Кочкоров: жумуштан өз каалоом менен кеткенимди интернеттен окудум
Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматын тапшырганы жөнүндө кабарсыз болгонун билдирди. Кочкоров "Фейсбуктагы" баракчасына видео кайрылуу таратып, акыркы кырдаал боюнча пикири менен бөлүшкөн:
“Менин өз каалоом, арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да интернеттен билдим. Бул - трагедия эмес. Мени өкүндүрүп, ойлондурганы Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан саясий, экономикалык, калктын жашоо деңгээли боюнча чоң коркунучта, туңгуюкка келди”-деди Кочкоров.
Ал өлкөдөгү айлык акы, жөлөкпулдарды көбөйтүү боюнча программа иштеп чыкканы менен мурдагы жана жаңы келген бийлик көңүл бурбаганын кошумчалаган.
Улукбек Кочкоров өз тарапкерлерин дал ушул программанын айланасында биригүүгө чакырган.
Улукбек Кочкоровдун өз каалоосу менен кызматтан кеткени ушул апта башында жарыялаган. Анын ордуна Кочкоров менен кошо вице-премьер-министрлик кызматын тапшырганы айтылган Аида Исмаилова көрсөтүлүп, бирок парламент аны колдогон жок.
“Жаңы доор” саясий партиясынын лидери Улукбек Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылы октябрда дайындалган. Ал быйыл октябрдагы парламенттик шайлоого бийликчил “Биримдик” партиясынын тизмесинен катышкан.