Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 13.02.2021

АКШ Сенаты импичмент боюнча жыйынтыктоочу бөлүмгө өттү

Azattyk.org 

АКШ Сенатында 13-февралда күндүз мурдагы президент Доналд Трамптын импичмент сотунун күн тартибине өзгөрүү киргизилди. Сенаторлор эми күбөлөрдү чакыруу оюнан кайтып, дароо эле жыйынтыктоочу бөлүмгө өтүштү. Бул чечимге келүүнүн алдында Сенаттагы республикачылардын азчылык бөлүгүнүн лидери Митч МакКоннелл капысынан билдирүү жасап, ал өзү Трампты козголоңго шыкакчы болгон деген доо боюнча аны актоо үчүн добуш бере тургандыгын баса айтты. Анын бул сөзү республикачылардын басымдуу көпчүлүгү Трампты... Читать дальше...

АКШ Сенаты Трамптын импичмент сотуна күбөлөрдү чакырат

Azattyk.org 

АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трамптын импичмент соту боюнча күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе 13-февралда эртең менен добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыгып, натыйжада бул сунуш кабыл алынды. Ишемби күнү кайра улантылган импичмент соту дал ушундайча өнүктү. Буга чейин импичмент жарыялоо боюнча Өкүлдөр үйүнүн айыптоочулары (менежерлери) дагы, Трамптын адвокаттары дагы кайсы бир күбөнү сот жүрүмүнө чакырууга беленденип жаткандыктарын жарыялашкан эмес. Эки тарап тең ишембиде акыркы жүйөөлөрүн айтышат... Читать дальше...

Муфтияттагы жаңжалдын төркүнү

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы ызы-чууну саясат талдоочулар бийликтеги эки чоң кызыкчылыкты көздөгөн топтун тиреши катары мүнөздөштү. Максат ажы Токтомушевдин айланасындагы ызы-чуу муфтийлик кызматты көзөмөлгө алууга ынтызар бийликтеги кызыкдар топтордун тымызын тиреши катары сыпатталууда. Жакында кызматынан алынган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев 11-февралда эртең менен Максат ажы Токтомушевди колдогон митингде муфтиятка көзөмөл кылууга... Читать дальше...

Навальныйдын штабы: Челябинск шаарындагы кеңсебиз тинтилди

Azattyk.org 

Орусиянын тартип сактоо кызматкерлери оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Челябинск шаарындагы штабынын кеңсесинде анын кызматкерлери жана адвокаттары жокто тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу 13-февралда уюм «Твиттердеги» барагында билдирди.   Тинтүү качан, ким тарабынан жана кайсы иш боюнча жүргүзүлгөнү белгисиз. Кеңсеге келген активисттер тинтүүнүн изин андан кийин табышкан. Штабдын кызматкерлеринин ижарага алынган батиринде да тинтүү иштери жүргүзүлдү, деп айтылат билдирүүдө. ... Читать дальше...

Абакан: «Хакасия токойлору» мекемесинин директору паракорлукка шектелип кармалды

Azattyk.org 

Түштүк Сибирдеги Хакасия Республикасында "Хакасия токойлору" автономиялык мекемесинин директору Андрей Васильевге жана "башка аты белгисиз кишилерге" кылмыш иши козголду. Жумурияттын тергөө мекемеси бул аткаминерлер ири өлчөмдө пара алган деген шек менен кармалганын билдирди. Тергөөнүн жоромолу боюнча, Васильев жыгач сатуу боюнча келишимдерди түзгөндүгү үчүн 4 миллион рублга жакын акча алган. "Кармалгандын көрсөтмөсүнө караганда, алынган паранын бир бөлүгү кийинчерээк башка кишиге өткөрүп берилиши керек болгон"... Читать дальше...

АКШ Гуантанамодогу абакты жабат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байдендин өкмөтү Кубадагы АКШнын Гуантанамо аскер базасындагы түрмөнү жабууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу жума күнү (12-февралда) Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Жен Псаки билдирди. Түрмөлөрдөгү шарттар укук коргоочулар тарабынан бир нече жолу кескин сынга алынган. «Америка үнү» абактын жабылышы – бул, албетте, жаңы президенттик администрациянын "максаты жана ниети",  - деп айткан Псакинин сөзүнө шилтеме кылды. Террорчулукка шектелген кишилерди кармоочу жай АКШнын Кубадагы аскер... Читать дальше...

Жээнбай Түрктүн “Бир жаны”

Azattyk.org 

Жазуучу Жээнбай Түрктүн “Бир жан” аңгемесинде потс-советтик жаңы заманга жакшы көнө албай жаткан кишинин ой чабыты көркөм баяндалган. Бекташ Шамшиевдин блогу.

Жапаров: Матраимов боюнча иш уланат

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча териштирүү уланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди: “Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айыппул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө... Читать дальше...



Бирмада кутумчуларга каршы нааразылык чаралары улантылууда

Azattyk.org 

Бирманын аскердик төңкөрүшүнө каршы болгондор 13-февралда сегизинчи күн катары менен жапырт нааразылык иш-чараларын улантышты. Хунтанын улам жаңы сынчыларын камакка алышы шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин камалышына карата жалпы нааразылыкты ого бетер күчөттү. БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши болсо Бирманын аскердик жетекчилигинен 12-февралдагы резолюциясы аркылуу өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык башкарууну калыбына келтирүүнү жана Су Чжини бошотууну талап кылды. Ишембиде миңдеген кишилер өлкөнүн... Читать дальше...

COVID-19: Штаб кырдаалдын начарлоо ыктымалдыгына даярдыкты талкуулады

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе бардык медициналык мекемелердин ишин жөнгө сала турган планын иштеп чыгышы керек. Мындай талап 13-февралда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өткөргөн жыйынында коюлду. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында республика боюнча коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы жалпысынан жайлап баратканы, ооруну жугузуп алгандарга караганда айыгып чыккандар көбүрөөк болуп жатканы... Читать дальше...

Сегиз балалуу эне дагы чүрпөлүү болгусу келет

Azattyk.org 

Нарындын Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын 34 жаштагы тургуну Намазгүл Молдоалиеванын сегиз баласы бар. Ал былтыр район боюнча эң жаш баатыр эне наамын алган. Намазгүл дагы балалуу болсом деген тилеги бар экенин жашырбайт. Баатыр эненин бир күндүк турмушун кабарчыбыз көрүп келди.

Түркия ирандык аткаминерди диссиденттин өлүмүнө байланыштуу кармагандыгы маалымдалды

Azattyk.org 

Түркияда 2019-жылы ирандык диссиденттин өлүмүнө шыкактаган деп шектелген ирандык аткаминер камакка алынганын «Рейтер» агенттиги билдирди. Аты аталбаган булактарга шилтеме берип, «Рейтер» агенттиги Мохаммад Реза Насерзаде ушул аптанын башында Ирандын саясий жана аскердик жетекчилигин сындаган Масуд Мовлави Варданжанини атып өлтүрүүнү пландаштырган деген шек менен кармалгандыгы тууралуу Түркиянын «Сабах» гезитинин маалыматын бул булактар тастыктады деп билдирди. «Сабах» гезити Насерзаденин Ирандын... Читать дальше...

Борбор Азиянын туристтик уюмдары кризисти талкуулашты

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы туристтик ассоциациялардын жетекчилери кризистен чыгуунун жолдорун талкуулашты. Виртуалдык “тегерек стол” форматында өткөн талкуунун уюштуруучуларынын бири Сергей Макаров 13-февралда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, коронавирус пандемиясынын айынан туризм рыногунда түзүлгөн абал жана экономиканын бул тармагын болушунча тезирээк калыбына келтирүү үчүн биргелешип иштөө тууралуу сөз болду. Жыйында 2020-жыл туризм үчүн жоготуу алып келгени айтылып, түзүлгөн абалдан чыгуу үчүн өз ара интеграция керектиги... Читать дальше...

14-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

14-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт.  Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15; Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 10…15; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

"Эмгек" партиясын Ырысбек Мааткабылов жетектемей болду

Azattyk.org 

«Эмгек» саясий партиясында жаңы жетекчи шайланды. Бүгүн, 13-февралда Бишкекте партиянын кезектеги, бешинчи курултайы өтүп, төрагалыкка Ырысбек Мааткабылов тандалды.  45 жаштагы Мааткабылов 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген. Партиянын өкүлдөрү “Азаттыкка” кабарлашкандай, курултайда апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык шаарлардан катышуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле партиянын саясий... Читать дальше...

Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан беш полициячы мерт кетти

Azattyk.org 

Ооганстанда бир күндө эки жерде кол салуу болуп, кеминде беш полиция кызматкери каза болду жана 12си жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, өлкө түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде «Талиптер» кыймылынын жанкечтиси көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанында бомбасы бар автоунааны жардырып жиберди. Анын айынан 12 полициячы жарадар болду. Министрликтин басма сөз катчысы Тарик Ариандын айтымында, кол салган киши Кандагардын... Читать дальше...

Песков Орусия Евробиримдик менен мамилесин үзүүнү каалабай турганын айтты

Azattyk.org 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөзүнүн мааниси бурмаланып калганын белгилеп, Орусия Евробиримдик менен мамилесин үзүүнү каалабай турганын билдирди. Эгер Европа Биримдиги расмий Москвага карата санкциялык режимин катаалдата турган болсо орус бийлиги бул бирикме менен кызматташтыгын токтотууга даяр экенин Лавров 12-февралда телеинтервьюсунда айткан. Министр мындай кадамга Орусия эгер өлкөнүн экономикасына коркунуч жарата турган санкциялар болсо барарын белгилеген. Читать дальше...

Газдын баасы бир аз жогорулады

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаратылыш газынын улуттук валюта менен эсептеген баасы бир аз жогорулады. «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматына караганда, февраль айына бир куб метр газ калктын керектөөсү үчүн 18,06 тыйын деп белгиленди. Январь айындагы тарифке салыштырганда кымбаттоо 0,21 сомду түздү. Калк үчүн тариф январда 17,84 сом болчу. «Газпром Кыргызстан» толугу менен Орусиянын «Газпром» компаниясына таандык ишкана. Ал Кыргызстандын ички рыногун жаратылыш газы менен камсыз кылат. Мындан тышкары Кыргызстанга... Читать дальше...

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Бирмада кармалгандарды бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши Бирма (Мьянма) жетекчилигине кайрылып, төңкөрүштөн кийин кармалган адамдардын баарын бошотууга жана өлкөдө жарандык башкарууну калыбына келтирүүгө чакырды. Кеңештин билдирүүсүндө 1-февралдагы аскердик төңкөрүшкө каршы чыгып жаткан адамдардын саны жүз миңдеп саналары, шайлоо аркылуу бийликке келген Аун Сан Су Чжиден тышкары активисттер, журналисттер, студенттер, монахтар, жалпысынан 350 адам кармалганы айтылды. Генералдар 1-февралда бийликти төңкөрүш жолу менен алып... Читать дальше...

Трамптын импичменти боюнча добуш берүү болот

Azattyk.org 

АКШ Сенатында бүгүн, 13-февралда мурдагы президент Дональд Трампка каршы импичмент боюнча сот отуруму уланып, чечим чыгышы пландалууда. Жума күнү Трамптын адвокаттары аны актаган жүйөлөрүн айтып чыгышты. Андан соң эки тарапка тең кайчы суроолор берилди. Трамп өзү бул сот отурумуна катышуудан баш тартып койгон. Доналд Трамп ушуну менен экинчи жолу импичмент жүрүмүнө кабылып жатат. 2020-жылы февралда АКШ Сенаты, Өкүлдөр үйүнөн айырмаланып, Трампты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы... Читать дальше...

Кремлдин сынчысынын табышмактуу ууланышы

Azattyk.org 

Орусиянын атайын кызматы оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзаны эки жолу ууландыруу артында турушу мүмкүн. Бул тууралуу Bellingcat тобунун жаңы иликтөөсүндө айтылат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *