АКШ кутумчулар бийлеп калган Бирмага көмөк программасын кайра талдайт
АКШнын Мамлекеттик департаменти Бирманын аскер жетекчилигинин соңку иш-аракетин «кутум» деп жарыялады жана бул өлкөгө көрсөтүлчү жардам маселеси кайрадан карала турганын маалымдады.
АКШ Мамдепартаментинин расмий өкүлүнүн 2-февралындагы айтымына караганда, Кошмо Штаттар Түштүк-Чыгыш Азиядагы “Мьянма” деп да аталган бул жумуриятка гуманитардык багыттагы көмөктү уланта бермекчи, бирок көмөк түрлөрүн терең талдап чыкмакчы.
2012-жылдан тартып бул өлкөдөгү демократиялык жүрүмдү, жарандык тынчтыкты жана зомбулуктан жапа чеккен азчылыктарды колдоо максатында Вашингтон 1,5 миллиард доллардык жардам берген.
Бирманын (Мьянманын) кутумчулар кармап кеткен 1-февралга чейинки өкмөт башчысы Аун Сан Су Чжи айымдын партиясынын өкүлү болгон аткаминер бул айымдын саламаттыгы дурус жана аны кармалып турган жеринен эч жакка которушпайт, деп шейшембиде билдирди.
Аун Сан Су Чжи өлкөнүн борбору Нейпйидо (Нейпьидо) шаарында дүйшөмбү күнү жүзөгө ашырылган аскердик кутум маалында кармалган болчу.
Өлкөнүн эң ири шаары болгон Янгон шаарында шейшембиде калайык кутумчуларга каршы нааразылык чараларын башташты. Алар көчөгө чыга алышкан жок, бирок идиш-аякты калдыратып, автоунаалардын сигналын басып өз нааразылыгын билдиришүүдө.
Былтыр ноябрда өткөрүлгөн шайлоолорду аскер жетекчилиги бурмалоолор менен коштолду деп айыптаган. Андан бери аскер жетекчилиги менен өкмөттүн ортосундагы мамилелерде чыңалуу байкалган.
АКШнын президенти Жо Байден 1-февралда Бирмадагы окуяларды өлкөдөгү демократияга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы чабуул катары кескин айыптады. (TT)