей

Путин пообещал поддержку фонда "Круг добра"














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *