Аба ырайы: күн ачык болот
Гидрометеорология агенттиги кабарлагандай, 18-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 16...21,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 14...19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 5...7, күндүз 22...24 градус болот.