Турсунбек Акун: Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүсүндөгү сөздөр жашыруун болбошу керек
Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү тууралуу чечими жөнүндө өз пикирин «Азаттыкка» билдирип, бул күтүлгөн нерсе болгонун айтты. Акун ошентсе да процесстин арты жашыруун болуп жатканына кабатырланды:
«Президент 5-октябрдан кийин эле жалпы журтка кайрылып, кызматтан кетерин билдирген. Ал эки айдан кийинби, же беш күндөн кийинби, кыскасы ушундай позициясын айткан. Ошондуктан анын кызматтан кетиши күтүлгөн нерсе эле. Бирок башка жагдай - «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамга ылайык, өзгөчө абал учурунда президенттин ыйгарым укуктары башка адамга берилбейт. Ошондуктан мамлекет башчы 19-октябрдан кийин кетиш керек эле. Дагы бир маселе - мамлекет башчы кызматтан кетип жаткан себебин парламенттин, коомчулуктун алдында ачык айтышы керек. Премьер-министр Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүдө кандай сөздөр болду? Ошолор айкын болушу зарыл. Президенттин кызматтан кетишине мен каршы эмесмин, бирок анын артындагы кептер жашыруун болбошу керек. Коркутуу болду деп айта албайм, бирок ачык болбосо адамдарды ар кайсы ойлорго түртөт».
4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.
Мындан кийин Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн. Бир катар саясий кыймылдар 8-9-октябрь күндөрү Жапаровдун өкмөт башчылыкка бекитилбешин талап кылган акцияларды өткөрүштү. Анын ичинде айрымдар Садыр Жапаровдун артында мурдагы бажычы Райымбек Матраимов турарын айтышкан. Жапаров муну четке каккан.
Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.
13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.
Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Анын арызын парламнет 16-октябрда карай турганы кабарланууда. (ErN)