Евробиримдик президент Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү бийлик деп тааныйт
Евробиримдик (ЕБ) Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана легитимдүү институт катары тааныйт. Бул маалыматты бүгүн, 12-октябрда президенттик аппарат биримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Бурианга таянып таратты.
Маалыматка ылайык, өкүл Петер Буриан 12-октябрда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал Евробиримдиктин эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары Жозеф Боррелдин президент Сооронбай Жээнбековго жазылган кайрылуусунун мазмуну менен тааныштырган.
Кайрылууда Евробиримдиктин эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан менен биримдиктин ортосундагы эки тараптуу мамилеге, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашууну илгерилетүүгө кошкон салымын белгилеген.
«Евробиримдик парламенттик демократиянын тагдырына кайдыгер карабаган Кыргызстандын чыныгы досу жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда», деп айтылат билдирүүдө.
Кайрылууда ошондой эле Евробиримдик президент Сооронбай Жээнбековдун колунда учурдагы кырдаалды тескеш үчүн жетиштүү күчтөр жана механизмдер бар деп эсептей турганы, саясий күчтөрдүн, күчтүү жарандык коомдун жана жаштардын колдоосу менен мамлекет башчы өлкөнү кризистен алып чыга алат деп үмүттөнөрү жазылган.
Мындан тышкары, Евробиримдик Кыргызстанга ар тараптуу жардамдашууга, анын ичинде парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.
Евробиримдик пандемияга каршы күрөштө да Кыргызстанга кайтарымсыз грант түрүндө жардам көрсөткөн.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.
10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда башка саясатчылардын катарында абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров жетектеген жаңы өкмөттү бекиткени кабарланган. Бул чечимди бекиткен токтомго жыйынды башкарган вице-спикер Мирлан Бакиров кол койгонун 12-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйындын чечимин мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.
Президент Сооронбай Жээнбеков ишин «Ала-Арча» резиденциясында улантып жатканы кабарланды.(ZKo)