Навальныйга каршы жаңы сот иши башталды
Орусиядагы оппозициячыл лидер Алексей Навальный өзүнө каршы башталган жаңы сот жүрүмүнө байланыштуу орус бийликтерин “жалаа жаап, кошумча доо таккысы келет” деп кескин сынга алды. Абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный орусиялык аткаминерлерди ага карата жалган жалааны "ойдон чыгарды" деп айыптады. Расмий Кремлди колдогон бир нече киши чагылдырылган видео тасмага карата Навальныйдын “Твиттерде” жазган пикирлерин бийликтер кишинин беделине шек келтирүү катары баалап жатышкандыгын ал ушундайча сынга алды. Читать дальше...