"Бир дүйнө-Кыргызстан" саясий күчтөрдү сүйлөшүүгө чакырды
![](https://gdb.rferl.org/fcc77e11-f364-4b12-85da-fa7b5f5ff67d_w800_h450.jpg)
"Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо уюму акыркы кырдаалга байланыштуу саясий партияларга кайрылды. Уюмдун 7-октябрда тараткан кайрылуусунда кырдаалдын курч экенин эске алуу менен бардык саясий күчтөр амбицияларын токтотуп, тынчтыкты калыбына келтирүүгө күч жумшашы керектиги айтылат.
"Биз бардык саясий күчтөрдү шайлоодон кийинки кырдаалды легитимдештирүү үчүн конституциялык алкакка кайтып, бийликти тынчтык жол менен өткөрүүгө жетишүүгө чакырабыз" деп жазылган кайрылууда.
Аталган уюм курмандыктарга жол бербөө жана өлкөнү туңгуюкка түшүрбөө үчүн президент Сооронбай Жээнбеков, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын ыктыярдуу түрдө отставкага кетишин, бийликти өткөрүп алуунун мыйзамдуу жолдору үчүн парламенттин чукул жыйыны чакырылышын, БУУ, ЕБ, ЕККУ уюмдары менен тез арада кеңеш алууну күтүп жатканын билдирди.
Ушундай эле тариздеги кайрылууну Кыргызстандагы Саясий репрессияларга каршы туруу боюнча комитети да 7-октябрда таратты. Анда Жогорку Кеңеш ар кайсы саясий күчтөрдөн куралган жаңы өкмөт түзүп, кийинки парламенттик шайлоону 2021-жылдын жаз айларынан кеч эмес мөөнөттө өткөрүү зарылдыгы белгиленген.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. Өлкөнү мыйзам алкагына кайтарыш үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү зарыл экени айтылып жатат.
Бишкектеги «Достук» мейманканасында 6-октябрда бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөткөнүн жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдерди легитимсиз деп баалашууда.
6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.